# Чолпон-Ата шаардык кеңешинин 2018-жылдын 12-декабрындагы №29/17-7 "Муниципалдык кызматтардын базалык реестрин бекитүү жѳнүндѳ"токтому

- Полное наименование: Чолпон-Ата шаардык кеңешинин 2018-жылдын 12-декабрындагы №29/17-7 "Муниципалдык кызматтардын базалык реестрин бекитүү жѳнүндѳ"токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 29/17-7
- Дата принятия: 24.12.2019
- Статус: Действует
- Редакция от: 24.12.2018
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/432073>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-62117/edition/987772/ru>

> Текст приведён по редакции от 24.12.2018 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Чолпон-Ата шаардык кеңешинин 2018-жылдын 12-декабрындагы №29/17-7 "Муниципалдык кызматтардын базалык реестрин бекитүү жѳнүндѳ"токтому (ред. от 24.12.2018) - https://aqlex.ai/kg/doc/432073

---

ЧОЛПОН-АТА ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Чолпон-Ата шаардык кеңешинин депутаттарынын XXIX чакырылышынын кезектеги XVIII сессиясы

2018-жылдын 12-декабры №29/17-7 Муниципалдык кызматтардын базалык реестрин бекитүү жѳнүндѳ Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат кѳрсѳтүүлѳр жѳнүүндѳ» Мыйзамынын негизинде, Кыргыз Республикасынын /кмѳтүнүн 2018-жылдын 5-февралындагы №80 токтомуна ылайык, Чолпон-Ата шаардык мэриясынын 2018-жылдын 27-ноябрындагы №01/1110 иш кагазын, шаардык кеңештин «Депутаттык этика, мыйзамдуулук жана коомдук уюмдар менен байланыш боюнча» туруктуу комиссиясынын 2018-жылдын 6-декабрындагы отурумунун бүтүмүн карап чыгып, талкуулап жеке жана юридикалык жактарга муниципалдык кызмат кѳрсѳтүү тутумун оптималдаштыруу, алардын сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу максатында Чолпон-Ата шаардык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Чолпон-Ата шаардык мэриясы тарабынан кѳрсѳтүлүүчү муниципалдык кызматтардын базалык реестри тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Шаардык кеңештин аппаратына токтомду Чолпон-Ата шаардык кеңешинин ченемдик-укуктук актыларды каттоо журналына каттоо, массалык маалымат каражаттарына жарыялоо жана мамлекеттик каттоодон ѳткѳрүү үчүн областтык юстиция башкармалыгына жиберүү жагы тапшырылсын.

3. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы шаардык кеңештин «Депутаттык этика, мыйзамдуулук жана коомдук уюмдар менен байланыш боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Төрагасы:

К.Токтомуратов
