Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Отуз-Адыр айылдык кеңешинин «Отуз-Адыр айыл ɵкмɵтүндɵгү айыл чарба жерлеринин кайра бɵлүштүрүү фондунун жерлерин ижарага берүү боюнча Жер комиссиясынын иш Регламентин бекитүү жɵнүндɵ» токтому
ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айылдык Кеңешинин кезектеги II сессиясынын (алтынчы чакырылыштагы)
2019-жылдын 07-августу № 11 Отуз-Адыр айыл ɵкмɵтүндɵгү айыл чарба жерлеринин кайра бɵлүштүрүү фондунун жерлерин ижарага берүү боюнча Жер комиссиясынын иш Регламентин бекитүү жɵнүндɵ Кыргыз Республикасынын Өкмɵтүнүн 2007-жылдын 22-июнундагы №243-токтому менен жактырылган “Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү шарттары жана тартиби тууралуу” Типтүү Жобонун 22-пунктунун негизинде Отуз-Адыр айылдык Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Отуз-Адыр айыл ɵкмɵтүндɵгү айыл чарба жерлеринин кайра бɵлүштүрүү фондунун жерлерин ижарага берүү боюнча Жер комиссиясынын иш Регламенти бекитилсин.
2. Бекитилген иш Регламентине ылайык иш алып баруу жер комиссиясына милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын кɵзɵмɵлдɵɵ айылдык Кеңештин тɵрагасынын орун басарына жүктɵлсүн. (А.Адашов)
Төрага
Н. А. Калматов
БЕКИТЕМИН Отуз-Адыр айылдык Кеңешинин 2019-жылдын “07” –августундагы II сессиясынын № 11 токтому
_______________________ (Н.А.Калматов)
Ош облусундагы Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айыл өкмөтүндөгү айыл чарба жерлеринин кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин ижарага берүү боюнча Жер комиссиясынын иш РЕГЛАМЕНТИ Жалпы жоболор Жер комиссиясын түзүү тартиби Жер комиссиясынын кызматтары Жер комиссиясынын отурумун уюштуруу жана өткөрүү тартиби
1.Жалпы жоболор
1.1. АКФнын жер участокторунун берүү боюнча жер комиссиясы өз ишмердигин Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодексине жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 03-сентябрындагы №602- токтому менен бекитилген АКФнын жерлерин берүү тартиби жана шарттары жөнүндөгү типтүү жобого, ушул Регламентке жана башка Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык ишке ашырат.
2. Жер комиссиясын түзүү тартиби
2.1. Жер комиссиясынын курамы Отуз-Адыр айылдык Кеңеши тарабынан бекитилет.
2.2. Жер комиссиясынын ишмердигин уюштуруу жагын камсыз кылууну Отуз-Адыр айыл өкмөтү ишке ашырат.
2.3. Жер комиссиясы 7 адамдан кем эмес санда түзүлөт, анын курамына жергиликтүү кеңештин 3төн аз эмес депутаттары кирет
Айыл өкмөт башчысы Комиссиянын курамына кызматы боюнча кирет Жер комиссиясынын курамына ошондой эле айыл башчылар, коомчулуктун жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү кириши мүмкүн. Жер комиссиясынын курамына кирген депутаттардан комиссиянын төрагасы шайланат. Жер комиссиясынын катчысы болуп айыл өкмөтүнүн, поселоктук, шаардык башкармалыктын катчысы дайындалат. Агрардык өнүктүрүүнүн райондук башкармалыгынын өкүлү Жер комиссиясынын отурумуна байкоочу катары катышканга укуктуу.
2.4. Айыл өкмөтүнүн башчысы тарабынан аукционду алып баруучу дайындалат
3.Жер комиссиясынын кызматтары
3.1. Жер комиссиясы төмөнкү кызматтарды аткарат:
-аукционду өткөрүү датасын, ордун жана тартибин аныктайт; -лотторду түзөт; -ижара акысынын баштапкы же такталган (фиксированный) өлчөмүн аныктайт; -конкурстун шарттарын аныктайт;
- кепилдик төлөмүнүн өлчөмүн аныктайт;
- лоттордун чек араларын аныктайт
- ар бир лот боюнча баштапкы ижара акысынын өлчөмүн аныктайт;
-Ар бир лот боюнча ижара мөөнөтүн аныктайт; -ар бир лот боюнча аукциондун «арымынын» өлчөмүн аныктайт; -ижара акысын төлөө формаларын жана мөөнөтүн аныктайт; -сооданын жыйынтыктарынын протоколуна кол коет;
- конкурсту өткөрөт;
- талапкерлерди аукционго катыштыруу (же катыштырбоо) тууралуу чечим кабыл алат;
- кабыл алынган арыздардын жана аларга тиркелген документтердин КР аракеттеги мыйзамдарына ылайык ижарачыга коюлуучу талаптарга жооп берерин текшерет;
- сооданын өткөрүү жол жобосу менен байланышкан бардык талаш маселерди чечет;
- КР мыйзамдары менен аныкталган башка кызматтарды аткарат.
