# Ак-Булун айылдык кеңешинин 2019-жылдын 18-январындагы № 1 "Ак-Булун айыл аймагынын үй курууга берилген жерлерин трансформациялоого уруксаат берүү жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Ак-Булун айылдык кеңешинин 2019-жылдын 18-январындагы № 1 "Ак-Булун айыл аймагынын үй курууга берилген жерлерин трансформациялоого уруксаат берүү жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 1
- Дата принятия: 18.01.2019
- Статус: Действует
- Редакция от: 18.01.2019
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/432407>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-62438/edition/997516/ru>

> Текст приведён по редакции от 18.01.2019 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Ак-Булун айылдык кеңешинин 2019-жылдын 18-январындагы № 1 "Ак-Булун айыл аймагынын үй курууга берилген жерлерин трансформациялоого уруксаат берүү жөнүндө" токтому (ред. от 18.01.2019) - https://aqlex.ai/kg/doc/432407

---

АК-БУЛУН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

Ак-Булун айылдык кеңешинин (XXVII-чакырылыштагы ) 22 -сессиясы

2019-жылдын 18-январы № 1 Ак-Булун айыл аймагынын үй курууга берилген жерлерин трансформациялоого уруксаат берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-октябрындагы № 512 “Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мараторий киргизүү жөнүндө “ Кыргыз Республикасынын мыйзамы күчүнө киргенге чейин жеке турак үйлөр курулуп калган же жергиликтүү өз алдынча башкаруунун ыйгарым укуктуу органдарынын же алардын укук мурастоочусу болгон жергиликтүү өз алдынча башкаруунун тийиштүү органдарынын чечимдери бар болгон сугат айдоо жерлеринин жер участокторун которуунун (трансформациялоонун) убактылуу тартибин жетекчилике алып жана Ак-Булун айылдык кеңешинин 2009-жылдын 20-майындагы токтомунда көрсөтүлгөн № 228 контур -10,1га ; № 198 контур- 9.61 га № 108 - 6,0га ; № 278 -3,0 га ; № 885 контур -4,0 га контурлардагы үй курууга берилген жерлерди трансформациядан өткөрүү үчүн айылдык кенеш ТОКТОМ КЫЛАТ :

1. Ак-Булун айылдык кенешинин 27- чакырылышынын 2009-жылдын 20-майындагы кезексиз сессиясында : № 228 контур -10,1га ; № 198 контур- 9.61 га № 108 - 6,0га ; № 278 -3,0 га ; № 885 контур -4,0 контурларындагы бардыгы 32,71 га жер тилкелерине “Айрым айыл чарба багытындгы жер участокторун калктуу конуштар категориясына которуу жөнүндөгү” токтомуна макулдук берилсин.

2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кенештин жер жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөт башчысы Т.У Жакуповго жүктөлсүн.

Төрага

Алымбек уулу Исламбек
