# Кызыл-Туу айылдык кеңешинин 2020-жылдын 28-январындагы № 17-6 "Жер казынасынан пайдаланууну ижарага берүү жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Кызыл-Туу айылдык кеңешинин 2020-жылдын 28-январындагы № 17-6 "Жер казынасынан пайдаланууну ижарага берүү жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 17-6
- Дата принятия: 28.01.2020
- Статус: Действует
- Редакция от: 28.01.2020
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/433768>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-63226/edition/1053548/ru>

> Текст приведён по редакции от 28.01.2020 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Кызыл-Туу айылдык кеңешинин 2020-жылдын 28-январындагы № 17-6 "Жер казынасынан пайдаланууну ижарага берүү жөнүндө" токтому (ред. от 28.01.2020) - https://aqlex.ai/kg/doc/433768

---

КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Кызыл-Туу айылдык кеңешинин кезектеги он жетинчи сессиясы

2020-жылдын 28-январы № 17-6 Жер казынасынан пайдаланууну ижарага берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын “Жер казынасы жөнүндө” 2018-жылдын 19- майындагы №49 мыйзамынын 7-беренесине негизинде, Кызыл-Сеңир айылынын тургуну Шарипбек уулу Дилзаттын арызын канааттандыруу максатында, айыл чарба маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын баяндамасында сунушун угуп жана талкуулап, Кызыл-Туу айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Көк-Арт дарыясынын суу сактагычтагы чөң көпүрөнүн батыш тарабынан жалпы аянты 1,65 га сайдын ичинен кум шагал казып алууга ижарага 5 жылга макулдук берилсин.

2. Жер участогун каттоодон өткөрүү жагы Сузак райондук мамлекеттик жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармасынан суралсын.

3. Токтомду мыйзам чегинде аткаруу жагы Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн башчысы М.Калмаматовго милдеттендирилсин.

4. Бул токтомду www.kyzyl-tuu.my1.ru расмий сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Кызыл-Туу айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.

Төрага

А. Маканбаев
