Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Могол айылдык кеңешинин «Могол айыл аймагынын 2021-2024-жылдар аралыгындагы жергиликтүү экономикалык ѳнүгүү программасын бекитүү жөнүндө» токтому
МОГОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Могол айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXV– сессиясы
2020-жылдын 27-ноябры № 1 Могол айыл аймагынын 2021-2024-жылдар аралыгындагы жергиликтүү экономикалык ѳнүгүү программасын бекитүү жөнүндө Могол айыл аймагынын 2021-2024-жылдар аралыгындагы жергиликтүү экономикалык ѳнүгүү программасы менен таанышып жана талкуулап Могол айылдык Кенешинин VII-чакырылышынын кезектеги ХХV –сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Могол айыл аймагынын 2021-2024-жылдар аралыгындагы жергиликтүү экономикалык ѳнүгүү программасы бекитилсин.
2. Могол айыл аймагынын 2021-2024-жылдар аралыгындагы жергиликтүү экономикалык ѳнүгүү программасынын аткарылышын камсыз кылуу Могол айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Турдукуловко милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Могол айылдык Кенешинин экономика, план, бюджет, өнөр жай, курулуш, транспорт жана элге кызмат көрсөтүү боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага
Т. Омурзаков
Могол айылдык Кеңешинин 2020-жылдын 27-ноябрындагы кезектеги ХХV- сессиясынын №1-токтомуна тиркеме
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛАСТЫ БАЗАР-КОРГОН РАЙОНУ
МОГОЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН 2021-2024-ЖЫЛДАР АРАЛЫГЫНДАГЫ ЖЕРГИЛИКТҮҮ ЭКОНОМИКАЛЫК ӨНҮГҮҮ ПРОГРАММАСЫ
Ооган-Талаа айылы, 2020-жыл
Мазмуну
Жергиликтүү экономикалык өнүгүү программасын иштеп чыгууну уюштуруу
Кириш сөз
1. Муниципалитеттеги учурдагы абалды талдоо
Могол айыл аймагы жөнүндө жалпы маалымат
Могол айыл аймагындагы жергиликтүү экономикалык өнүгүү үчүн өсүү факторлору Жергиликтүү экономикалык өнүгүү Программасы багытталган максаттуу топтор жөнүндө маалымат
Жергиликтүү Экономикалык Өнүгүү Программасынын артыкчылыктуу өнүгүү багыттары: Токой ресурстарын жыйноону, кургатууну, кайра иштетүүнү, стандарттарга ылайык таңгактоону, сатууну уюштуруу максатында токой ресурстарын кайра иштетүү класстерин калыптандыруу Мал чарбачылыгында сандан сапатка, башкача айтканда эт багытындагы ири мүйүздүү малдарды багуу жана бордоп багуу, кайра иштетүүнү уюштуруу. Ооган –Талаа айылында, токой мөмө жемиштерин, дары чөптөрдү кургатуучу жана таңгактоочу жабдуулары менен кардарга керектүү көлөмдөгү продукцияны экспортттого шарттаган чакан кампа уюштуруу долбоору Чарбак айылында токой мөмө жемиштеринен Пастилла жасоочу чакан ишкананы ишке киргизүү үчүн жеке трансформатор жана электр линиясын орнотуу (200 вв) Могол айыл аймагында ветеринардык дарыкананы уюштуруп ишке киргизүү. Могол айыл аймагында жасалма уруктандыруу пунктунда жасалма жана табигый жол менен уруктандырууну жайылтуучу демонстрациялык борбор уюштуруу. Могол айыл аймагында мал союулуучу, этти тангактап муздаткычта сактоочу,сатыка чыгаруучу чакан эт комбинатын уюштуруу. Могол айыл аймагына караштуу жайыттарды натыйжалуу башкаруу жана алардын абалын жакшыртуу долбоору. Аярлуу катмардын өкүлдөрү, алардын ичинде аялдардын ишкердүүлүгүн колдоо боюнча атайын чакан долбоорлорду колдоо фондун уюштуруу.
Жергиликтүү экономикалык өнүгүү Программасын ике ашыруудагы бюджеттик саясат
Жергиликтүү бюджетти натыйжалуу башкаруу
Инвестициялык саясат Программаны ишке ашырууда мониторинг жана баалоо системасы
Жергиликтүү Экономикалык Өнүгүү Программасын иштеп чыгууну уюштуруу
Могол айыл аймагынын Жергиликтүү Экономикалык Өнүгүү Программасын иштеп чыгуу үчүн Мамлекеттик-жеке диалог платформасынын катышуучуларынын арасынан 15 адамдан турган жумушчу топ түзүлдү. Жумушчу топтун курамын жергиликтүү коомчулуктун түрдүү катмарларынын өкүлдөрү (аярлуу топтун), ишкерлер, айыл өкмөтүнүн кызматкерлери, айыл Кеңешинин депутаттары түздү. Бул ыктыярдуу жумушчу топтун курамы Могол айыл өкмөтү башчысынын атайын буйругу менен бекитилди. Жумушчу топтун максаты – калктын түрдүү катмарларынын кызыкчылыктарын жана муктаждыктарын эске алуу менен Могол айыл аймагына экономикалык жактан байгерчиликке жетишүүсүнө көмөк берүүчү Жергиликтүү Экономикалык Өнүгүү Программасын иштеп чыгуу болду. Жергиликтүү Экономикалык Өнүгүү Программасы учурда иштеп жаткан Могол айыл аймагынын 2020-2023-жылдарга карата кабыл алынган социалдык экономикалык өнүгүү Программасына экономикалык бөлүгүнө толуктоо катары иштелип чыкты. Кириш сөз. Могол айыл аймагынын Жергиликтүү Экономикалык Өнүгүү Программасы аймак коомчулугунун, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын, түрдүү тармакта ишкердүүлүк менен алектенген жеке сектордун, жалпы жашоочулардын жашоо денгээлинин сапатын жакшыртуу, бакубат жашоосуна шарттарды түзүү боюнча жакынкы 4 жыл аралыгындагы артыкчылыктуу максаттарын жана аны ишке ашыруу иш чараларын аныктап берет. Бул Программа “Кыргыз Республикасынын 2040-жылга чейинки Улуттук стратегиясынын артыкчылыктуу багыттарына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 31-мартындагы Токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын 2018-2022-жылдардагы аймактык өнүгүү Концепциясынын” жоболоруна негизделген. Программаны иштеп чыгуунун укуктук негизин Кыргыз Респуликасынын Конституциясы, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Мыйзамы, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодекси, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 4-июлундагы № 432-Токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн мамлекеттик божомолдорун иштеп чыгуунун тартиби, Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин 2018-жылдын 15-майындагы №45-Буйругу менен бекитилген Туруктуу өнүгүүнү стратегиялык пландоонун методологиясы жана өнүктүрүү программаларын иштеп чыгуу боюнча усулдук мүнөздөгү колдонмолор түздү. Программаны иштеп чыгуунун зарылчылыгы төмөнкү себептер менен шартталган: Аймакты өнүктүрүүнү пландаштырууда биринчи кезекте Жергиликтүү Экономиканы Өнүктүрүү чөйрөсүндөгү “утурумдук көйгөйлөрдү чечүү” маселелеринен “өсүү чекитин” же “өнүгүү чекиттерин” түптөө маселелерине өтүүнү көздө туткан долбоорлук-максаттык ыкмага өтүү зарыл; Айыл аймагынын Жергиликтүү Өнүгүү Программасы көбүнчө мамлекеттик-жеке баарлашуунун принциптеринде каржылоо үчүн потенциалдуу инвесторлорго сунушталуучу анык бизнес-долбоорлорду өз ичине камтыйт. Пландаштыруунун сунушталып жаткан бул тутумунда ЖӨӨБ органдары СЭӨП түн негизги аткаруучусу эмес, биринчи кезекте өнүгүү процессинин координатору жана буюртмачысы болуп калат. ЖӨӨБ органдарынын милдети болуп жергиликтүү өнүгүүнүн өзгөчө келечектүү чөйрөлөрүн колдо бар болгон жаратылыштык, сырьёлук, адамдык ж.б. факторлорду эсепке алуу менен божомолдоо саналат; Өнүгүү программасынын структурасы бизнести пландаштыруу принцибине негизделип төмөндөгү бөлүктөрдөн турат: Аймактын экономикалык өнүгүүсүнө түрткү берген факторлорду аныктоо; Аймактын өнүгүүсүн камсыз кылуучу конкреттүү максаттуу топторду аныктоо; Программаны ишке ашыруу мезгилинде колдоого муктаж болгон максаттуу топту аныктоо; Өнүгүүгө түрткү берген факторлорго жана аймак коомчулугунун муктаждыктарына жана керектөөлөрүнө таянып, аймактын өнүгүү артыкчылыктарын аныктоо Аныкталган жергиликтүү экономикалык өнүгүүнүн артыкчылыктуу багыттарында реалдуу ишке ашырууга мүмкүн болгон долбоордук идеяларын иштеп чыгуу Өнүгүү Программасынын мониторингин жана баалоо системасын калыптандыруу.
