# Кабылан-Көл айылдык кеңешинин 2019-жылдын 06-сентябрындагы № 5/1 "Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ортосундагы келишимдин долбоорун түзүү жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Кабылан-Көл айылдык кеңешинин 2019-жылдын 06-сентябрындагы № 5/1 "Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ортосундагы келишимдин долбоорун түзүү жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 5/1
- Дата принятия: 06.09.2019
- Статус: Действует
- Редакция от: 06.09.2019
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/433065>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-62539/edition/1020037/ru>

> Текст приведён по редакции от 06.09.2019 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Кабылан-Көл айылдык кеңешинин 2019-жылдын 06-сентябрындагы № 5/1 "Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ортосундагы келишимдин долбоорун түзүү жөнүндө" токтому (ред. от 06.09.2019) - https://aqlex.ai/kg/doc/433065

---

КАБЫЛАН-КӨЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Кабылан-Көл айылдык Кеңешинин 5- чакырылышынын 5- кезексиз отуруму

2019-жылдын 06-сентябры № 5/1 Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ортосундагы келишимдин долбоорун түзүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн аппаратынын 2019-жылдын 6-августундагы № 11-34325 сандуу катынын негизинде, Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ортосундагы келишимдин долбоорун угуп талкулап Кабылан- Көл айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн аппаратынын 2019-жылдын 6-августундагы № 11-34325 сандуу каты жетекчилике алынып, аткарылышы камсыз кылынсын

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн аппаратынын 2014-жылдын 19-декабрындагы №715 “Берилген айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджеттерге берилүүчү трансферттердин көлөмун эсептөөнүн убктылуу методикасын бекитүү жөнүндө” токтомуна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн аппаратынын 2019-жылдын 6-августундагы № 11-34325 сандуу катынын негизинде, Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин Алай райондук Эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгы менен Кабылан-Көл айыл өкмөтүнүн түзгөн келишими бекитилсин.

3. Ушул токтомдун аткарылышы Кабылан- Көл айылдык кенешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын

Төрага

Ш. Акаев

Кабылан-Көл Айылдык Кенешинин 2019-жылдын «\_\_\_» \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_№\_\_\_\_ токтому менен бекитилди

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө КЕЛИШИМ

1. Келишимдин тараптары

Бир тарабынан мындан ары "мамлекеттик орган" деп аталуучу Алай райондук эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгынын

атынан «Алай райондук эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгы жөнүндө» Жобонун негизинде иштеген Салиев Абдимиталип

жана экинчи тарабынан, мындан ары «жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы» деп аталуучу Кабылан-Көл айыл аймагынын Айыл өкмөтүнүн атынан Кабылан-Көл айыл аймагынын Айыл өкмөтү жөнүндө» Жобонун (Уставдын) негизинде иштеген Мадаев Гүлжигит Мурзамидинович

(аты-жөнү) Кыргыз Республикасынын Конституциясын, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" жана "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен төмөнкүлөр тууралуу ушул келишимди түзүштү.

2. Келишимдин предмети

2.1. Алай райондук эмгек жана социалдык онугуу башкармалыгы

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-декабрындагы №715 “Берилген айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджеттерге берилүүчү трансферттердин көлөмүн эсептөөнүн убактылуу методикасын бекитүү жөнүндө” токтомуна ылайык Алай райондук эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгы айыл аймагынын айыл өкмөтүнө төмөнкүдөй мамлекеттик ыйгарым укуктарды берет.

1) Турмуштук оор кырдаалда турган үй-бүлөлөрдү жана балдарды төмөнкүдөй алынган маалыматты кароо жана иштеп чыгуу жолу менен табуу:

- уюмдардын жана жарандардын оозеки же жазуу жүзүндөгү кайрылуусунан;

- жалпыга маалымдоо каражаттарынан;

- аймактык мамлекеттик органдардан;

- үймө-үй кыдыруунун жыйынтыгы менен;

- ведомстволор аралык рейддердин, акциялардын, жыйындардын, калк менен жолугушуулардын жыйынтыгында.

