Терек-Сай айылдык кеңешинин «Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун Терек-Сай айыл аймагынын жер фондусунун инвентаризациялоо жана калктуу конуштарынын чек араларынын белгилөө материалдарын бекитүү жөнүндө» токтому
Вопрос по этому документу?Сверьте ответ чат-бота с документом
ИИ ответит по тексту законаИИ ответит по действующей редакции · бесплатно
40 ответов ИИ в месяц - бесплатно. Банковская карта не нужна.
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Терек-Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектүү ХV сессиясы
2019-жылдын 06-августу № 1 Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун Терек-Сай айыл аймагынын жер фондусунун инвентаризациялоо жана калктуу конуштарынын чек араларынын белгилөө материалдарын бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 18-беренесинин 4-пунктуна ылайык, Терек-Сай айыл аймагынын 2019-жылынын баш оона айынын 05-деги № 1 буйругунун негизинде, “Кыргызмамжердолборлоо” мамлекеттик жерге жайгаштыруу боюнча долборлоо институтунун Республикалык топурак агрохимиялык станциясы даярдаган Терек-Сай айыл аймагынын жер фондун инвентаризациялоо жана калктуу конуштарынын чек араларынын белгилөө материалдарын карап чыгып, Терек-Сай айылдык Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чаткал районунун Терек-Сай айыл аймагынын жер фондун инвентаризациялоо материалдары бекитилсин.
2. Чаткал районун Терек-Сай айыл аймагынын калктуу конуштарынын чек араларын белгилөө долбоору боюнча “Кыргызмамжердолборлоо” мамлекеттик институтунун Республикалык топурак агрохимиялык станциясы тарабынан даярдалган материалдар жактырылсын.
3. Терек-Сай айыл аймагынын жер фондун инвентаризациялоо жана калктуу конуштарынын чек араларынын белгилөө боюнча материалдарын, райондун администрациясына бекитип берүүгө , киргизүү жагы райондук мамлекеттик администрация башчысынын 2018-жылдын бирдин айынын 22-деги № 19 буйругу менен түзүлгөн комиссиядан суралсын.
4. Токтомду көзөмөлдөө жагы Терек-Сай айыл аймагынын башчысы Б.Ашырбаевге милдеттендирилсин.
5. Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.
Төрага
Ажакматов И. К.
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.
40 ответов ИИ в месяц - бесплатно. Банковская карта не нужна.