Айыл аймагындагы учурдагы абал
Могол айыл аймагынын географиялык, жаратылыштык-климаттык факторлору. Айыл аймагы жөнүндө жалпы маалымат: Могол айыл аймагы Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад областынын Базар-Коргон районуна карайт. Айыл аймагы 6 калктуу пункттардан турат: Ооган- Талаа, Коктонду, Чарбак, Кызыл-Суу, Кара-Ой жана Чкалов. Булардын бардыгы расмий макамга ээ жана статистикалык эсепте каттоодон өтүшкөн. Борбору Ооган-Талаа айылы, андан райондун борбору Базар-Коргонго чейин 25 км, областын борбору Жалал-Абадка чейин 55 км. Аймактын жалпы аянты – 20 460 миң кв.м. Деңиз деңгээлинен 1000 метр бийиктикте жайгашкан.
1.2. Ресурстук факторлор (жаратылыш ресурстар, каржылык ресурстар, адам ресурстары, эмгек ресурстары, маданий-тарыхый мүмкүнчүлүктөрү)
1.2.1. Жаратылыш ресурстары
Айыл аймагы тоо арасында жайгашкандыгынан, климаты кескин континенталдуу кыш оор келип, 4-5 айга созулат. Кыш мезгилдеринде эң төмөнкү температура түнү -25 градуска, күндүзү -10-15 градуска чейин төмөндөйт. Жазы жаандуу келет, өткүн көп болуп, кээде үшүк жүрөт. Жайында эң жогорку температура +30 градуска чейин көтөрүлөт. Күзгү жылуу мезгил октябрь айынын ортолоруна чейин кармалат. Айыл аймагынын дээрлик бардык айылдарын бойлой Кара-Үңкүр дарыясы агып турат.Айылдардын көпчүлүк бөлүгүн Ачы токой чарбасынын токойлору каптап турат. Бул токойлордо негизинен жангак, жапайы алма, алча, карагат, бөрү карагат, ит мурун, шилби долоно сыяктуу мөмө жемиш дарактары өсөт.Кошуна айыл аймактарынан айырмаланып, бул аймакта жайгашкан токойлордо алма жана алча көбүрөөк кездешет. Жаратылыш ресурстарынан өнүгүү фактору катары токойдогу жер жемиштердин жыл сайын мөмө берүүсүн айтууга болот. Анткени бул токойлордо эрте жаздан баштап,козу карын чыгып баштаса, ал улам сезондо башка мөмө жемиштер менен алмашып дээрлик кеч күзго чейин жыйноого боло турган кошумча киреше булагы катары маанилүү.Өзгөчө жапайы алма түшүмү жыл сайын мол болуп келет, бул жапайы алмадан сок чыгарган “Алай-Кут ”деген кичи ишкана Советтик жылдардан бери өз жумушун жүргүзүп келет. Сезон мезгилинде жашоочулар токой ресурстарынан алынган түшүмдү ушул заводко сатышат. Ошону менен бирге бул завод 30 га жакын жергиликтүү жашоочуларды сезон учурунда жумуш менен камсыз кылат.
Жаңгак болгон жылдары жергиликтүү жашоочулар 500 кг дан 3000 кг чеийн жангак жыйнап алганга мүмкүнчүлүк алышат.Анткени жашоочулардын дээрлик көпчүлүгү токой чарбасынан жаңгак токойлорун убактылуу пайдаланууга алып иштетишет. Андай үй-бүлөлөрдө 1 гектардан 5 гектарга чейин аянттагы жаңгак токойлору бар. Экинчи бул багыттагы өнүгүү фактору ушул эле токойлордо жана айыл арасындагы дары чөптордүн кездешиши, ошондой эле бул дары чөптөрду кургатуу технологиясын жакшы өздөштүргөн жашоочулардын болуусу. Ит мурун, бөрү карагат,долоно жапайы мөмө жемиштерди кургатып сатуу боюнча токой пайдалануучулар ассоциациясы бир нече долбоорлорду ишке ашырып келишет, өзгөчө токой продукцияларын нукура таза продукция катары экспорттоого ушул уюмдун сертификаты болгондугу да негизги өнүгүү фактору деп атоого болот. Могол айыл аймагынын географиялык жайгашуу өзгөчөлүгү менен байланышкан – аймактын территориясынын 90%ы тоо кыркалары менен курчалган. Бул жаратылыш шарты айыл аймагынын жашоочуларынын негизги ишмердүүлүгү мал чарбачылыгы болуусун шарттайт. Бүгүнкү күндө айыл аймакта 6363 баш ири мүйүздүү мал, 8675 баш майда жандык жана 1166 баш жылкы бар. Албетте мал багууга болгон жаратылыш шарттары бул багыттагы өнүгүү фактору деп айтууга болот, бирок малдын туягынын кескин өсүп кетүүсү жайыттардын деградациясына, тоют жемдин тартыштыгна алып келип жатканын акыркы жылдары жергиликтүү фермерлер байкап, ага маани беришип сандан сапатка өтүү демилгелери пайда боло баштады. Бүгүнкү күндө айыл аймагынын территориясында калкка ветеринардык кызмат көрсөтүүчү 4 ветеринардык сервис жана жасалма уруктандырууну жүргүзгөн 1 пункт иштейт.Мын ушул жагдайды мал чарбасын өнүктүрүүдөгү өнүгүү фактору катары кароого болот. Айыл чарба багытындагы айдоо жерлер 1174 га түзөт, анын ичинен сугат жерлери 340 га (29 %), кайракы жерлери 834 га (71 %), чөп орок жерлери 1298 га жана бактуу жерлери 77 га. Мамлекеттин запастагы жерди кайра бөлүштүрүү фондунда 450 га жер бар, алардын ичинен 401 гектары сугат жерлер, 47 гектары кайракы, 2 гектары бак, чөп орок жерлер жок. Жайыт жерлери 3689 га түзүп, жакынкы жайыттар 2008 га ны, алыскы жайыттар 1681 га ны ээлейт. Бул факт калктын жерди тоют даярдоо максатында гана иштетүүсүнүн себеби болуп саналат. 1.2.2. Каржылык ресурстар Айыл аймагынын бюджетинин чыгаша бөлүгү төмөнкүлөрдөн турат: 2020-жылда бюджеттин негизги бөлүгү (дээрлик 55%ы) мамлекеттик (муниципалдык) кызматтын ишмердүүлүгүнө 9408,5 миң сом өлчөмүндө сарпталган. Мындан сырткары бюджеттик акчалар 666,1 миң сом өлчөмүндө эс алуу, маданият жана дин беренеси боюнча сарпталган болсо, билим берүүгө 4122,7 миң сом, коммуналдык кызмат көрсөтүүлөргө 2217,7 сом бөлүнгөн. Калган 608,2 миң сом акча түрдүү башка ишмердүүлүккө сарпталган. Могол айыл өкмөтүнүн бюджетинин жалпы чыгаша бөлүгү 17023,2 миң сомду түздү. Бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүмдөрүнүн салыштырмалуу бөлүштүрүлүүсү төмөнкү диаграммада келтирилген.
Өнүгүү фактору катары бул айыл өкмөттө областтык өнүктүрүү фондунана каражат алып иштетүү боюнча тажрыйба бар.
1.2.3. Адам ресурстары
2020-жылдын 1-январына карата Могол айыл аймагы боюнча калктын саны 16128 адам, анын ичинен 8277 эркек, 7851 аял (3423 кожолук). Мунун ичинен 16 жашка чейинки жалпы балдардын саны 5603 (34,74%), эмгекке жарамдуу курактагылары (аялдар 16 жаштан 60 жашка чейин, эркектер 16 жаштан 62 жашка чейин) 9337 (57,89%), ал эми пенсия курагындагылары 1188 (7,36%) адамды түзүшөт. Жынысы боюнча алганда 16 жашка чейинкилердин 2751 и кыздар (49,09%), 2852 си эркек балдар (50,91%), эмгекке жарамдуу курактагылардын арасынан аял кишилер 4315 адамды (46,21%), эркектер 5022 адамды (53,79%), пенсия жашындагылардан аялдар 785 адамды (66,08%), эркектер 403 адамды (33,92%) түзүшөт.