2) Турмуштук оор кырдаалда турган үй-бүлөлөрдүн жана балдардын муктаждыктарын баалоо:

- турмуштук оор кырдаалда турган үй-бүлөлөр жана балдар боюнча базаны түзүү жана эсебин алуу;

- турмуштук оор кырдаалда турган үй-бүлөлөрдүн жана балдардын турак жай-тиричилик шарттарын текшерүү;

- турмуштук оор кырдаалда турган үй-бүлөнүн социалдык паспортун жүргүзүү;

- турмуштук оор кырдаалда турган үй-бүлөлөрдүн жана балдардын социалдык кызматтарга болгон керектөөлөрүн баалоо;

- турмуштук оор кырдаалда турган үй-бүлөлөрдүн жана балдардын социалдык кызматтарга болгон керектөөлөрүн кайрадан ар тараптуу баалоо.

3) Турмуштук оор кырдаалда турган үй-бүлөлөргө жана балдарга социалдык кам көрүү:

- ишке орношуу жана социалдык өнүгүү маселелери боюнча жарандардын арыздарын жана каттарын кароо;

- турмуштук оор кырдаалга жол бербөө боюнча алдын алуу иштерин жүргүзүү;

- үй-бүлө менен жеке иштөө планын ишке ашыруу;

- баланы коргоо боюнча жеке планды ишке ашыруу;

-турмуштук оор кырдаалда турган балдарды жана/же үй-бүлөлөрдү социалдык коштоо, анын ичинде : -камкорчу , көзөмөлчү жана бала багып алуучу ( фостердик ) үй- бүлөлордун маселелери, аз камсыз болгон үй-бүлөгө мамлекеттик жөлөкпул чектоого, акчалай компенсация, кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпул, расымдык жөлөкпул, ошондой эле социалдык жөлөкпул дайындоого талап кылынган документтердин тизмеги боюнча кеӊеш берүү; -ушул токтомдун 1-тиркемесине ылайык мамлекеттик жөлөкпул боюнча кайрылгандарга кенеш берүү менен каттоо журналына тушуруу; -ушул токтомдун 2,5,6,7-тиркемесине ылайык мамлекеттик жөлөк пулдарды, акчалай компенсация, кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөк пул, сөөк коюуга жөлөк пул жана социалдык жөлөк пулдарды дайындоого керектелүүчү документтерди топтоого көмөктөшүү; -бала багып алуучу (фостердик) үй -бүлөлөрдүн кызматын өркүндөтүү боюнча маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзүү;

- балдарга камкорчу , көзөмөлчү дайындоодо жана бала багып алуучу (фостердик ) үй-бүлөгө жайгаштырууда тариздоого керек болгон документтерди топтоого көмөктөшүү ;

-үй -бүлөдөн баланы ажыратуунун , балдарга болгон зордук-зомбулуктун алдын-алууну эскертүү максатында профилактикалык жана маалыматтык - кенеш берүү иш- чараларын жүргүзүү;

-Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 22-июнунун №391 токтому менен бекитилген “Турмуштук оор кырдаалда турган балдарды жана үй-бүлөлөрдү табуу тартиби жөнүндө “ Жобонун тиркемелерине ылайык :

\*турмуштук оор кырдаалга кабылган үй-бүлөлөрдү жана балдарды журналга каттоо;

\*турмуштук оор кырдаалга кабылган үй-бүлөлөрдун жана балдардын маселелерин ар тараптан баалоо боюнча анкетаны толтуруу, баалоону кайталап жургузуу;

- турмуштук оор кырдаалга кабылган үй-бүлөлөрдүн жана балдардын үй-тиричилик шартын изилдөө актыларын, анкеталарды жана башка малыматтарды оор кырдаалга кабылган үй-бүлө же бала катары чечим чыгаруу жана үй-бүлө менен жеке иштоо планын (мындан ары-УЖИП)/(ПИРС) жана баланы коргоо боюнча жеке план (мындан ары-БЖКП) /(ИПЗР) иштеп чыгуу үчүн Алай райондук эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгына өткөрүү;

- турмуштук оор кырдаалга кабылган үй-бүлөлөрду же балдарды социалдык коштоого жана бекитилген УЖИП / БЖКП тузуп аткарууга кабыл алуу;

- турмуштук оор кырдаалга кабылган үй-бүлөлөрдүн жана балдардын көйгөйлөрүнө ар тараптуу баа берүүнү кайталап жүргүзүүнүн анкеталарын чечим кабыл алууга жана УЖИП / БЖКП корректировка жасап (тыкаттап ) чыгууга Алай райондук эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгына кайталап өткөрүү.

