# Дөбөлү айылдык кеңешинин 2019-жылдын 6-сентябрындагы №34/3 "Кыргыз Республикасынын "Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө"токтому

- Полное наименование: Дөбөлү айылдык кеңешинин 2019-жылдын 6-сентябрындагы №34/3 "Кыргыз Республикасынын "Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө"токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 34/3
- Дата принятия: 06.09.2019
- Статус: Действует
- Редакция от: 06.09.2019
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/432215>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-62251/edition/994105/ru>

> Текст приведён по редакции от 06.09.2019 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Дөбөлү айылдык кеңешинин 2019-жылдын 6-сентябрындагы №34/3 "Кыргыз Республикасынын "Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө"токтому (ред. от 06.09.2019) - https://aqlex.ai/kg/doc/432215

---

ДӨБӨЛҮ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

Дөбөлү айылдык кеңешинин (XXVII чакырылышынын) кезектеги 34-сессиясы

2019-жылдын 6-сентябры №34/3 Кыргыз Республикасынын "Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө Кыргыз Республикасынын "Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө" Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-октябрындагы "Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы күчүнө киргенге чейин жеке турак үйлөр курулуп калган же жергиликтүү өз алдынча башкаруунун ыйгарым укуктуу органдарынын же алардын укук мурастоочусу болгон жергиликтүү өз алдынча башкаруунун тийиштүү органдарынын чечимдери бар болгон сугат айдоо жерлеринин жер участокторун которуунун (трансформациялоонун) убактылуу тартибин бекитүү тууралуу №512 токтому менен бекитилген убактылуу тартипке ылайык, айылдык кеңеш ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Дөбөлү айыл аймагынан Кенеш айылынын №477 контурдагы 3 га жер аянтын "Айыл чарба багытындагы сугат айдоо жерлер" категориясынан "Калктуу конуштун жерлери" категориясына которууга макулдук берилсин.

2. Тийиштүү иш кагаздарын даярдап, сунуштоо жагы айыл өкмөтүнүн башчысы У.Алсеитовго милдеттендирилсин.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы тийиштүү комитетке тапшырылсын.

Төрага

Уланбек уулу Ж