Этникалык курамы боюнча алганда, айыл аймактын калкынын курамын кыргыз улутундагы жарандар (55,2%) жана өзбек улутундагы жарандар (44,7%) түзүшөт.
1.2.4. Эмгек ресурстары
Могол айыл аймагында ишмердик жүргүзүшкөн ишкердик объекттери төмөнкүлөр: кайра иштетүү чөйрөсүндө 1 завод (4 туруктуу жумуш орду, сезондо 30 дан ашуун жумуш орду бар), 2 жумуш орду бар 1 пилорама, 3 жумуш орундуу 2 кургатуучу цех, 4 жумуш орундуу 2 тигүү цехи жана 9 жумуш ордуна ээ болго 3 кум тосмо даярдоо цехи иштейт. Тейлөө чөйрөсүндө болсо 1 АЗС (2 жумушчу иштейт), 2 вулканизация (4 жумушчусу бар), 4 касапкана жана 44 дүкөн-магазиндер (88 жумушчу орун), 3 ашкана (6 жумушчу) кызмат көрсөтүшөт.
Токой ресурстарын натыйжалуу пайдалануу боюнча бир нече долбоорлор ишке ашырылган. Бул долбоорлордун арасында токой жер жемиштерин туура жыйноо жана кургатуу боюнча көптөгөн окуу семинарлары уюштурулуп, 40 тан ашуун жашоочулар бул окуулардан өтүшкөн. Айылдарда аял ишкерлер да бар. Алардын арасында өзгөчө пастила даярдаган технологияны өздөштүргөн аялдардын тобу да бар. Ал Чарбак айылында жайгашкан кичи ишкана эл аралык тамак аш коопсуздугу талаптарына ылайык келген шарты бар пастилла чыгаруучу жабдууну грант катары утуп алган. Бул жабдуу Кыргызстанда эки кана жайда бар, анын бири ушул Могол айыл аймагындагы Чапрбак айылынлдагы аялдар тобуна таандык. Бул жагдайды өнүгүү фактору катары кароого болот. Ооган-Талаа, Чарбак айылдарында дары чөптөрдү жыйноо жана кургатуу технологиясын жакшы өздөштүргөн топтор бар. Жаңгактын майын муздак технология менен өндүрүу боюбнча да жакшы тажрыйба бар. Ири мүйүздүү малды асыл тумудаштыруу боюнча да тажрыйбасы бар фермерлер бар.
1.3. Инфратүзүмдүк фактор
Бүгүнкү күндө айыл аймагындагы 3423 кожолуктун 2550 кожолугу же 74,5%ы ичүүчү суу менен камсыз болгон. Бул иштер негизинен айыл аймагынын калкынын өзүнүн каржылык каражаттарынын эсебинен жүргүзүлгөн. Таза суу инфратүзүмү көбүнчө долбоорлордун эсебинен курулган. Бүгүнкү күндө АРИС программасынын алкагында Чарбак жана Кызыл-Суу айылдарында да суу түтүктөрү тартылууда. 2021-жылы кожолуктардын бардыгы таза суу менен камсыз болуусу пландаштырылган. Жергиликтүү кеңеш тарабынан бекитилген тариф боюнча ар бир кожолук короонун ичиндеги колонка үчүн 120 сомдон, көчөдөгү колонка үчүн 60 сомдон акы төлөшөт. Айыл аймакта катуу тирчилик чыгындыларын ташып чыгаруу маселеси жарым-жартылай чечилген. Чыгындылар айына 1 же 2 жолу ташылып чыгылат. Айыл өкмөтү чыгынды төгүлүүчү чуңкурга 0,32 га жер ажыраткан, бул чуңкур бардык-санитардык-эпидемиологиялык талартарга жооп берет – чуңкур терең казалып, айланасы тосмолонгон. Жергиликтүү кеңеш тарабынан чыгынды ташып чыгаруу боюнча коммерциялык объекттер үчүн 50 сом, кожолуктар үчүн 25 сом өлчөмүндөгү тариф бекиткен. Бүгүнкү күндө айыл аймактын негизги көчөлөрүнүн 85%ы жарыктандырылган. Бул иштин бир бөлүгү жергиликтүү бюджеттин эсебинен, калган бөлүгү жашоочулардын эсебинен ишке ашырылган. Көчө жарыктарына кеткен электр энергиясы жергиликтүү бюджеттин эсебинен төлөнөт.
1.4. Экономикалык фактор.
Айыл аймагы боюнча чыгарылган жалпы дүң продукциянын көлөмү 2020-жылда 382238,1 миң сомду түзүп, андагы айыл чарбасынын салымы 283923,6 миң сомго жетти, салыштырмалуу салмагы 74,3% ды түздү. Андан кийинки чоң салыштырмалуу салмак товар айландырууга таандык болуп, 57290,0 миң сомду же 14,99% ды түзгөн. Мындан сырткары акы төлөнүүчү кызматтар 9066,0 миң сомду же 2,37%ды, капиталдык салымдар 31354,8 миң сомду же 8,2% ды түзгөн.
Айыл аймагындагы экономикалык өнүгүү факторлору катары бир ишкана жана эки ишкерлер тобунунун ишмердүүлүгүн көрсөтүүгө болот: ОсОО “Алай-Кут” суусундук ширесин чыгаруучу жана кургатылган мөмө жемиштерди даярдоочу ишкана Чарбак айылындагы аялдардын токой жер жемиштерин кайра иштетип сатуу боюнча, өзгөчө пастилла жасоо технологиясы боюнча иштеген ишканасы (Давлят эже) Дары чөптөрдү жыйноочу жана жаңгактан муздак технология менен май чыгаруучу технологияны өздөштүргөн топ (Нурадил)
1.5. Саясий факторлор.
Айыл өкмөтүнүн кызматкерлеринин жалпы саны 25 адам, алардын ичинен 4 аял жана 1 жаштардын өкүлү. Жергиликтүү кеңештин депутаттарынын жалпы саны – 21 депутат, анын ичинен бирөөсү гана аял. Буларда 4 комитет иш жүргүзүшөт: бюджеттик жана экономикалык маселелер боюнча комиссия, социалдык маселелер боюнча комиссия, агрардык маселелер боюнча комиссия жана мыйзамдуулук жана коомдук тартип боюнча комиссия.
2. Максаттуу топтордун анализи.
2.1. Жергиликтүү өнүгүү программасы кимдерге багытталган?
Могол айыл аймагынын Жергиликтүү Экономикалык Өнүгүү Программасы жүзөгө ашырылыган учурда айыл аймагынын жашоочуларынын социалдык экономикалык абалынын жакшырышына өбөлгө түзүлөт. Ишкерлерге түзүлгөн жергиликтүү шарттар жашоочулардын үй-бүлөлүк кирешеси жогорулап, жаны жумуш орундары түзүлүүгө мүмкүнчүлүк берет. Экономикалык өнүгүү шарттарында конкреттүү адамдар өз ишмердүүлүгүн ишке ашырат. Албетте бул кызмат көрсөтүүлөрдү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өздөрү түздөн-түз көрсөтүшпөйт, бирок бул кызматтар сапаттуу көрсөтүлүүсү үчүн шарттарды түзүп беришет. Айыл аймагында түзүлгөн Мамлекеттик муниципалдык жеке диалог платформасынын катышуучулары өздөрүнүн демилгелерин иштелип чыккан ЖЭӨП да эркин демилгелеп, аны ишке ашырууда катышууга толук мүмкүнчүлүгү бар тараптардын катышуусун аныктоого аракет жасады. Бул иштелип чыккан муниципалитеттин экономикалык өнүгүү Программасы өзгөчө активдүү, мүмкүнчүлүктөрүн көрө жана пайдаланууга дилгир болгон жалпы калктын арасынан бөлүнүп чыккан лидерлер тобуна демилгелерин ишке ашырууга шарттарды түзүү маселесин ишке ашырат. Ошондой эле турмуштук өтө маанилүү зарыл болгон кызматтар үчүн колдоого муктаж болгон аярлуу топтун өкүлдөрүнө да жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан ар түрдүү формада колдоо көрсөтүлөөрү каралган.
2.1.1. Демографиялык мүнөздөмө (Максаттуу топторго кимдер кирет?)