3.2. Жер комиссиясы төмөнкүлөргө:
- мамлекеттик администрациясынын тиешелүү кызматтарынан, түзүмдөрүнөн жана чарба жүргүзүүчү субьектилерден документтерди, бүтүмдөрдү, экспертиза актыларын жана отрумдарда каралуучу маселелерге тиешеси бар башка материалдарды алганга;
-эксперттерди, анын ичинде көз каранды эмес эксперттерди, тиешелүү бүтүмдөрдү даярдоо боюнча ишке тартканга; -өз ишмердиги жөнүндөгү материалдарды массалык маалымат каражаттарында жарыялаганга укуктуу.
4. Жер комиссиясынын отурумун уюштуруу жана өткөрүү тартиби
Жер комиссиясы өз ишмердигин отурум түрүндө ишке ашырат. Отурумдардын жыйынтыктарына протокол толтурулат, ага Жер комиссиясынын катчысы. Төрагасы жана башка бардык катышкан мүчөлөрү кол коет. Жер комиссиясынын отуруму Комиссиянын төрагасы аныктаган күндөрү өткөрүлөт. Жер комиссиясынын отурумун Жер комиссиясынын төрагасы алып барат. Төрага жок болуп калганда отурумду Комиссиянын мүчөлөрүнүн ичинен шайланган Жер комиссиясынын төрагасынын орун басары өткөрөт. Эгерде отурумга добуш бергенге укуктуу мүчөлөрдүн жарымынан көбү катышкан болсо, Жер комиссиясы өз компетенциясына тиешелүү чечимдерди кабыл алганга укуктуу. Жер комиссиясынын чечими ачык добуш берүү жолу менен. катышкандардын жөнөкөй көпчүлүгүнүн добушу менен кабыл алынат. Добуштар тең болуп калганда, төрагалык кылуучунун добушу чечүүчү болот. Жер комиссиясынын мүчөсү түздөн түз каржылык жактан кызыкдар же арызы каралып жаткан адамга тууган болсо, Комиссиянын мындай мүчөсү бул маселени караганга жана ал боюнча чечим кабыл алганга укуктуу эмес. Жер комиссиясынын мүчөлөрүнө, райондук Агрардык өнүктүрүү департаментинин өкүлүнө боло турган отурум жөнүндө аны өткөргөнгө 3 күн калганга чейин кабарланат. Отурумдун башында Жер комиссиясынын төрагасы талкууланып жаткан маселени мүнөзүнө жана ыйгарым укуктуу органдардан жана эксперттерден түшкөн расмий бүтүмдөргө жараша иштөө тартибин аныктайт. АКФнын жерлерин ижаралоо укугун берүү боюнча аукционду өткөрүү эрежелери Жалпы жоболор Бул Эрежелер Кыргыз Республикасынын Жер Кодексине, Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодексине жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 03-сентябрь №602-токтому менен бекиген АКФнын жерлерин ижарага берүү тартиби жана шарттары жөнүндөгү типтүү жобого ылайык иштелип чыкты жана Отуз-Адыр айыл өкмөтүндөгү АКФнын жер участокторуна болгон ижара укугун сатуу боюнча аукциондорду өткөрүү тартибин жөнгө салат. Жер участокторун ижаралоо укуктарын аукциондук сатуу, рыноктук жер мамилелерин тереңдетүү, аларды пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуу, жер участоктору менен бүтүмдөрдү жасоонун тунуктугун камсыз кылуу максатында ишке ашырылат.
