Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 50 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Ак-Булун айылдык кеңешинин «Ак-Булун айыл аймагынын үй курууга берилген жерлерин трансформациялоого уруксаат берүү жөнүндө» токтому
АК-БУЛУН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
Ак-Булун айылдык кеңешинин (XXVII-чакырылыштагы ) 22 -сессиясы
2019-жылдын 18-январы № 1 Ак-Булун айыл аймагынын үй курууга берилген жерлерин трансформациялоого уруксаат берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-октябрындагы № 512 “Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мараторий киргизүү жөнүндө “ Кыргыз Республикасынын мыйзамы күчүнө киргенге чейин жеке турак үйлөр курулуп калган же жергиликтүү өз алдынча башкаруунун ыйгарым укуктуу органдарынын же алардын укук мурастоочусу болгон жергиликтүү өз алдынча башкаруунун тийиштүү органдарынын чечимдери бар болгон сугат айдоо жерлеринин жер участокторун которуунун (трансформациялоонун) убактылуу тартибин жетекчилике алып жана Ак-Булун айылдык кеңешинин 2009-жылдын 20-майындагы токтомунда көрсөтүлгөн № 228 контур -10,1га ; № 198 контур- 9.61 га № 108 - 6,0га ; № 278 -3,0 га ; № 885 контур -4,0 га контурлардагы үй курууга берилген жерлерди трансформациядан өткөрүү үчүн айылдык кенеш ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Ак-Булун айылдык кенешинин 27- чакырылышынын 2009-жылдын 20-майындагы кезексиз сессиясында : № 228 контур -10,1га ; № 198 контур- 9.61 га № 108 - 6,0га ; № 278 -3,0 га ; № 885 контур -4,0 контурларындагы бардыгы 32,71 га жер тилкелерине “Айрым айыл чарба багытындгы жер участокторун калктуу конуштар категориясына которуу жөнүндөгү” токтомуна макулдук берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кенештин жер жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөт башчысы Т.У Жакуповго жүктөлсүн.
Төрага
Алымбек уулу Исламбек
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 50 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 0 · цитируется в 0 · связанные 1
Связанные документы (1)
По данным источника (cbd.minjust.gov.kg), без указания, кто на кого ссылается.
- Постановление Правительства КР от 31 октября 2018 года № 512 "Об утверждении Временного порядка перевода (трансформации) земельных участков орошаемой пашни, застроенных…Постановление · 31.10.2018 · № 512 · Утратил силу