А.Могол айыл аймагын экономикалык жактан өнүктүрүү боюнча төмөнкүдөй максаттуу топтор аныкталган:
Азыркы учурда бизнеси туруктуу өнүгүп жаткан ишкерлер, ишкана мекемелер. Алар кандай ишкерлик менен алектенбесин, эң негизгиси өздөрүнүн жумушун сапаттуу аткарып, туруктуу ишмердүүлүлүгүн, кирешесин камсыз кылууга дарамети жеткен лидерлер аркылуу башкарылат.Алар кимдер: ОсОО “Алай-Кут” Чарбак аялдар тобу жеке ишкана. Ооган-Талаа айылындагы дары чөптөрду кургатуу боюнча жашоочулардын ишкердик тобу Чарбак айылындагы малды бордоп семиртүү менен алектенген ишкерлер Чкалов айылындагы мал чарбасын асылдандыруу менен алектенген жеке ишкерлер. Эт багытындагы асыл тукум мал багууну көздөгөн фермерлердин тобу
Айыл аймагындагы жапайы мөмө жемиштерди жыйнап кургатып сатуу багытында иштеген ишкерлер.Бул ишкерлердин өзгөчөлүгү,булардын ишмердүүлүгү жаратылыш климаттык шарттардан өтө көз каранды болгондуктан, туруктуулугун камсыздоо кыйын. Бул топтун мүнөздөмөсү:
1. Жаңгак менен иштеген ишкерлер: маңыз даярдоочу, жаңгакты чогултуп алып барып саткан ишкерлер
2. Жапайы алма, шиповник, бөрү карагат козу карын жыйнап чогулткан ишкерлер: унаа менен жыйнап кайра иштетүүчү цехтерге жеткирип иштеген ишкерлер
3. Жапайы мөмө жемиштерди кургатуучу чакан жабдуусу бар ишкерлер
Үчүнчү максаттуу топтун өкүлдөрү –булар айыл аймаагындагы ар түрдүү тармакта калкка кызмат көрсөтүү жаатында иштеген жеке ишкерлер. Булардын арасында ишкерликти жаңыдан баштап, өз идеяларын өнүктүрүүгө тажрыйбасы жетишпегени менен каалоосу күчтүү болгон бизнести жаңы баштоочулар, материалдык финансылык мүмкүнчүлүктөрү өтө кенен болбогон ишкерелер да бар.
3. Калктын аярлуу топтору.
Социалдык колдоого муктаж болгондор – 185 адам Ден соолугу жагынан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар -270 Социалдык пенсия алуучулар -112 Аз камсыз болгон үй-бүлөнүн балдарына берилүүчү жөлөк пул алуучулар -568 Жалгыз бой энелер-51
3. Жергиликтүү экономикалык өнүгүүнүн артыкчылыктуу багыттары:
3.1. Могол айыл аймагындагы Жергиликтүү Экономикалык Өнүгүү Программасынын артыкчылыктуу багыты болуп токой ресурстарын жыйноону, кургатууну, кайра иштетүүнү, стандарттарга ылайык таңгактоону, сатууну уюштуруу максатында токой ресурстарын кайра иштетүү класстерин калыптандыруу болуп аныкталды.
3.2. Могол айыл аймагындагы негизги киреше булагы болуп мал чарбасы болгондуктан Жергиликтүү Экономикалык Өнүгүү Программасындагы дагы бир артыкчылыктуу өнүгүү багыты бул сандан сапатка, башкача айтканда эт багытындагы ири мүйүздүү малдарды багуу жана бордоп багуу, кайра иштетүүнү уюштуруу болуп аныкталды.
1.1.1. Ооган –Талаа айылында, кургатуучу жана таңгактоочу жабдуулары менен экологиялык продукцияларынын сапатын бузбай сактоочу жана кардарга керектүү көлөмдү камсыз кылып экспортко чыгарууга даярдоочу чакан кампа уюштуруу.
Максаты: Могол айыл аймагында токой мөмө жемиштерди кайра иштетип экспортко чыгаруу, кардарларга керектүү көлөмдү, продукциянын сапатын жоготпой сакталуусун камсыз кылууга шарт түзүү. Долбоор алкагында ЖӨБ органдары мамлекеттик токой чарбасынын менчигиндеги жер аянтынан чакан кампа куруу үчүн жер жана имарат ажыратып берүүсүнө жетишүү үчүн мамлекеттик муниципалдык жеке дилаог аянтчасында кызыкдар тараптардын катышуусу менен талкуу уюштурат. Ар бир тараптын кызыкчылыктарын, мүмкүнчүлүктөрүн эске алуу менен талкуу натыйжасында чакан продукцияны топтоп, сапатын бузбай сактап экспорттоо кампасына керектүү болгон жер жана имарат аныкталып макулдашылат.ЖӨБ органдары бул аныкталган жайга зарыл болгон оңдоп түзөө иштерин керектүү болгон ифраструктуралык шарттарын каражат издеп таап жасап берүүгө жетишет. Ал жерге, мөмө жемиштерди кургатуучу, ваакумдук таңгактоочужабдуулар орнотулат. Бул маселени чечүү үчүн айыл өкмөтү донордук уюмдарга же областтык өнүктүрүү фондуна каражат алуу үчүн конкурстарга катышат. Инвестициялык долбоорлорду даярдап мүмкүнчүлүгүнө жараша конкурстук сунуштамалрды иштеп чыгып, кайрылат. Бул маселе чечилген учурда ЖӨБ органдары жергиликтүү ишкерлердин арасында ушул даярдалган жерге өзүнүн жабдуусу менен келип ишкананы иштетүүгө конкурс уюштурат. Кам бойдон кабыл алынган мөмө жемиштер ошол кампада кургатылат. Ал эми кургатылып алынып келинген мөмө жемиштер башка баада сатылып алынат. Бардык продукциялар ошол ишканада таңгакталып зарыл болгон шарттарда сакталат. Келген кардарларга каалаган көлөмдөгү продукцияны сатууга сунушталат. Күтүлүүчү натыйжалар: Айыл аймактын ар бир айылында жыйналган токой мөмө жемиштерин жергиликтүү жашоочулардан көбүрөөк сатып алууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Жергиликтүү жашоочулардын үй-бүлөлүк кирешелери жылына 5-7% га жогорулайт. Туруктуу 2 кошумча, сезонго 8-10 жаңы жумуш орундары түзүлөт. Кардарга керектүү болгон көлөмдөгү продукция менен камсыздоого мүмкүнчүлүк түзүлөт Кургатылган, таңгакталган продкуцияларды натуралдык продукция катары экспортттоого шарт түзүлөт.
1.1.2. Чарбак айылында токой мөмө жемиштеринен Пастилла жасоочу аялдардын өз ара жардамдашуу тобу уюштурган чакан ишкананы ишке киргизүү үчүн жеке трансформатор жана электр линиясын орнотуу (200 вв)
Максаты: Жапайы мөмө жемиштерден пастилла жасап чыгаруучу чакан ишкана электр чыналуусу жетишпегендигине байланыштуу иштебегендиктен, өз алдынча электр трансформаторун жана электр линиясын орнотуу аркылуу ишке киргизүүго шарт түзүү. Долбоор алкагында токой мөмө жемиштерин кургатып, сорттоп таңгактап , жаңгакты чагып иштеген аялдар тобунун гранттык колдоо менен алган Пастилла чыгаруучу жабдуусу иштебей тургандыктан, аны иштетүү үчүн керектүү болгон уруксат кагаздарын алуу жана өз алдынча трансформатор жана электр линиясы орнотулат. Бул жумуштар пастилла чыгаруучу жабдунун иштешин камсыз кылат.
Күтүлүүчү натыйжалар: Өз алдынча трансформатор жана электр линиясы орнотулат (кубаттуулугу 200) Пастилла чыгарган жабдуу иштеп баштайт Пастилла өндүрүлүп, сатууга чыга баштайт Кошумча 4 жаңы жумуш орду түзүлөт. Жергиликтүү жашоочулар жапайы мөмө жемиштерди көбүрөок жыйнап тапшырып башташат, алардын үй-бүлөлүк кирешелери жылына 3-5% жогорулайт.
2.1.1. Могол айыл аймагында жасалма уруктандыруу пунктунда жасалма жана табигый жол менен уруктандырууну жайылтуучу демонстрациялык борбор уюштуруу.