Аукционду даярдоо Документтерди кабыл алуу мөөнөтү аяктагандан кийинки күнү Жер комиссиясы аукционго катышуу боюнча бардык кабыл алынган арыздарды жана документтерди карайт. Талапкелердин арыздары менен документтери Жер комиссиясы тарабынан каралат. Арыздарды жана документтерди кароонун жыйынтыгы боюнча Жер комиссиясы арыз берүүчүлөрдү (талапкерлерди) аукционго катышканга уруксат берүү боюнча чечим кабыл алат, уруксат берилген, ошондой эле аукционго катышууга уруксат берилбеген арыз берүүчүлөрдүн (талапкерлердин) тизмесин көрсөтүү менен, ал жөнүндө протокол (№ 1-тиркеме) түзүлөт. Жер комиссиясы кабыл алынган арыздардын жана аларга тиркелген документтердин аракеттеги КР мыйзамдары боюнча ижарачыларга коюлган талаптарга ылайык келерин текшерет.
Арыз берүүчүлөрдүн (талапкерлердин) аукционго катышуусуна уруксат берүү протоколу аукцион өткөргөндөн 3 күн мурда айыл өкмөтүнүн имаратына илинет. Аукционго катышуу үчүн кепилдик төлөмү Жер комиссиясы тарабынан баштапкы ижара акысынын 15 %ынан 30 %ына чейинки өлчөмдө аныкталат. Эгерде талапкер соодага бир нече лот боюнча катыша турган болсо, кепилдик төлөмү ар бир лот боюнча төлөнөт. Кепилдик төлөмүн төлөөдө аны төлөгөндүгү тууралуу квитанция берилет.
Кепилдик төлөмү төмөнкү учурларда кайтарылып берилбейт:
- жеңүүчү аукциондун жыйынтыгы жөнүндө протоколго кол коюдан баш тарткан учурда;
- жеңүүчү АКФнын жерин ижаралоо келишимин түзүүдөн баш тартканда.
Калган учурларда кепилдик төлөмү:
- аукционго катышуудан баш тартуу жөнүндө арыз берилген күндөн;
- аукцион бүткөн күндөн;
- аукцион өткөн жок деп таанылган күндөн баштап 5 жумуш күнүнүн ичинде кайтарылып берилет.
2.8. Жеңүүчү менен ижара келишими түзүлгөн учурда кепилдик төлөмү ижара төлөмүнө кошулат.
2.9. АКФнын жерлерин ижарага берүү үчүн айыл өкмөт башчысы тарабынан Аукциончу дайындалат.
Аукционду өткөрүү тартиби Аукциондун башталышын жарыялаганга 2 сааттан аз эмес убакыт калганга чейин Жер комиссиясынын катчысы аукционго катышууга уруксат берилгендерди каттоо ведомостун (2-тиркеме) толтуруу менен. катышуучуларды каттай баштайт. Ар бир катышуучу номер менен катталат жана каттоо номерине ылайык аукцион билетин жана аукционду өткөрүү тартибинин текстин (3-тиркеме) алат. Аукциондун жүрүшүндө номерлүү табличканы башка жактын пайдалануусуна тыюу салынат. Талапкерлерди каттоо аукционду башталганга 10 мүнөт калганда токтойт. Аукционго чейин өз убагында каттодон өтпөгөндөр аукционго катыштырылбайт. Аукциондун катышуучусу арыз берген жана кепилдик төлөмүн төлөгөн лоттор боюнча гана аукционго катышканга укуктуу. Ар бир лотко экиден кем эмес талапкер болгондо гана аукцион өткөрүлөт. Лотко бир талапкер болуп калганда. Мындай лот аукциондон алынып салынат. Аукционду Аукциончу өткөрөт. Ал аукцион башталардын алдында аукционду өткөрүү тартибин жана катышуучуларга карата колдонулучу мүмкүн болгон жазалоо чараларын (санкция) жарыялайт. Жазалоо чараларынын өлчөмү Жер комиссиясы тарабынан аныкталат. Андан кийин Аукциончу аукционго коюлуп жаткан ар бир лотту атап, ага кыскача мүнөздөмү берип, баасын айтат. Аукциондун жүрүшүндө Аукциончу лоттун баштапкы баасын жарыялайт жана аукциондун жүрүшүндө аны Жер комиссиясы тарабынан мурда аныкталган аукциондун кадамына жогорулатканга укуктуу. Ар бир катышуучу лотту сатып алганга даярдыгын бирдей күчкө ээ эки түрдүү ыкма менен жарыялаганга укуктуу:
- Аукциондун билети (аукциондун катышуучусунун билети) менен табличканы көтөрүү, бул Аукциончу жарыялаган бааны кабыл алгандыгын күбөлөндүрөт (сунуш кылынган бааны үн чыгарбастан кабыл алуу);
- табличканы көтөрүү жана ошол эле мезгилде лоттун баасы боюнча өз сунушун айтуу, ал Аукциончу жарыялаган баадан эң аз болгондо бир кадамга, сөзсүз түрдө эселенген кадамга жогору болушу керек ( бааны үн чыгарып сунуш кылат).
