# Исфана шаардык кеңешинин 2019-жылдын 27-сентябрындагы №4 "Исфана шаар мэриясынын “Үлүштүк (дем берүүчү) гранттардын эсебинен социалдык объекттер боюнча артыкчылыктуу долбоорлордун тизмегин бекитип берүү жөнүндө"токтому

- Полное наименование: Исфана шаардык кеңешинин 2019-жылдын 27-сентябрындагы №4 "Исфана шаар мэриясынын “Үлүштүк (дем берүүчү) гранттардын эсебинен социалдык объекттер боюнча артыкчылыктуу долбоорлордун тизмегин бекитип берүү жөнүндө"токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 4
- Дата принятия: 27.09.2019
- Статус: Действует
- Редакция от: 27.09.2019
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/432010>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-62054/edition/986572/ru>

> Текст приведён по редакции от 27.09.2019 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Исфана шаардык кеңешинин 2019-жылдын 27-сентябрындагы №4 "Исфана шаар мэриясынын “Үлүштүк (дем берүүчү) гранттардын эсебинен социалдык объекттер боюнча артыкчылыктуу долбоорлордун тизмегин бекитип берүү жөнүндө"токтому (ред. от 27.09.2019) - https://aqlex.ai/kg/doc/432010

---

ИСФАНА ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Исфана шаардык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги XXI сессиясы

2019-жылдын 27-сентябры № 4 Исфана шаар мэриясынын “Үлүштүк (дем берүүчү) гранттардын эсебинен социалдык объекттер боюнча артыкчылыктуу долбоорлордун тизмегин бекитип берүү жөнүндө «Исфана шаар мэриясы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 21-апрелиндеги №230 токтому менен бекитилген “Үлүштүк (дем берүүчү) гранттардын эсебинен долбоорлорду таңдоо жана каржылоо жөнүндөгү” Жобого ылайык, үлүштүк гранттардын эсебинен каржылоо жөнүндө сунушун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-пунктуна ылайык Исфана шаардык Кеңешинин V чакырылышынын кезектеги XXVI сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Исфана шаарына караштуу социалдык объекттер боюнча артыкчылыктуу долбоорлордун тизмеги, тиркемеге ылайык бекитилсин. (тиркеме тиркелет).

2. Ушул токтом шаардык Кеңештин аппаратында каттоодон өткөрүлүп, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтуу өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин www.gаmsumo.gov.kg сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Исфана шаардык Кеңешинин бюджет, экономика, өнөр жай, айыл чарба жана инвестиция иштери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Шаардык кеӊешинин төрагасы:

Б.И.Тагаев

Исфана шаардык Кеңешинин V чакырылышынын кезектеги XXVI сессиясынын 2019-жылдын 27-сентябрындагы \\№4 токтомуна тиркеме

Үлүштүк гранттардын эсебинен 2020-жылы каржылоого сунушталуучу долбоорлордун ТИЗМЕСИ

№

Мекеменин, обьекттин аталышы

Жетекчисинин фамилиясы, аты

Долбоордун аталышы

каржылоо

жалпы бюджет

грант

өздүк салым

салым %

1

Исфана орто мектеби

Худойназаров Давронбек

Исфана орто мектебинин кателун жана жылуулук трассасын капиталдык оңдоо

3968,215

3000,0

968,215

24,4 %

2

А.Навои атындагы орто мектеби

Сатарова Орозгуль

А.Навои атындагы орто мектебинин кателун жана жылуулук трассасын капиталдык оңдоо

3976,700

3000,0

976,700

24,5 %

Билим берүү тармагы боюнча башкы адиси:

З. Хабибуллаев