Максаты: Айыл аймагында мал чарбасын өнүктүрүү үчүн, майда жана ири мүйүздүү малды эт багытна асылдандыруу боюнча демонстарциялык борбор уюштуруп,ал жерде демонстрациялык окутуу, маалымат берүү иш чараларды уюштуруу аркылуу, жергиликтүү фермерлердин арасында асылдандырууга кызыгууну жаратуу. Жергиликтүү фермерлердин арасында сандан сапатка принцибин ишке ашыруучулардын санын көбөйтүү, мал чарбасындагы натыйжалуулукту, чыгымдарды оптималдаштырууну ишке ашырууга шарт түзүү аркылуу жашоочулардын үй-бүлөлүк кирешелерин жогорулатууга көмөк көрсөтүү. Долбоор алкагында. ЖӨБ органдары ажыратылган муниципалдык жерге мал кармоочу, зарыл болгон шарттары менен курулма курат. Бул курулманын ичине мал кармоого керектүү болгон бардык шарттар камсыздалат.Ветеринардык сервистен 2 ветеринарды жасалма уруктандыруу технологиясы боюнча окутуудан өткөрөт. Адистерди жана керектүү шарттарды түзгөндөн соң айыл өкмөтү жергиликтүү фермерлердин арасында конкурс уюштурат. Конкурстук шарттардын эн негизгиси ишкер тарабынан табигый жол менен уруктандыруу үчүн 2 бука,жасалма уруктандыруу үчүн 4 кунаажынды сатып алуу үчүн финансылык салым кошуусу болуп эсептелет. Сатылып алынган кара мал демонстрациялык борбордо талап кылыган шарттарды сактоо менен багылат, окутуу, маалымдоо иш чараларында демонстрациялоодо пайдаланылат. Окуулар, маалымат иш чаралары демонстрациялык формаларда өткөрүлөт. Борбор уюушулгандан эки жылдын ичинде эксперменталдык асылдандырган малдарды рекламалоо максатында регионалдык деңгээлде жарманке уюуштурулат. Бул жарманкеде эксепрменталдык продукция катары эт багытындагы торпоктор сатууга чыгарылат. Жарманке массалык маалымат каражаттарынын катышуусу менен коштолот. Иш чарага жергиликтүү фермерлер жана түрдүү кеңешчи эксперттер катышышат. Күтүлүүчү натыйжалар: Жергилкитүү жашшчулар асыл тукумдаштыруу технологиясынын өзгөчө лүктөрүн,алынган төлдүн салмагын, сырткы көрүнүшүн, баасын көзү менен көрүп, кызыгуусу артат Жарманке аркылуу асыл тукум торппокторду сатып алууга мүмкүнчүлүк алышат. Жылына 50-55 жергиликтүү фермерлерден демонстрациялык окуулардан өтүшөт Мал чарбасында асыл тукумдаштыруу жолун тандаган фермерлердин саны жылына 2-3% жогорулай баштайт. Эт багытындагы асыл тукум малдын саны да жылына2-3 % жогорулай баштайт. Жергиликтүү фермерлердин чыгымдары 5% чейин кыскарып,үй бүлөлүк кирешелери да 5-7 % чейин жогорулайт. Мал чарбасында натыйжалуулук арта баштайт,негизгиси аны жергиликтүү фермерлер эсепке алып башташат.
1.1.4. Могол айыл аймагында ветеринардык дарыкана уюштуруу.
Максаты: Могол айыл аймагындагы жергиликтүү фермерлерге ветеринардык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жакшыртуу, алардын ветеринардык дары дармектерге болгон жеткиликтүүлүгүн камсыз кылууга көмөк көрсөтүү. Долбоор алкагында айыл өкмөтү мамлекеттик жеке диалог аянтчасынлагы жолугушууну уюштуруп ветеринардык аптеканы ишке киргизүү, жергиликтүү фермерлердин сапаттуу дары дармектерге болгон жеткиликтүүлүгүн камсыздоо боюнча кызыкдар тарптардын ортосунда талкуу уюштурат. Талкуунун натыйжасында ветеринардык апктеаны ишке киргизүү мүмкүнчүлүктөрү аныкталып, тиешелүү тараптардын ветеринардык аптеканы ишке киргизуу боюнча макулдашуулары ишке ашырылат. Натыйжада ветеринардык дарыканага керектүү болгон дары дармектер сатылып алынып келинип,дарыкана толук кандуу иштей баштайт. Күтүлүүчү натыйжалар: Жергиликтүү ветеринардык сервистердин бирине ветеринардык дарыкана ачылат Керектүү болгон дары дармектер менен камсыздалат Жергиликтүү фермерлер керектүү болгон ветерианардык дары дармектерге жеткиликтүүлукө ээ болушат.
3.2.3. Могол айыл аймагында мал союулуучу, этти тангактап муздаткычта сактоочу,сатыка чыгаруучу чакан этти кайра иштетүүчү цехти уюштуруу.
Максаты: Малды тамак аш коопсуздугу талаптарына ылайык келген мал союучу,этти муздатып сактоочу,таңгактоочу чакан эт комбинатын уюштуруу менен мал чарба продукцияларынын кошучиа нарк тизмегин өнүктүрүүгө шарт түзүү. Мал чарба продукцияларын өндүрүү менен алектенген фермерлердин үй-бүлөлүк кирешелеринин жогорулашына көмок көрсөтүү. Долбоор алкагында ЖӨБ органдары кызыкдар тараптар менен мамлекеттк муниципалдык жеке диалог аянтчасында өнөктөштүк маселесинде инвестициялык долбоорду ишке ашыруу демилгесин көтөрүп чыгат.Кызыкдар тараптардын мүмкүнчүлүктөрүнө жараша,,имарат, суу электр энергиясы сыяктуу маселелерди чечүү боюнча талкуу уюштурулуп, натыйжада мамлекеттик токой чарбасынан жер маселеси, айыл өкмөтү донордук уюмдар,областтык өнүктүрүү фонду сыяктуу уюмдарга колдоо көр жерсөтүү боюнча сунуштамаларды даярдап, конкурстарга катышуу үчүн билдирмелерди тапшырышат. ЖӨБ органдары регионалдык деңгээлде ишкерлер арасында конкурс уюштурулат. Уюштурулган конкурстун жыйынтыгы менен тандалып алынган ишкер менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы инвестициялык долбоор иштеп чыгышат. Инвестициялык долбоордун негизинде муздаткыч системасы менен мал союлуучу, этти сапатын бузбай сактап, сатууга чыгаруучу этти ысырапсыз технологиялар менен кайра иштетүүчү цех мамлекеттик жеке өнөктөштүктө курулат. Конкурстун шарттарына ылайык, бул этти кайра иштетүүчү цех ишке түшкөн учурда жергиликтүү фермерлер малдарын алып келип өткөрүшөт. Сатылып алынган эт продукциясы таңгакталып муздаткычта сакталат. Кардарларга ушул жерден сатылат. Бул этти кайра иштетүүчү цех ысырапсыздык (безотходная )технологиясы менен курулат. Союлган малдын канынан айыл чарба өсүмдүктөрүнө керектүү болгон жер семирткич даярдалат, ал эми сөөктөрдөн сөөк уну даярдалат. Бул продукцияларды кошо өндүрүү этти кайра иштетүүчү цехте ысырапсыздык технологиясынын негизинде ишке ашырылат. Күтүлүүчү натыйжалар: Ысырапсыздык технологиясы менен мал союп этти таңгактоочу, сатыкаа чыгаруучу, муздаткыч системасы менен чакан этти кайра иштетүүчү цех курулат. 4-5 жаңы жумуш орун түзүлөт Күнүнө 3-4 тоннага чейин эт даярдалат,сатыка сунушталат. Жергиликтүү фермерлерге мал чарба продукциясын сатып өткөрүүго шарттар жаралат Эт продукциясын экспортттого шарт түзүлөт. Жергиликтүү фермерлердин үй-бүлөлүк кирешелери 5-7% га жогорулайт.
