# Момбеков айылдык кеңешинин 2019-жылдын 19-декабрындагы №2 "Момбеков айылдык кеӊеши тарабынан кабыл алынган айрым токтомдорду жокко чыгаруу жана айрым токтомдорго толуктоо жана өзгөртүү киргизүү жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Момбеков айылдык кеңешинин 2019-жылдын 19-декабрындагы №2 "Момбеков айылдык кеӊеши тарабынан кабыл алынган айрым токтомдорду жокко чыгаруу жана айрым токтомдорго толуктоо жана өзгөртүү киргизүү жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 2
- Дата принятия: 19.12.2019
- Статус: Действует
- Редакция от: 19.12.2019
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/432349>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-62380/edition/996157/ru>

> Текст приведён по редакции от 19.12.2019 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Момбеков айылдык кеңешинин 2019-жылдын 19-декабрындагы №2 "Момбеков айылдык кеӊеши тарабынан кабыл алынган айрым токтомдорду жокко чыгаруу жана айрым токтомдорго толуктоо жана өзгөртүү киргизүү жөнүндө" токтому (ред. от 19.12.2019) - https://aqlex.ai/kg/doc/432349

---

МОМБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

Момбеков айылдык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги 29 сессиясы

2019-жылдын 19-декабры №2 Момбеков айылдык кеӊеши тарабынан кабыл алынган айрым токтомдорду жокко чыгаруу жана айрым токтомдорго толуктоо жана өзгөртүү киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 23-октябрындагы “Кыргыз Республикасында эл жана турак жай фондун каттоого даярдык көрүү жана өткөрүү жөнүндө” № 690-токтомуна таянып, Момбеков айылдык кеӊеши тарабынан кабыл алынган айрым токтомдорду жокко чыгаруу жана айрым токтомдорго толуктоо жана өзгөртүү киргизүү максатында Момбеков айылдык кеңешинин ХХVII-чакырылышынын 29-сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Момбеков айылдык кеӊеши тарабынан кабыл алынган 27-апрель 2018-жылдагы Бостон айылына Кудайназаров Салинин, Жаӊы-Кыштак айылындагы жаӊы конушка Эгембердиев Садиштин, Чамашов Апсаматтын ысымын ыйгаруу жөнүндөгү № 2- токтому жокко чыгарылсын.

2. Момбеков айыл аймагынын Момбеков айылдык кеӊеши тарабынан кабыл алынган 21-август 2019-жылдагы № 2-токтомуна төмөндөгүдөй өзгөртүү жана толуктоолор киргизилсин:

3. Чек айылындагы мурдагы №12-бригаданын шыйпаӊынын батыш тарабынан жогору карай кеткен көчөнүн эски аталышы боюнча Чек көчөсү калтырылсын жана жаӊы коюлган Мавлянов Көкүмбайдын ысымы жокко чыгарылсын.

-Жазгак айылындагы эски саан короонун ичи эски аталыштагы Жазгак -2 көчөсү калтырылсын жана жаӊы коюлган Шакиров Тагайдын ысымы жокко чыгарылсын. -Курулуш айылындагы мал базардын жогору жагындагы Курулуш, Курулуш-1 көчөлөрүнүн эски аталыштары калтырылсын жана жаӊы коюлган Осмонов Тургуналынын ысымы жокко чыгарылсын.

4. Кабыл алынган токтом Акыйкат гезитине жарыялансын.

5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн статист-экономисти А Кадировго жүктөлсүн.

Төрага

Т.Стамбаев