- ички -тышкы мигранттардын балдарын , томолой жетим , жарым жетим, социалдык жетим балдардын жана камкордукка алынган балдардын санын тактап база тузуу менен көзөмөлдөө жүргүзүү.

4) Калктын жумуштуулугунун жана миграциясынын программаларын иштеп чыгуу жана аткаруу :

-жергиликтүү айылдык Кенешинин депутаттарынын сессиясында бюджетти бекитүүдө жумушсуздарды акы төлөнүүчү коомдук жумуштарга тартууну уюштуруу максатында бирдиктуу долбоорлорду ишке ашырууга акча каражаттарын блууну сунуштоо ; -ички -тышкы эмгек мигранттарды тактоо жана база тузуу ; -жумушсуздарды кесиптик окууга , кайра окутууга жана квалификациясын жогорулатууга комоктошуу жана аларды социалдык коштоо жургузуу.

5) Социалдык жактан корголбогон жарандарга социалдык кызмат көрсөтүү:

-улгайган жарандардын жана ДМЧА дын санын тактап, база тузуу; -баатыр энелердин санын тактап, база тузуу менен иш жургузуу; -жакыр үй-бүлөлөрдүн санын тактап жана база түзүү менен иш жүргүзүү; -эмгекке жараксыз, ден -соолугу начар жарандарга медициналык-социалдык эксперттик комиссиясынан (мындан ары -МСЭК ) өтүүнүн жол-жоболорун түшүндүрүү менен документ топтоого көмөктөшүү.

2.2. Кабылан-Көл айыл аймагынын айыл өкмөтү жогорудагы мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу учун кабыл алат.

3. Мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүдө мамлекеттик органдын укуктары жана милдеттери

3.1. Алай райондук эмгек жана социалдык онугуу башкармалыгы өзүнүн ыйгарым укуктарын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органына берүүдө төмөнкүлөргө укуктуу:

- берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы тарабынан ишке ашырылышын, ошондой эле ушул максатка бөлүнүп берилген финансылык, материалдык жана башка каражаттардын пайдаланылышын контролдоого;

- берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу маселелери боюнча аткаруу үчүн милдеттүү болгон актыларды өзүнүн компетенциясынын чегинде кабыл алууга;

- берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруунун жүрүшүндө жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы тарабынан кетирилген тартип бузууларды четтетүү боюнча жазуу жүзүндөгү көрсөтмөнү берүүгө;

- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынан берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырууга байланышкан маалыматтарды, материалдарды жана документтерди сурап алууга;

- берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруунун жана материалдык, финансылык жана башка каражаттарды пайдалануунун натыйжалары жөнүндө маалымат берүү үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын отчетторунун формаларын бекитүүгө;

- берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органына бөлүнгөн, бирок максаттуу эмес пайдаланылган каражаттарды өндүрүп алууга;

- ушул келишим жана "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен белгиленген учурларда жана тартипте, мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндөгү келишимди мөөнөтүнө чейин бузууну демилге кылууга.

3.2. Алай райондук эмгек жана социалдык онугуу башкармалыгы өзүнүн компетенциясынын чегинде төмөнкүлөргө милдеттүү:

- берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын ишке ашырылышын камсыз кылуу үчүн арналган материалдык, финансылык жана башка каражаттарды өз убагында жана толук көлөмдө өткөрүп берүүгө;

- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органына берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон методикалык, уюштуруучулук, консультативдик, башка жардам көрсөтүүгө, укуктук, техникалык жана башка документтер менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органын камсыздоого;

- берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруу жүктөлгөн адистердин квалификациясын жогорулатуу үчүн жылына эки жолудан кем эмес окуу өткөрүүгө;

- берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын аткарылышын жана бөлүнгөн материалдык, финансылык жана башка каражаттарды максаттуу пайдаланышын контролдоого.

4. Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашырууда жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын укуктары жана милдеттери

4.1. Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашырууда Кабылан-Көл айыл аймагынын айыл Окмоту

төмөнкүлөргө укуктуу:

- берилген ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн каралган материалдык, финансылык жана башка каражаттарды өз убагында жана толук көлөмдө өткөрүп берүүнү талап кылууга;

- мамлекеттик органдан берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн методикалык, уюштуруучулук, консультативдик жана башка жардамды, ошондой эле зарыл болгон укуктук, техникалык жана башка документтерди алууга;

- берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарууда кетирилген тартип бузууларды четтетүү боюнча мамлекеттик органдардын жазуу жүзүндөгү көрсөтмөлөрүнө сот тартибинде даттанууга;

- ушул келишим жана "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен белгиленген учурларда жана тартипте, мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндөгү келишимди мөөнөтүнө чейин бузууну демилге кылууга.

4.2. Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырууда Кабылан-Көл айыл аймагынын айыл Өкмөтү

төмөнкүлөргө милдеттүү:

- берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн зарыл болгон штаттык бирдигине социалдык иштер боюнча жетектөөчү адис кызматына 1 бирдикти киргизүүгө;

-берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды келишимге жана Кыргыз Республикасынын ченемдик- укуктук актыларына ылайык ишке ашырууга; -берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруу үчүн бөлүнгөн материалдык, финансылык жана башка каражаттарды максаттуу пайдаланууну камсыздоого; -мамлекеттик орган тарабынан берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу жана материалдык, финансылык жана башка каражаттарды пайдалануу боюнча тоскоолдуксуз текшерүүлөрдү жүргүзүү үчүн шарттарды камсыздоого; -квалификацияны жогорулатуу үчүн мамлекеттик орган тарабынан уюштурулган окууга, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын адистеринин катышуусун камсыздоого;

- берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашырууда кетирилген тартип бузууларды четтетүү боюнча мамлекеттик органдардын жазуу жүзүндөгү көрсөтмөлөрүн аткарууга;

- ай сайын (квартал сайын, жарым жылда бир жолу, жылдын аягында) берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруунун жыйынтыктары жөнүндө мамлекеттик органга отчет берүүгө;

- квартал сайын (ай сайын, жарым жылда бир жолу, жылдын аягында) берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашырууга бөлүнгөн финансылык каражаттарды пайдалануу тууралуу финансылык отчет берүүгө;

- берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу мөөнөтүнө чейин токтотулган учурда, берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруу үчүн ага бөлүнгөн, пайдаланылбаган финансылык, материалдык жана башка каражаттарды кайтарууга.

5. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруучу адиси

5.1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруучу адиси муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кызматка дайындалган жана кызматтан бошотулган муниципалдык кызматчы болуп саналат.

5.2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруучу адиси өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын жетекчиликке алат.

5.3. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө келишимде жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруучу адисинин укуктарынын жана милдеттеринин толук тизмеси көрсөтүлүүгө тийиш.

5.4. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын адисинин айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарын аткарууда коррупциялык фактыларга жана одоно кемчиликтерге жол бергени аныкталган учурда, башкармалык тарабынан адисти кызматтан бошотуу боюнча сунуш берилет жана айыл Өкмөтүнүн башчысы тарабынан сөзсүз түрдө аткарууга жатат.

6. Мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүдө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органын финансылык, материалдык жана башка каражаттар менен камсыздоо

6.1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органына берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырууга зарыл болгон финансылык камсыздоо республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджетке берилүүчү трансферттер (субвенциялар) формасында жүргүзүлөт.

6.2. Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн тиешелүү финансылык жылга максаттуу трансферттердин (субвенциялардын) жалпы көлөмүн эсептөө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген максаттуу трансферттердин (субвенциялардын) көлөмүн эсептөө методикасынын негизинде жүргүзүлөт.