3.2.2.Могол айыл аймагындагы жайыттарды натыйжалуу пайдалануу жана алардын абалын жакшыртуу долбоору
Максаты: Мал чарба продукцияларын өндүрүүчүлөрдүн үй-бүлөлүк кирешелерин жогорулатууга, мал жайыттарынын абалын жакшыртуу натыйжалуу пайдаланууга жетишүү аркылуу шарт түзүү. Долбоор алкагында айыл өкмөтүнүн алдында жайыттарды натыйжалуу пайдалануу боюнча курамында ветеринар адистер, жергиликтүү кенештин депутатары,айыл өкмөтүнүн жер адаиси жана коомчулуктун ар түрдүү катмарларынын өкүлдөрүнүн катышуусу менен комиссия түзүлөт. Комиссия жайыттарды натыйжалуу пайдалануу боюнча атайын иш чара иштеп чыгып, айыл өкмөтү иш чараларды бекитет. Бул иш чараларды ишке ашырууга каражаттарды жайыт комитетинин эсебинен бөлүүгө процедуралык шарттарды ишке ашырат. Эң негизги иш чаралардын бири башка айыл аймактарынан алынып келип багылган мал жандыктардын жайыт билетинин тарифин кайра карап чыгышат, ал албетте жергиликтүү фермердин тарифинен кымбатыраак болуш керек. Талап кылынган процедураларга ылайык кабыл алынган чечимдер жергиликтүү УЧА менен бекитилет Андан сырткары системалуу турдө жайыттарды пайдалануу боюнча мониторинг жана баалоо жүргүзүү боюнча пландар түзүлүп, бекитилип, ишке ашырылат.Бул пландар коомдук талкууларга коюлуп, мониторингдин жыйынтыктары жергиликтүү тургундурга таратылат. Атайын жайыттарды пайдалануу боюнча талаптар аныкталып бекитилет, талаптар аткарылбаган учурда аны административдик комиссиянын кароосуна берилет, алардын чечимине жараша иш аракеттерди жайыт комитети ишке ашырат. . Күтүлүүчү натыйжалар: Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органлдарынын алдында жайыттарды натыйжалуу пайдалануу боюнча атайын комиссия түзүлүп иштейт. Жайыттардын абалы жакшыра баштайт. Башка айыл аймактан алынып келинген мал жандыктарынын тарифи аныкталган жергиликтүү УЧА кабыл алынат. Башка айыл аймактан алынып келип багылган малдын саны кыскарат Жайыт комитетитнин бюджетинде кошумча каражаттар пайда болот Жайыттардын натыйжалуулугу артат.
3.3.1. Аярлуу катмардын өкүлдөрү, алардын ичинде аялдардын ишкердүүлүгүн колдоо боюнча атайын чакан долбоорлорду колдоо фондун уюштуруу.
Максаты: Могол айыл аймагындагы аярлуу катмардын өкүлдөрү үчүн, кошумча киреше табуу жолдорун аныктоо, натыйжалуу идеяларды ишке ашырууга колдоо көрсөтүү аркылуу алардын арасында чакан ишкерликти өнүктүрүүго шарт түзүү. Долбоор алкагында жергиликтүү бюджеттен, мигранттардын колдоосу жана башка донордук уюмдардын каражаттарынан атайын чакан долбоорлорду колдоо фонду уюуштурулат.Фонддун уюштуруу укутук формаларын изилдеп,Уставын иштеп чыгып, юридикалык каттоодон өткөрүү үчүн демилгелүү топ уюуштурулат. Фонддун иштөө тартиби, ички саясаты боюнча документ иштелип чыгат. Бул фонддон аярлуу катмардын өкүлдөрүнүн, анын ичинде аялдардын ишкердүүлүгү боюнча атайын идеяларга конкурс жарыяланат. Конкурстун жыйынтыгы менен айыл аймагындагы бир нече ишкердик идеялар каржыланат. Бул конкурс жылына бир жолу уюуштурулат. Күтүлүүчү натыйжалар: ЖӨБ органдары муниципалдык жеке диалог аянтчаларында кызыкдар тараптардын талкуусун уюштурат, натыйжада алардын ролун салымы кошуу мүмкүнчүлүгү аныкталат. Фондду түзүү боюнча демилгелүү топ түзүлөт, уюштуруу укутук формалары демилгелүү топтун анализдөө иш аракети менен аныкталат. Фонддун структурасы, башкаруу органдарынын укук милдеттери жөнүндө анын Уставында демилгелүү топ тарабынан иштелип чыгат. Юридикалык каттодон өтөн өзүнүн конкреттүү саясаты бар официалдуу уюм иштеп баштайт. Атайын конкурстук шарттар иштелип чыгылат Аярлуу катмардын өкүлдөрү үчүн идеяларын ишке ашырууга жана кошумча киреше табууга мүмкүнчүлүктөр пайда болот. Аярлуу катмардын өкүлдөрүнө мотивация пайда болот Жылына бир нече ишкердик идеялар колдоого алынат. Бир нече жаны жумуш орундары пайда болот.
Бюджеттик саясат. Могол айыл аймагынын Жергиликтүү Экономикалык Өнүгүү Программасында аныкталган максат жана ишке ашырылуучу маселелер бир топ жетишээрлик салмактуу каражаттарды талап кылат. Албетте алардын айрым бир бөлүгү жергиликтүү бюджеттен каржыланат. Айыл аймагында бюджеттик процесстин эффективдүүлүгүн, туруктуулугун камсыз кылуу үчүн жакынкы кыска мөөнөттүү убакытта төмөнкүдөй маанилүү иш чаралар көрүлөт; Жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүн жогорулатууну камсыздоо: Бул маселе боюнча ишкердүүлүк субъектилерин аныктап, алардын учетун түзүү боюнча иш чаралар аткарылат. Андан сырткары ишкерлер арасында түшундүрүү жумуштары жүргүзүлөт. Айрыкча таксисттер, сезондук жумуштар менен алектенген ишкерлер менен. Айрыкча жергиклитүү бюджеттин чыгымдары кайда кетери жөнүдө көбүрөөк маалыматтар берилет.
2) Жергиликтүү бюджеттин чыгаша милдеттенмелерин оптималдаштыруу:
Муниципалдык менчикти башкаруу боюнча Жергиктүү Кеңештин бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын жоопкерчилигине, муниципалдык объектилерди эффективдүү пайдаланууну контролдоо милдети кошумча жүктөлөт. Булар: мектептер, мектепке чейинки балдар мекемелери, маданият үйү, китепканалар. Муниципалдык менчикти башкаруу башкармалыгынын контролдук көрсөткүчү болуп, жылына муниципалдык менчикти камсыздоого кеткен чыгымдардын көлөмү 5% дан кем эмес кыскарат. Чыгымдардын кыскаруусу төмөнкүлөрдүн эсебинен болот:
А) Үнөмдүү энерго ресурстарды пайдалануу
Б) Муниципалдык менчиктеги объектилердин өз убагында оңдоп түзөөдөн өткөрүүнү контролдоо;
В) амортизациялык чегерүүлөрдүн жыйналуусуна көзөмөл жүргүзүү жана техниканын жана жабдуулардын жешилүүсүн калыбына келтирүү;
4.2.Мониторинг жана баалоо системасы
Мониторинг жана баалоо социалдык экономикалык өнүгүү Программасынын натыйжалуу башкаруунун шайманы болуп саналат. Мониторинг жана баалоонун системасы – бул жарандардын артыкчылыктуу керектөөлөрүн канааттандыруу, Программада аныкталган максат маселелердин реалдуулугун, негиздүүлүгүн чагылдыруу максатын көздөйт. Сандык жана сапаттык маалыматтарды жыйноо методдору бар болгон учурда гана мониторинг жана баалоо башкаруунун натыйжалуу шайманы боло алат. Өнүгүү Прогрммасынын мониторинг жана баалоо процесси №2 таблицада көрсөтүлгөн иш аракеттердин негизинде жүргүзүлөт. Бул жумушту Могол айыл өкмөтүнүн башчысынын буйругу менен түзүлгөн мониторинг жана баалоо тобунун курамы ишке ашырат. Топтун курамы төмөндөгү өкүлдөрдөн турат: Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү (айыл өкмөтү, жергиликтүү кенеш) Программада көрсөтүлгөн максаттуу топтордун өкүлдөрү Могол айыл аймагындагы коомдук уюмдардын, бейөкмөт уюмдарынын өкүлдөрү: аялдардын өз ара жардамдашуу топтору, жайыт комитети, айылдык ден соолук комитети. Мониторинг жана баалоо тобу өнүгүү Программасын ишке ашыруу боюнча жүргүзүлүүчү мониторинг жана баалоонун деталдуу планын иштеп чыгып, бекитет. Жүргүзүлгөн МжБ боюнча отчет айыл өкмөтүнө жана айыл Кеңешине жөнөтүлөт. Отчетко негизделип, өнүгүү Программасын жүзөгө ашыруу боюнча ага зарылчылыгына жараша оңдоп түзөөлөр киргизилиши мүмкүн. Бул иш чаралар боюнча муниципалитеттин тургундарына маалымат жеткиликтүү болот. Мониторинг жана баалоо үчүн индикаторлор таблицасы
Милдеттер
Индикаторлордун аталышы
Индикаторлордун фактылык мааниси
Индикаторлордун максаттуу мааниси
Өзгөрүүсү (+,_-)
Өзгөрүү боюнча комментарийлер
Чакан программа 1. Токой ресурстарын жыйноону, кургатууну, кайра иштетүүнү, стандарттарга ылайык таңгактоону, сатууну уюштуруу максатында токой ресурстарын кайра иштетүү класстерин калыптандыруу
1.1.1. Ооган –Талаа айылында, кургатуучу жана таңгактоочу жабдуулары менен экологиялык продукцияларынын сапатын бузбай сактоочу жана кардарга керектүү көлөмдү камсыз кылып экспортко чыгарууга даярдоочу чакан кампа уюштуруу.
