Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Ысык-Ата айылдык кенешинин /XXVI-27 «2019-жылдын бюджетинин аткарылышы жана 2020-жылдын бюджетин айыл өкмөтүнүн штаттык жүгүртмөсүн бекитүү жөнүндө» токтому
ЫСЫК-АТА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Ысык-Ата айылдык Кенешинин 27-чакырылган кезектеги XXVI (жыйырма алтынчы) сессиясы
2020-жылдын 31-январы №166 /XXVI-27 2019-жылдын бюджетинин аткарылышы жана 2020-жылдын бюджетин айыл өкмөтүнүн штаттык жүгүртмөсүн бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин102-беренесине ылайык кезектеги меселе боюнча айылдык Кенештин бюджет жана каржы боюнча туруктуу комиссиянын башчысы Тойкеев М. билдирет: 2019-жылдын бюджеттик эсеп счетунан калган калдык 1740,5 миң сомду түздү, атайын эсеп счетунан калган калдык 41,7 миң сомду түздү. Айыл өкмөтүнүн 2020-жылга түзүлгөн бюджеттин проектиси бардык кирешеси 9273,2 миң сом, анын ичинде бюджеттик эсеп кирешеси 6019,5м.с. түздү, атайын эсеп кирешеси 80,0 миң сом, тегиздөөчү грант 3173,7миң сомду түзөт.
Айыл өкмөтүнүн аппараты
4370,2
Коомдук тартип
55,4
Жайыт комитети
99,0
ТЖКЧ (ЖКХ)
1796,1
Маданият
1016,1
Китепкана
474,5
Клуб
541,6
Социалдык коргоо
150,0
Билим берүү
1706,4
Анын ичинен:
Тегиздөөчү грант
3173,7
Өздүк киреше
6019,5
Атайын эсеп боюнча
80,0
Баардыгы
9273,2
Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн калкынын саны 5950 адамды түзөт, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 05.08.2011ж.№451-Токтомунун негизинде 2020- жылдын бюджетинин долбоорун карап талкуулап чыгып, Ысык-Ата айылдык Кенеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн 2020-жылга бардык бөлүмдөрү боюнча түзүлгөн бюджетинин долбоорунун киреше бөлүгү 9273,2 миң сом, чыгаша бөлүгү 9273,2миң сомго бекитилсин.
2. 2020-жылдын бюджетинин аткарылышы 9273,2 миң сомго бекитилсин.
3. Кыргыз Республикасынын 08.07.2013-ж. №403 “Айыл өкмөтүнүн штаттык түзүмү жөнүндөгү ” Токтомунун негизинде айыл өкмөтүнүн аппараты: Башкы адис-3 (үч), айыл башчы 6(алты), жетектөөчү адис- 2(эки), адис-4 бирдиктери бекитилсин.
4. Маданият тармагындагы китепканалар, клубдар жана тейлөө тармагынын 2020-жылга бардык бөлүмдөрү боюнча штаттык бирдиктери бекитилсин.
5. Социалдык тармакта иштеген кенже техникалык тейлөөчү жумушчулардын кызмат орундарынын айлык акыларынын өлчөмдөрүн бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-августундагы №489 токтомунун негизинде ЖКХ бөлүмүнүн штаты бекитилсин:
-кассир 1бирдик -сантехник адиси 2бирдик -электрик адиси 1бирдик -Аксакалдар сотунун төрагасына 1бирдик
- жууп тазалоочу (уборщица) 1бирдик
-шыпырып тазалоочу(дворник) 1бирдик -Архивист 1бирдик
6. 2019-жылдан калган бюджеттик эсеп боюнча калдык 1740,5 мин сом төмөнкүлөргө жумшалсын:
10,0 (он миң) сом айыл өкмөтүнүн кассасынын калдыгы болуп эсептелсин. 150,0 (жүз элүү) миң сом акча каражаты Горная-Серафимовка айылына спорт аянтчасын тосууга тетиктерди сатып алууга каралсын. 96,0(токсон алты) миң сом акча каражаты ОсОО “НУР-СТРОЙ-ГРУПП” компаниясына 01.08.2018ж. түзүлгөн келишимдин негизинде 30% акча каражатын төлөп берүүгө каралсын. 49,0 (кырк тогуз) миң сом акча каражаты ОсОО “Геостарт” компаниясына Алмалуу айылына ген.план жасоого калган калдыкты төлөп берүүгө каралсын. 147,0 (жүз кырк жети) миң сом акча каражаты Үч-Эмчек айылынын суу түтүктөрүн сатып алууга каралсын. 300,0 (үч жүз) миң сом акча каражаты Алмалуу айылынын суу түтүктөрүн алмаштырууга каралсын. 200 (эки жүз) миң сом акча каражаты Таш-Башат айылына ички жолдорун оңдоого каралсын. 185,0 (жүз сексен беш) миң сом акча каражаты Карагай-Булак айылына спорт зал салууга материалдарды алууга каралсын. 330 (үч жүз отуз) миң сом акча каражаты электрэнергияга бөлүнсүн. 62,1 (алтымыш эки миң бир жүз) сом акча каражаты кызматкерлерге премия алууга бөлүнсүн. 10,7(он миң жети жүз) сом акча каражаты соц.фондко которулсун. 200,7 (эки жүз миң жети жүз) сом акча каражаты аппарат кызметкерине компьютер алууга бөлүнсүн.
9. Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу агентигинин 15.01.2009-ж.04-24/4-1 буйругунун негизинде Ысык-Ата айылдык Кенешинин төрагасынын бир жолку төлөмү 8,5 м.с. бекитилсин.
10. Жергиликтүү бюджеттин 2020-жылга 9273,2миң сом, 2021-жылга 9640,0 миң сом 2022- жылга 9734,7миң.сом божомол планын(прогноз) бекитүүгө макулдук берилсин.
11. Бул токтомдун аткарылышы каржы жана бюджет боюнча туруктуу комиссияга жана айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнө жүктөлсүн.
Токтом бир добуштан кабыл алынды.
Төрага
Т. Чолпонбаев
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 1 · цитируется в 0 · связанные 0
Ссылается на (1)
- Постановление Правительства КР от 23 августа 2011 года № 489 "Об утверждении должностных окладов технического и младшего обслуживающего персонала, занятого в социальной сфере"Постановление · 23.08.2011 · № 489 · Утратил силу