Ушул келишимдин 9.2-пунктунда көрсөтүлгөн мөөнөткө карата аныкталган максаттуу трансферттердин (субвенциялардын) суммасы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген максаттуу трансферттердин (субвенциялардын) көлөмүн эсептөө методикасына ылайык келишимге тиркелет жана анын ажыратылгыс бөлүгү болуп эсептелет.

6.3. Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы тарабынан жергиликтүү бюджетке республикалык бюджеттен бөлүнүүчү максаттуу трансферттердин (субвенциялардын) жалпы көлөмү жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын алыш-бериш эсебине түшөт жана кезектеги финансылык жылга жергиликтүү бюджеттин кирешелер жана чыгашалар түзүмүндө чагылдырылууга тийиш.

6.4. Максаттуу трансферттердин (субвенциялардын) жалпы көлөмү өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт:

- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын адисине эмгек акы төлөөнү;

- берилүүчү ыйгарым укуктарды аткарууга чыгымдарды: унаа чыгымдары, байланыш кызматтары;

- коммуналдык чыгымдарды (электр, жылуулук жана суу менен камсыздоо ж.б.);

- канцелярдык жана чарбалык товарларга чыгымдарды;

- адистин квалификациясын жогорулатуу үчүн окутууга чыгымдарды;

- жабдууларга жана башка зарыл болгон товарларга чыгымдарды.

6.5. Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн зарыл болгон материалдык каражаттар мамлекеттик органы тарабынан жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органына кабыл алуу-өткөрүп берүү актынын негизинде өткөрүлүп берилет.

6.6. Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруу үчүн чарбалык ишин (жабдуулар, объекттер, техника ж.б.) жүргүзүүгө бөлүнгөн материалдык каражаттар макулдашуу комиссиясында каралгандан жана алардын колдонууга жарактуулугу аныкталгандан кийин алар өткөрүлүп берилүүгө тийиш.

Макулдашуу комиссиясы мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын өкүлдөрүнөн тең укуктуулуктун негизинде түзүлөт.

6.7. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органына өткөрүлүп берилүүчү материалдык каражаттардын тизмеси тараптардын макулдашуусу менен аныкталат.

6.8. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органына берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн бөлүнгөн материалдык каражаттарды пайдалануунун тартиби мамлекеттик орган тарабынан аныкталат.

6.9. Айрым берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн зарыл болгон жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын штаттык санынын ченемдери жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары тарабынан сакталууга тийиш.

7. Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын отчеттуулугунун формасы жана мезгилдүүлүгү

7.1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы мамлекеттик органдын аймактык башкармалыгына төмөнкүлөрдү берүүнү камсыздайт:

- ай сайын 10унан кечиктирбестен (квартал сайын, жарым жылда бир жолу, жылдын аягында) мамлекеттик орган тарабынан бекитилген жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы менен макулдашылган форма боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруунун жыйынтыктары жөнүндө отчету;

- квартал сайын 10унан кечиктирбестен (ай сайын, жарым жылда бир жолу, жылдын аягында) мамлекеттик орган тарабынан бекитилген жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы менен макулдашылган форма боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашырууга бөлүнгөн финансылык каражаттарды пайдалануу тууралуу финансылык отчетту.

8. Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын ишке ашырылышын мамлекеттик орган тарабынан контролдоонун тартиби

8.1. Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын ишке ашырылышын контролдоо (мындан ары - контролдоо) келишимдин жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарынын сакталышын камсыздоо максатында жүргүзүлөт.

8.2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы тарабынан мамлекеттик ыйгарым укуктардын аткарылышын контролдоону мамлекеттик органдын аймактык башкармалыгы жүргүзөт.