Аукционду Аукциончу тарабынан лоттун атын, негизги мүнөздөмөлөрүн, баштапкы ижара акысын жана аукциончу тарабынан лоттун атын, негизги мүнөздөмөлөрүн, баштапкы ижара акысын жана аукциондун «арымын» жарыялоо, аны менен бирге эле аукцион балкасын уруу менен башталат да, эгерде катышуучулардын бири эле ыкмалардын бири лотту сатып алганга даяр экендигин билдирсе. Аукциончу баштапкы бааны же сатып алуучу сунуш кылган бааны аукциондун кадамына көтөрөт, андан ары бааны ушул тартипте ырааттуу жогорулата берет. Эгерде кезектеги бааны үч жолу (1 мүнөттүк аралык менен) жарыялангандан кийин катышуучулардын эч кимиси андан жогорку бааны сунуш кылбаса, акыркы бааны сунуш кылган катышуучу жеңүүчү болуп жарыяланат. Эгерде аукциондун катышуучуларынын бири үн чыгарып сунуш кылган баа аукциондун кадамынын эселенген суммасы болбосо, анда Аукциончу бул сунушту кабыл албайт да, өзүнүн баасын же мурунку катышуучу атаган бааны алууга макулдук катары эсептейт. Аукциончу бааны жарыялагандан кийин биринчи аукцион билетин көтөргөн катышуучунун үндөбөгөнү Аукциончу сунуш кылган баага макулдук катары түшүрүлөт. Мындан кийин Аукциончу табличканы биринчи көтөргөн катышуучунун номерине атайт жана аукциондун кадамына эселенген кийинки бааны жарыялайт. Эгерде бир мүнөөттүк аралык менен үч жолу эң жогорку бааны жарыялагандан кийин башка сунуш болбосо, лот боюнча аукцион балка урулуу жана Аукциончу тарабынан «САТЫЛДЫ» деген сөздү айтуу менен аяктайт. Лот үчүн эң жогорку бааны сунуш кылган катышуучу аукциондун жеңүүчүсү болуп таанылат. Лот боюнча аукцион бүткөндөн кийин Аукциончу лоттун сатылгандыгын жарыялап, жер участогунун дарегин, сатылуу баасын , аукциондун жеңүүчүсүнүн билетин айтат жана аны аукциондун протоколуна кол коюу үчүн чакырат. Протокол аукцион учурунда Жер комиссиясынын катчысы тарабынан жүргүзүлөт жана анда лоттун аты, баштапкы баа,катышуучулардын сунуштары жана аукциондун жыйынтыктары (4-тиркеме) болот. Протоколго сооданы уюштуруучу, катчы, аукциондун жеңүүчүсү, экинчи жеңүүчү кол коет жана төрт нускада түзүлөт: бирөө ижарачы үчүн, экинчиси ижарага берүүчү үчүн, үчүнчүсү Жер комиссиясы үчүн, төртүнчүсү жергиликтүү Мамкаттоо үчүн болот. Жер комиссиясынын мүчөлөрү аукцион барагын толтуруу жолу менен (4-тиркеме) аукциондун жүрүшүн көзөмөлдөшөт. Аукциондун протоколуна кол коюдан баш тарткан аукциондун жеңүүчүсүнө кепилдик төлөмү кайтарылып берилбейт. Бул лот боюнча аукцион Жер комиссиясы тарабынан экинчи жеңүүчүгө протоколго кол коюуну сунуштоо жолу менен кайра жанданат. Аукциондун протоколуна кол койгон экинчи жеңүүчү аукциондун Жеңүүчүсү болуп эсептелет. Кепилдик төлөмүнүн суммасы аукциондун Жеңүүчүсүнөн башка бардык катышуучуларга 5 жумуш күнүнүн ичинде кайтарылып берилет. Аукционду өткөрүү учурунда: -аукциондун катышуучуларынын сүйлөшүүсүнө;
- конкретүү лот боюнча аукционго катышпаган жактын кандайдыр бир жол менен аукционго кийлигишүүсүнө;
Аукциончунун уруксатысыз аукцион залында орун которуштуруп жүргөнгө; -Жер комиссиясынын төрагасынын уруксаты жок аудиого, видеого жазганга, сүрөткө тартканга, телевидение аркылуу көрсөткөнгө жол берилбей. Аукцион бүткөндө анын катышуучулары аукциондун катышуучусунун аукцион билетин кайтарып бериши керек. Аукцион билетин кайтаруудан баш тарткан учурда Жер комиссиясы мындай катышуучуга карата каржы жазаларын колдонгонго укуктуу. Эреже бузууларды болтурбоо жана тартипти орнотуу үчүн Аукциончу: -аукциондун катышуучусун же аукционго катышып жаткан жакты бир жолу оозеки эскерткенге; -аукциондун катышуучусун же аукционго катышып жаткан жакты кайталап тартипти бузганы үчүн чыгарып жибергенге;
- аукциондун жыйынтыгына таасир этүүчү эреже буузулар үчүн конкреттүү лот боюнча аукционду токтотконго укуктуу.
