# Жылалды айылдык кеңешинин 2019-жылдын 24-августундагы № 8 "2019-жылдын 8-ай ичинде айылдар арасында калктын таза суу менен камсыз болушунун абалы жөнүндө аткарылып жаткан иштери боюнча" токтому

- Полное наименование: Жылалды айылдык кеңешинин 2019-жылдын 24-августундагы № 8 "2019-жылдын 8-ай ичинде айылдар арасында калктын таза суу менен камсыз болушунун абалы жөнүндө аткарылып жаткан иштери боюнча" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 8
- Дата принятия: 24.08.2019
- Статус: Действует
- Редакция от: 24.08.2019
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/431426>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-61473/edition/974665/ru>

> Текст приведён по редакции от 24.08.2019 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Жылалды айылдык кеңешинин 2019-жылдын 24-августундагы № 8 "2019-жылдын 8-ай ичинде айылдар арасында калктын таза суу менен камсыз болушунун абалы жөнүндө аткарылып жаткан иштери боюнча" токтому (ред. от 24.08.2019) - https://aqlex.ai/kg/doc/431426

---

ЖЫЛАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Жылалды айылдык Кеңешинин ( VI шайланган) XIV- кезектүү сессиясы

2019-жылдын 24-августу № 8 2019-жылдын 8-ай ичинде айылдар арасында калктын таза суу менен камсыз болушунун абалы жөнүндө аткарылып жаткан иштери боюнча Жылалды айылдык Кенешинин ( VI шайланган) кезектүү XIV - сессиясынын күн тартибиндеги айыл башчылар А. Сарыковдун, М. Абжапаровдун Марат уулу Ибрагимдин 2019-жылдын 8-ай ичинде айылдар арасында калктын таза суу менен камсыз болушунун абалы жөнүндө аткарылып жаткан иштер боюнча 16.08.2019-жылдагы маалыматтарын угуп жана талкуулап Жылалды айылдык Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1999-жылдын 25-марты № 33 ичүүчү суу жөнүндө (Кыргыз Республикасынын 2000-жылдын 29-сентябрындагы № 81, 2003-жылдын 28-июнундагы № 118, 2009-жылдын 20-июлундагы № 240, 2011-жылдын 12-ноябрындагы № 206, 2012-жылдын 10-октябрындагы № 170, 2014-жылдын 18-июлундагы № 144 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык) III бөлүмдүн Иүүчү суунун сапатын камсыз кылуу жана ага контролдук жүргүзүү боюнча 14- статьясынын негизинде , 2019-жылдын 8-айына карата, айыл өкмөтүнүн аймагындагы айылдар арасында калктын таза суу менен камсыз болушунун абалы жөнүндө аткарып жаткан иштери боюнча А. Сарыковдун, М. Абжапаровдун Марат уулу Ибрагимдин маалыматтары канааттандырарлык деп табылсын.

2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңешинин социалдык тармактар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Төрага

М. Акназаров