8.3. Мамлекеттик органдын аймактык бөлүнүшү:

- аныкталган тартип бузууларды четтетүү тууралуу көрсөтмөлөрдү жөнөтүү укугу менен жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы тарабынан берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын толук кандуу жана сапаттуу аткарылышын контролдойт;

- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн бөлүнгөн материалдык жана финансылык каражаттарды максаттуу пайдаланышын текшерет;

- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы тарабынан берилген мамлекеттик ыйгарым укуктар чөйрөсүнө таандык болгон маселелер боюнча ченемдик укуктук актылардын, ошондой эле методикалык көрсөтмөлөрдүн аткарылышын контролдойт;

- келишим менен каралган учурларда жогору турган органга жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы тарабынан мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашырууну токтотуу жана ушул келишимди бузуу жөнүндө сунуштарды даярдайт жана киргизет.

8.4. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары тарабынан берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын ишке ашырылышын контролдоону тиешелүү мамлекеттик орган төмөнкүдөй түрдө жүргүзөт:

- берилген ыйгарым укуктарды жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары тарабынан ишке ашыруу бөлүгүндө алардын ишин координациялоо;

- ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө мыйзамда же келишимде белгиленген тартипте жана мөөнөттөрдө жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынан берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруунун натыйжалары жөнүндө отчетторду кабыл алуу;

- берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу жана мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашырууга бөлүнгөн каражаттарды пайдалануу бөлүгүндө жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын ишин текшерүү;

- берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу маселелери боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына сунуштамаларды берүү;

- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары тарабынан кабыл алынган чечимдерди мыйзамдуулук жана максатка ылайыктуулук көз карашы менен баалоо.

9. Келишимдин күчүнө киришинин жана колдонуу мөөнөтүнүн тартиби

9.1. Келишим жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы тарабынан бекитилүүгө тийиш жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынын келишимди бекитүү тууралуу токтому расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

9.2. Ушул келишимдин колдонуу мөөнөтү 3 (уч) жылды түзөт. Эгерде ушул келишимдин колдонуу мөөнөтү аяктаганга чейин тараптардын бири дагы өзүнүн келишимди бузуу ниети жөнүндө билдирбесе, анда анын колдонуу мөөнөтү автоматтык түрдө ошол эле мөөнөткө жана ошол эле шарттарда узартылат.

10. Келишимдин шарттарын өзгөртүү

10.1. Келишимге өзгөртүүлөр жана толуктоолор тараптардын макулдашуусу менен киргизилет.

10.2. Келишимге киргизилүүчү өзгөртүүлөр жана толуктоолор жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы тарабынан да бекитилүүгө тийиш жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынын келишимге киргизилген өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду бекитүү жөнүндө токтому расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

11. Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашырууну токтотуунун негиздери жана тартиби

11.1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы тарабынан берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу төмөнкү учурларда токтотулушу мүмкүн:

- келишимдин колдонуу мөөнөтү аяктаганда;

- келишимди жараксыз деп таануу жөнүндө соттун чечими мыйзамдуу күчүнө киргенде;

- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы тарабынан берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн кезектеги финансылык жылга республикалык бюджетте максаттуу трансферттер (субвенциялар) жок болгондо;

- келишимде корсотулгон социалдык кызмат корсотуулор боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды андан ары ишке ашыруу мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарган ченемдик -укуктук акт кабыл алынганда;

- мамлекеттик орган тарабынан берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды өз алдынча ишке ашыруу жөнүндө чечим кабыл алынганда (келишимди мөөнөтү бутконго чейин күчүн бузуу);

- келишим жана/же "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте жана шарттарда жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы тарабынан берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруудан баш тартканда (келишимди мөөнөтүнө чейин бузуу).

11.2. Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын демилгеси боюнча мөөнөтүнө чейин токтотулушу мүмкүн.

11.3. Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы тарабынан мөөнөтүнө чейин токтотуунун шарттары болуп төмөнкүлөр эсептелет:

- мамлекеттик орган тарабынан берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн зарыл болгон финансылык, материалдык жана башка каражаттар менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органын камсыздоонун мүмкүн эместиги;

- эгерде берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынан көз каранды болбогон себептер боюнча мүмкүн эместиги;

- мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн жана (же) ишке ашыруунун шарттарын өзгөрткөн ченемдик укуктук актынын кабыл алынышы.