Аукцион:
- эгерде ага бир арыз берүүчү катышса;
-ушул Жобонун 3.14-пунктунда каралган экинчи жеңүүчү аукциондун жыйынтыгы жөнүндөгү протоколго кол коюдан баш тартса;
- баштапкы ижара акысын үч жолу жарыялагандан кийин аукциондун бир да катышуучусу билетин көтөрбөсө, аукцион өткөн жок таанылат.
Ижара келишимин түзүү жана келишимдин мамлекеттик каттодон өткөрүү, лоттун баасын төлөө Айыл өкмөт (жер участогун ижарага берүүчү) аукциондун протоколуна кол койгон учурдан баштап 10 жумуш күндүн ичинде аукциондун Жеңүүчүсү менен ижара келишимин түзөт (6-тиркеме). Келишим жергиликтүү Мамкаттоодо мамлекеттик каттодон өтөт. Келишимди мамлекеттик каттоодон өткөрүү боюнча бардык чыгымдар аукциондун Жеңүүчүсү тарабынан төлөнөт. Ижара келишимдери 4 нускада түзүлөт: бирөө аукциондун Жеңүүчүсү (Ижарачы) үчүн, экинчиси айыл өкмөт (Ижарага берүүчү) үчүн, үчүнчүсү Жер комиссиясы үчүн, төртүнчүсү жергиликтүү Мамкатоо үчүн болот. Лот үчүн эсептерди жүргүзүү тартиби жана шарттары ижара келишими менен аныкталат. Аукциондун жеңүүчүсүнүн кепилдик төлөмү лоттун баасына кошулат.
АКФнын жерлерин ижаралоо боюнча аукционго катышуу арыздарын кабыл алуу жана каттоо боюнча колдонмо Аукционго катышуу үчүн жеке жана юридикалык жактар айыл өкмөтү аныктаган форма боюнча (№1 тиркеме) арыз жазышат жана бул Колдонмону 7-пунктунда каралган документтердин тизмесин беришет. Аукционго катышуу жөнүндөгү арызды арыз жазуучу жеке өзү же ыйгарым укуктуу өкүлү аркылуу берет. Экинчи учурда буга кошумча нотарилдык жактан күбөлөндүрүлгөн ишеним кат жана өкүлдүн паспортунун көчүрмөсү берилет. Жер комиссиясынын катчысы арызды жана бул Колдонмонун 7-пунктунда каралган башка документтерди кабыл алат. Катчы аларды атайын Арыздарды каттоо журналына (№4 тиркеме ) каттайт, каттоо номерин берет, кабыл алуу датасын көрсөтөт. Мында каттоо номери төмөнкү документтерди: Арызда, Арыздарды кабыл алуу журналында жана Документтерди кабыл алуу жана каттоо жөнүндөгү билдирүүдө бирдей болушу керек. Арыздардын жана башка документтерди кабыл алуу аукционду өткөрүү датасына беш жумуш күнү калганда токтойт. Арыздарды жана бериле турган документтердин үлгүлөрү жалпыга жеткиликтүү жерге илинип коюлушу керек. Жер комиссиясынын катчысы зарылчылык болгон учурда аларды жазганга жана толтурганга көмөк көрсөтөт. Жер комиссиянын катчысы аукционго катышуу арыздардын жана бардык зарыл документтерди кабыл алып, каттагандан кийин датасын жана каттоо номерин көрсөтүп, Документтерди кабыл алуу жана каттоо жөнүндөгү билдирүүнү (2- тиркеме) ага бергенге милдеттүү . Соодага катышуу үчүн документтер берилет. Жеке жактар: Аукционго катышканга арыз; Инсандыгын тастыктаган (паспорт) документтин көчүрмөсү; Ар бир лотко кепилдик взносун төлөгөндүгү жөнүндөгү квитанциянын көчүрмөсү. Документтерди өкүл аркылуу берген учурда, буга кошумча нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн ишеним кат жана өкүлдүн көчүрмөсү талап кылынат Юридикалык жактар: Аукционго катышканга арыз; Инсандыгын тастыктаган (паспорт) документтин көчүрмөсү; Ар бир лотко кепилдик взносун төлөгөндүгү жөнүндөгү квитанциянын көчүрмөсү; Уюмдун уставынын көчүрмөсү; Уюмду каттоо туурулуу Күбөлүктүн көчүрмөсү; Уюштуруу келишиминин көчүрмөсү; Ишеним кат же кызмат адамын дайындоо жөнүндөгү буйрук. Арыз берүүчү арыздарды кабыл алуу мөөнөтү бүткөнгө чейин каалаган учурда лотту алмаштырганга укуктуу. Ал Жер комиссиянын башчысына жазуу түрүндө арыз бериши керек. Жер комиссиясынын катчысы кабыл алынган документтердин Жер комиссиясынын төрагасы бергенге чейин сакталышына жооптуу. Жер комиссиясынын катчысы арыз берген жактар тууралуу маалыматтын жана берилген документтердин мазмунун башкаларга билдирилбеши (конфиденциальность) үчүн жооптуу. Жер комиссиясынын катчысы ар бир жумуш күнүнүн аягында катталган арыздарды аларга тиркелген документтер менен бирге сейфте сактоо үчүн Жер комиссиясынын төрагасына бергенге милдеттүү. Мында Арыздарды каттоо журналына сөзсүз түрдө белги коюлат. Төмөнкү учурларда:
- арыз ылайык келбеген жак тарабынан берилгенде;
- арыз сооданы өткөрүү жөнүндөгү билдирүүдө көрсөтүлгөн арыздарды кабыл алуу
- мөөнөтү аяктагандан кийин берилгенде;
- сооданы өткөрүү жөнүндөгү билдирүүдө көрсөтүлгөн тизме боюнча зарыл документтер толук эмес берилгенде же берилген документтер талапка ылайык эмес толтурулганда арыз берүүчүнүн арызын кабыл алуудан баш тартылышы мүмкүн.
Кабыл алынбаган арыз ага тиркелген документтер менен бирге аны берген күнү эле арыз берүүчүгө кайтарылып берилет. Баш тартуу жөнүндөгү билдирүүдө баш тартуунун себеби жана датасы көрсөтүлөт. Бул документ арыз берүүчүгө же анын ыйгарым укуктуу өкүлүнө тил якатын алып туруп тапшырылат. Жер комиссиясынын катчысы баш тартууну Баш тартууларды каттоо журналына (№5 тиркеме) жазат, анда төмөнкү маалыматтар көрсөтүлөт: Датасы Арыз берүүчүнүн аты-жөнү Жашаган жери Баш тартуунун себеби Арыз берүүчүнүн колу Арыз берүүчү аукцион башталганга чейин Жер комиссиясынын төрагасына жазуу түрүндө билдирүү жолу менен арызын чакыртып алганга укуктуу. Бул учурда арыз берүүчүдөн түшкөн кепилдик төлөмү Жер комиссиясы арызды жана соодага киргизүү тууралуу документтерди караган учурдан баштап, беш күндөн кечиктирилбеген
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 2 · цитируется в 0 · связанные 0
Ссылается на (2)
- Постановление Правительства КР от 22 июня 2007 года № 243 "О Типовом положении об условиях и порядке предоставления в аренду земель Фонда перераспределения сельскохозяйственных…Постановление · 22.06.2007 · № 243
- Постановление Правительства КР от 3 сентября 2012 года № 602 " О внесении изменений в постановление Правительства Кыргызской Республики О Типовом положении об условиях и порядке…Постановление · 03.09.2012 · № 602