Токой жапайы мөмө жемиштерди жыйнап киреше алган аймактын тургундарынын үй-бүлолүк кирешесиндеги өзгөрүүлөр.
Жок
Токой жапайы мөмө жемиштерди жыйнап киреше алган аймактын тургундарынын үй-бүлолүк кирешесин жылына 5-7 % га чейин жогорулайт
Жаңы жумуш орундарынын саны
Жок
Туруктуу 2 кошумча, сезонго 8-10 жаңы жумуш орундары түзүлөт.
Чарбак айылында токой мөмө жемиштеринен Пастилла жасоочу чакан ишкананы ишке киргизүү үчүн жеке трансформатор орнотуу,электр линиясын тартуу (200 вв)
Жаңы жумуш орундарынын саны
жок
Кошумча 4 жаңы жумуш орду түзүлөт.
Жергиликтүү жашоочулардын бул тармактагы ишкердүүлүгүндөгү өзгөрүүлөр
жок
Жергиликтүү жашоочулар жапайы мөмө жемиштерди көбүрөок жыйнап тапшырып башташат, алардын үй-бүлөлүк кирешелери жылына 3-5% жогорулайт.
Чакан программа 2. Мал чаобасында сандан сапатка, башкача айтканда эт багытындагы ири мүйүздүү малдарды багуу жана бордоп багуу, кайра иштетүүнү уюштуруу.
Могол айыл аймагында жасалма уруктандыруу пунктунда жасалма жана табигый жол менен уруктандырууну жайылтуучу демонстрациялык борбор уюштуруу
Жергиликтүү фермерлердин арасында эт багытындагы асыл тукум малды табигый же джасалма уруктандыруу технологияларын колдоно баштагандардын санынын өзгөрүшү
жок
Мал чарбасында асыл тукумдаштыруу жолун тандаган фермерлердин саны жылына 2-3% жогорулай баштайт.
Асыл тукум багытына ык койгон фермерлердин үй-бүлөлүк кирешесиндеги өзгөрүүлөр.
жок
Мал чарбасынан киреше тапкан фермерлердин, анын ичинде асыл тукум багытын тандаган үй бүлөлүк кирешелери да 5-7 % чейин жогорулайт
.Могол айыл аймагында ветеринардык дарыкана уюштуруу.
Фермерлердин ветеринардык дары дармеке болгон жеткиликтүүлүгү
жок
Жергилктүү фермерлерде ветеринардык дары дармеке жеткиликтүүлүк камсыз болот
.Могол айыл аймагында мал союулуучу, этти тангактап муздаткычта сактоочу,сатыка чыгаруучу этти кайра иштетүүчү цехти уюштуруу.
Жаңыжумуш орундарынын саны
жок
Туруктуу 4-5 жумуш орун түзүлөт
Жергиликтүү фермерлердин үй-бүлөлүк кирешелериндеги өзгөрүүлөр
жок
Жергиликтүү фермерлердин мал чарбасынан алган үй-бүлөлүк кирешелери жылына 2% жогорулайт.
Могол айыл аймагындагы жайыттарды натыйжалуу пайдалануу жана алардын абалын жакшыртуу долбоору
Жайыт билеттеринин сырттан келген малдар үчүн тарифиндеги өзгөрүүлөр
Сырттан келген малдар үчүн жайыт билеттердин тарфи кымбаттайт
Чакан Программа: Аярлуу катмар, алардын ичинде аяладрдын, жаштардын, ДМЧ лардын ишкердүүлүгүнө колдоо көрсөтүү.
3.1.1.Аярлуу катмардын өкүлдөрү, алардын ичинде аялдардын ишкердүүлүгүн колдоо боюнча атайын чакан долбоорлорду колдоо фондун уюштуруу
Аярлуу катмардын өкүлдөрү бизнес идеяларын ишке ашырууга мүмкүнчүлүгү, жеткиликтүүлүгү
жок
Уюштурулган конкурска айыл аймактын аярлуу катмарларынын ишкерликти багыт алган бардык туругндары ,топтору катыша алышат
.Женип чыккан ишкер аярлуу катмардын өкүлдөрүнүн бир нече бизнес долбоорлору колдоо табат.
Могол айыл аймагынын жергиликтүү экономикалык өнүгүү Программасынын иш чаралар планы
№
Милдеттер
Иш-аракеттер
Ишке ашыруу мөөнөтү
Күтүлүүчү жыйынтыктар (индикаторы)
Жооптуу аткаруучулар
п.п.
1
2
3
4
6
7
1. Токой ресурстарын ресурстарын кайра иштетүү,класстерин калыптандыруу
Максаты: Токой ресурстарын жыйноону, кургатууну, кайра иштетүүнү, стандарттарга ылайык таңгактоону, сатууну уюштуруу максатында токой ресурстарын кайра иштетүү класстерин калыптандыруу
Милдеттер
Иш-аракеттер
Ишке ашыруу мөөнөтү
Күтүлүүчү жыйынтыктар (индикаторы)
Жооптуу аткаруучу
1.1.1.
Ооган –Талаа айылында, кургатуучу жана таңгактоочу жабдуулары менен экологиялык продукцияларынын сапатын бузбай сактоочу жана кардарга керектүү көлөмдү камсыз кылып экспортко чыгарууга даярдоочу чакан кампа уюштуруу.
Мамлекеттик муницпалдык жеке диалог аянтчасында жапайы мөмө жемиштерди экспортко чыгарууга шартталган чакан кампа куруу үчүн жергиликтүү кызыкдар тараптардын катышуусу менен талкуу уюштуруу.
2021-2024
ММЖД аянтчасында кызыкдар тараптардын кызыкчылыктары, ролу, жоопкерчилиги аныкталып, салымдар макулдашылат
ЖӨБ органы
МЖД аянтчасынын талкуусунун натыйжасына жараша кампа уюштуруу үчүн жай,жер даярдоо.
2021-2024
Жер,имарат маселеси чечилет.
Ишкер
Кампа куруу жана анын керектүү жабдуууларын орнотуу боюнча инвестициялык долбоорду даярдоо.
2021-2024
Инвестициялык долбоо ЖӨБ органы тараынын ишке ашырылат.
Платформа
Каражат табуу жумуштарын аткаруу (долбоорлор менен конкурстарга катышуу)
2021-2024
Конкурстук шарттар менен ишкер тандалып алынат.
Кампанын инфраструктуралык шарттарын куруу жана керектүү жабдууларды орнотуу
2021-2024
Долбоор ишке ашырылат
Кампанын керектүү болгон жабдууларын орнотуп аны ишке киргизүү үчүн ишкерлер арасында конкурс уюштуруу.
2021-2024
Айыл аймактын ар бир айылында жыйналган токой мөмө жемиштерин жергиликтүү жашоочулардан көбүрөөк сатып алууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.
Конкурстун натыйжасында тандалып алынган ишкер менен официалдуу УЧА менен бекитилген мамилени жөнгө салуу.
2021-2024
Жергиликтүү жашоочулардын үй-бүлөлүк кирешелери жылына 5-7% га жогорулайт.
Айыо Окмотунун балансындагы бардык шарттары тузулгон жайга, ишкердикке керектуу болгон жабдууларжы орнотуп, жумушун баштоо.
2021-2024
Туруктуу 2 кошумча, сезонго 8-10 жаңы жумуш орундары түзүлөт. Кургатылган, таңгакталган продкуцияларды натуралдык продукция катары экспортттоого шарт түзүлөт. Кардарга керектүү болгон көлөмдөгү продукция менен камсыздоого мүмкүнчүлүк түзүлөт.
1.1.2.
Чарбак айылында токой мөмө жемиштеринен Пастилла жасоочу чакан ишкананы ишке киргизүү үчүн жеке трансформатор орнотуу,электр линиясын тартуу (200 вв)
3 фазалуу электр энергиясын киргизүү үчун уруксат кагаздарын алуу.