11.4. Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды мамлекеттик орган тарабынан мөөнөтүнө чейин токтотуунун шарттары болуп төмөнкүлөр эсептелинет.

- берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы тарабынан андан ары ишке ашыруу максатка ылайыксыз деп мамлекеттик орган тарабынан табуу, анын ичинде аларды аткарбагандыгы же талаптагыдай эмес ишке ашыргандыгы үчүн;

- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы тарабынан берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн алынган материалдык, финансылык жана башка каражаттарды максаттуу эмес пайдалануу, эгер ал бузуулар жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы тарабынан берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарууну татаалдаштырган шарттарды түзсө;

- мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн жана (же) ишке ашыруунун шарттарын өзгөрткөн ченемдик укуктук актынын кабыл алынышы.

11.5. Тараптардын биринин демилгеси боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктар мөөнөтүнө чейин токтотулган учурда токтотууну демилгелеген тарап берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарууну токтотуунун болжолдонгон датасына чейин 15 жумушчу күн мурда башка тарапка жазуу түрүндө билдирүү жөнөтүүгө милдеттүү.

11.6. Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды мөөнөтүнө чейин токтотуу жөнүндө билдирүүнү алган тарап аны 15 жумушчу күндүн аралыгында карап чыгууга жана башка тарапка кароонун жыйынтыгы жөнүндө кабарлоого милдеттүү.

Башка тарап билдирүү менен макул болгон учурда берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруу тараптардын макулдашуусунун негизинде токтойт.

11.7. 30 жумушчу күндүн аралыгында билдирүүнү кароонун жыйынтыгы жөнүндө жазуу түрүндө жооп жок болгон же башка тарап берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарууну токтотуу менен макул болбогон учурда берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды мөөнөтүнө чейин токтотуу жөнүндө маселе сот тартибинде чечилет.

11.8. Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктар аткаруу мөөнөтүнө чейин токтотулган учурда аларды ишке ашыруу үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органына бөлүнгөн, пайдаланылбаган материалдык жана финансылык каражаттар берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруу токтотулган күндөн тартып 15 жумушчу күндүн аралыгында мамлекеттик органга кайтарылууга тийиш.

11.9. Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын аткарылышын каржылоо ушул келишимде каралган көлөмдө, тартипте жана мөөнөттө токтотулган учурда жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарууну токтотууга укуктуу, бул жөнүндө жазуу түрүндө 15 жумушчу күндүн аралыгында тиешелүү мамлекеттик органга билдирет.

11.10. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарууну токтоткон күндөн тартып, мамлекеттик ыйгарым укуктар, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органына аларды берген мамлекеттик орган тарабынан аткарылууга тийиш.

11.11. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды андан ары аткарууну токтотуу, токтотуп туруу жана баш тартуу тууралуу чечими жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынын токтому менен бекитилет жана "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте күчүнө кирет.

12. Тараптардын жоопкерчилиги

12.1. Келишимдин шарттарын талаптагыдай аткарбагандык, укуктарын басмырлоо же материалдык жана моралдык зыян келтирүү үчүн тараптар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат.

12.2. Кабылан-Көл айыл аймагынын айыл өкмөтү берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын тийиштүү түрдө аткарылышын уюштуруу, бөлүнгөн материалдык, финансылык жана башка каражаттарды максаттуу пайдалануу жана ушул келишимдин жоболорун так аткаруу үчүн жеке жоопкерчилик тартат.

13. Талаштарды чечүү тартиби

13.1. Ушул келишимди аткаруунун жүрүшүндө келип чыккан бардык талаштар жана келишпестиктер тараптар ортосунда сүйлөшүүлөр аркылуу же болбосо сот тартибинде чечилет.

13.2. Келишим 2 (эки) нускада тузулуп тараптарга берилди.

13.3. Келишим кол коюлган кундон баштап юридикалык күчкө ээ.

Тараптардын даректери жана кол тамгалары

Алай райондук эмгек жана Кабылан-Көл айыл социалдык өнүгүү башкармалыгынын өкмөтүнүн начальниги\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ башчысы \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

А.Салиев Г. Мадаев

м.о м.о