2021-2022
Өз алдынча трансформатор орнотулат, электр линиясы тартылат (кубаттуулугу 200)
Ишкер
РЭС менен трансформаторду орнотуу, электр линиясын тартуу боюнча келишимдерди түзүү
2021-2022
Пастилла чыгарган жабдуу иштеп баштайт
АО Платформа
(200вв) ттык трансоформатор сатып алып орнотуу
2021-2022
Пастилла өндүрүлүп, сатууга чыга баштайт
Электр чубалгыларын алмаштыруу
2021-2022
Кошумча 4 жаңы жумуш орду түзүлөт.
Жергиликтүү жашоочулар жапайы мөмө жемиштерди көбүрөок жыйнап тапшырып башташат, алардын үй-бүлөлүк кирешелери жылына 3-5% жогорулайт.
2.1.1.
Могол айыл аймагында жасалма уруктандыруу пунктунда жасалма жана табигый жол менен уруктандырууну жайылтуучу демонстрациялык борбор уюштуруу
Борборду уюштуруу үчун муниципалдык жерди аныктап, процедуралык иш чараларын ишке ашыруу менен жерди ажыратып берүү.
2021-2024
Муниципалдык жерге жергикликтүү ишкердин катышуусу менен демонстрациялык борбор уюштурулуп иштеп баштайт.
Платформа
Айыл өкмөтү демонстрациялык борбордо мал кармооого зарыл болгон инфраструктуралык шарттарды түзүү үчүн долбоор даярдап областтык өнүктүрүү фондуна же донордук долбоорлорго билдирме даярдап, конкурстарга катышуу.
2021-2024
Демонстрациялык борбордо табигый жол менен уруктандыруу үчун 2 бука,жасалма уруктандыруу үчүн 4 кунаажын сатылып алынат да ал жерде талапка ылайык жасалма жана табиый жол менен уруктандыруу технологиясын ишке ашырылат.
Ветсервистер.
Ветеринарларды атайын окуулардан өткөрүү
2021-2024
Жылына 50-55 жергиликтүү фермерлерден демонстрациялык окуулардан өтүшөт
Жергиликтүү ишкерлер арасында конкурс уюштуруу.
2021-2024
Мал чарбасында асыл тукумдаштыруу жолун тандаган фермерлердин саны жылына 2-3% жогорулай баштайт.
Конкурстан женип чыккан ишкер менен чогуу демонстарциялык борборду уюштуруу.
2021-2024
Эт багытындагы асыл тукум малдын саны да жылына2-3 % жогорулай баштайт.
Ар бир квартал сайын ишке ашырылуучу демонстарциялык иш чаралардын планын түзүү.
2021-2024
Жергиликтүү фермерлердин чыгымдары 5% чейин кыскарып,үй бүлөлүк кирешелери да 5-7 % чейин жогорулайт.Мал чарбасында натыйжалуулук арта баштайт,негизгиси аны жергиликтүү фермерлер эсепке алып башташат.
Демонстрациялык иш чарларады уюштуруунунун координаторлорун дайындоо.
2021-2024
Демонстарциялык иш чаралардын Программаларын түзүп чыгуу
2021-2024
Иш чараларды планга негизделип квартал сайын уюштуруу
2021-2024
02.02.2001
Могол айыл аймагында ветеринардык дарыкана уюштуруу.
Уруксат кагаздарын алуу.
2021-2024
Ветеринардык аптека иштей баштайт.
Ветеринарлар АО
Ветеринардык дарыкана уюштуруу
2021-2024
Керектүү болгон дары дармектер менен камсыздалатЖергиликтүү фермерлер керектүү болгон ветерианардык дары дармектерге жеткиликтүүлукө ээ болушат.
Платформа
Дары-дармектер менен камсыз кылуу.
2021-2024
Дарыкананы ишке киргизүү
2021-2024
02.03.2001
Могол айыл аймагында мал союулуучу, этти тангактап муздаткычта сактоочу,сатыка чыгаруучу этти кайра иштетүүчү цехти уюштуруу.
Ишкерлер арасында мамлекеттик жеке өнөктөштүктө инвестициялык долбоорду аткаруу үчүн конкурс уюштуруу
2021-2024
Ысырапсыздык технологиясы менен мал союп этти таңгактоочу, сатыкаа чыгаруучу, муздаткыч системасы менен чакан эт комбинаты курулат.
АО
Тандалган ишкер менен инвестициялык долбоорду иштеп чыгуу
2021-2024
4-5 жаңы жумуш орун түзүлөт
Платформа тандалган ишкер
Этти кайра ишеттүүчү цехти курууга каражат табуу
2021-2024
Күнүнө 3-4 тоннага чейин эт даярдалат,сатыка сунушталат.
Этти кайра иштетүүчү цехти процедуралык шаррттарды сактоо менен куруу
2021-2024
Жергиликтүү фермерлерге мал чарба продукциясын сатып өторүүго шарттар жаралат
Этти кайра иштетүүчү цехке зарыл болгон жабдууларды орнотуу
2021-2024
Эт продукциясын экспортттого шарт түзүлөт.
Этти кайра иштетүүчү цехти ишке киргизүү
2021-2024
Жергиликтүү фермерлердин мал чарбасынан алган үй-бүлөлүк кирешелери жылына 2% жогорулайт.
02.04.2001
Могол айыл аймагындагы жайыттарды натыйжалуу пайдалануу жана алардын абалын жакшыртуу долбоору
Жайыттарга башка айыл аймактын мал жандыктарын киргизбей коюу боюнча иш чараларды аныктоо пландоо боюнча атайын комиссия түзүү.
2021-2024
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын алдында жайыттарды натыйжалуу пайдалануу боюнча атайын комиссия түзүлүп иштейт.
АӨ
Түзүлгөн комиссия атайын критерийлерди иштеп чыгуусу
Жайыттардын абалы жакшыра баштайт.
Платформа жайыт комитети.
Жазгы жайыт сезонунда мониторинг жүргүзүү туруктуу системасын иштеп чыгуу
Башка айыл аймактан алынып келинген мал жандыктарынын тарифи аныкталат
Мезгил мезгили менен системалык түрдө жайыттардагы мал жандыктардын санына, талаптарын сактоо боюнча мониторинг жана бааллоо жүргүзүү.
Жайыт комитетитнин бюджетинде кошумча каражаттар пайда болот
Атайын критерийлерди, коюлган талаптарды сактабаган учурлар үчүн ЖӨБ органдарындагы административдик комиссиянын кароосуна берүү.
Жайыттардын натыйжалуулугу артат.
Чечимдерди кабыл алуу боюнча мониторинг жана баалоо жүргүзүү
Жайыттардын деградациясынын алдын алуу боюнча атьайын план иштеп чыгуу
Башка айыл аймактарынан алынып келип, конфликттерди жаратып жаткан фермерлер менен түшундүрүү иштерин жүргүзүү
Жайыт билеттеринде башка айыл аймактан алынып келген мал үчүн башка тариф киригизүү
03.01.2001
Аярлуу катмардын өкүлдөрү, алардын ичинде аялдардын ишкердүүлүгүн колдоо боюнча атайын чакан долбоорлорду колдоо фондун уюштуруу.
Жергиликтүү чакан долбоордук идеяларды колдоо фондун уюштуруу боюнча демилгелүү топ түзүү
2021-2024
Айыл өкмөттүн алдында ишкердик идеяларды колдоо фондуна каражат жыйналат.
АӨ
Фонддун каражат булактарын аныктоо каражатты аккумуляциялоо
2021-2024
Атайын конкурстук шарттар иштелип чыгылат
Платформа
Фонддун уюштуруу укуктук формасын аныктоо
2021-2024
Аярлуу катмардын өкүлдөрү үчүн идеяларын ишке ашырууга жана кошумча киреше табууга мүмкүнчүлүктөр пайда болот.
МжБ тобу
Фоннддун каражаттарын бөлүштүрүү шарттарын аныктоо
2021-2024
Аярлуу катмардын өкүлдөрүнө мотивация пайда болот
Конкурстук шарттарды аныктоо
2021-2024
Жылына бир нече ишкердик идеялар колдоого алынат.Бир нече жаны жумуш орундары пайда болот.
Конкурсту уюштуруу
2021-2024
Конкурс аркылуу тандалып алынган идеяларды каржылоону уюштуруу
2021-2024
Мониторинг жана баалоо системасын иштеп чыгуу, аны ишке ашыруучу органды аныктоо
2021-2024
Могол айыл өкмөтүнүн башчысы: Э.Турдукулов
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 1 · цитируется в 0 · связанные 0
Ссылается на (1)
- Постановление Правительство КР от 4 июля 2009 года №432 "Об утверждении Порядка разработки государственных прогнозов социально-экономического развития Кыргызской Республики"Постановление · 04.07.2009 · № 432 · Утратил силу