# Т. Зулпуев айылдык кенешинин 2019-жылдын 14-мартындагы № 2 "Кызмат көрсөтүүнү уюшутуруу стратегиясына кошумча кызматты уюштурууну кошуу жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Т. Зулпуев айылдык кенешинин 2019-жылдын 14-мартындагы № 2 "Кызмат көрсөтүүнү уюшутуруу стратегиясына кошумча кызматты уюштурууну кошуу жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 2
- Дата принятия: 14.03.2019
- Статус: Действует
- Редакция от: 14.03.2019
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/431244>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-61292/edition/971362/ru>

> Текст приведён по редакции от 14.03.2019 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Т. Зулпуев айылдык кенешинин 2019-жылдын 14-мартындагы № 2 "Кызмат көрсөтүүнү уюшутуруу стратегиясына кошумча кызматты уюштурууну кошуу жөнүндө" токтому (ред. от 14.03.2019) - https://aqlex.ai/kg/doc/431244

---

Т. ЗУЛПУЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ Ош облусунун Ноокат районунун Т. Зулпуев атындагы айылдык кенешинин алтынчы чакырылышынын кезексиз он тогузунчу сессиясы

2019-жылдын 14-марты № 2 Кызмат көрсөтүүнү уюшутуруу стратегиясына кошумча кызматты уюштурууну кошуу жөнүндө

Т.Зулпуев атындагы айыл аймагында USAIDдин “Ийгиликтүү аймак” долбоорунун алкагында аткарылып жаткан “Кызмат уюштуруу стартегиясына» кошумча кызматты кошуу, башкача айтканда айыл аймагындагы Катуу Тиричилик Калдыктарын чыгаруу кызматын кошуу жана кызматты уюштуруу стандарттары жана иш-аракеттер планы иштелип чыгуу боюнча Т.Зулпуев атындагы айыл кеңешинин “Укук, мыйзамдуулук жана регламент”, “Экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк” боюнча туруктуу комиссиялары тарабынан каралып чыгылып, Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 18-февралындагы №83-токтомунун Жобосуна ылайык Т.Зулпуев атындагы айылдык кенеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кызмат уюштуруу стартегиясына КТК чыгаруу кызматы кошулсун жана кызматты уюштуруу стандарттары жана иш-аракеттер планы иштелип чыгылсын;

2. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл кылуу жагы Т.Зулпуев атындагы айыл кеңешинин «Укук, мыйзамдуулук жана регламент” боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Төрага

К. М. Мурзаматов

КТК чыгаруу кызматтын уюштуруу боюнча стандарттары жана кызмат көрсөтүүлөрдүн иш-аракеттер планы

4

Таштанды чыгаруу кызматын уюштуруу

Негизги көйгөй: Айлана-чөйрөгө таштандылар толуп кетүүдө Себептери: Аймакта таштанды чыгаруу кызматы уюштурулган эмес. Айыл аймак боюнча таштанды чыгарып, ташый турган ишкана жок Таштанды чогултуучу контейнерлер жок Таштанды жеткире турган полигон жок Кесепеттери: Экологиялык чөйрө бузулууда Жугуштуу оорулардын таралуусуна шарттар түзүлүүдө Санитардык-эпидемиологиялык абалдын начарлоодо

№4 Кызмат көрсөтүүнүн аталышы: Таштанды чыгаруу боюнча кызмат көрсөтүүнү уюштуруу

1.1 Кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттары (Таштанды чыгаруу боюнча кызмат көрсөтүүнү уюштуруу)

1.2 Кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу боюнча иш-аракеттер планы (Таштанды чыгаруу боюнча кызмат көрсөтүүнү уюштуруу)

1.1 Кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттары (Таштанды чыгаруу боюнча кызмат көрсөтүүнү уюштуруу)

№

Стандартты иштеп чыгуу үчүн критерий

Кызмат көрсөтүүнүн стандарты

Жеткиликтүүлүк

Ар бир кожолуктан таштандыларды чыгарууга шарт түзүлөт. Кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматтын элге жеткиликтүүлүгү.

Ыңгайлуулук

Таштанды ар бир үйдүн алдынан алынып чыгылат. КТКны жумушчулар машинага жүктөшөт. Жашоочулар кайсы күнү таштанды алып чыгуучу унаа келээрин билишет.

Кызмат көрсөтүүнүн сапаты

КТК жыйноо жери таза бойдон калат. КТК жыйноо үчүн иштеген атайын техника жана квалификациялуу жумушчулар тартылат. Белгиленген графиктен өзгөрүүсүз таштанды чыгарылып турат.

Ишке ашырылган убактысы

Кызмат көрсөтүү түзүлгөн графикке ылайык ишке ашырылат. Таштанды чыгаруу кызматы аптасына бир жолу көргөзүлөт.

1.2 Кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу боюнча иш-аракеттер планы (Таштанды чыгаруу кызматын жакшыртуу)

№

Кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу боюнча иш-аракеттер

Күтүлгөн жыйынтык/ продукт

Ресурстар

Өткөрүү мөөнөтү

Жооптуу

Максаты:

Т. Зулпуев Айыл Аймагында КТК чыгаруу боюнча кызмат көрсөтүүнү уюштуруу:

Күтүлгөн жыйынтык (индикатор)

Т. Зулпуев айылдык аймагында КТК чыгаруу боюнча кызмат көрсөтүүнү уюштурулду, ишкана ачылды, кызмат көрсөтүү жөнгө салынды

№1 тапшырма: Кызмат көрсөтүүнүн баасын эсептөө

Күтүлгөн жыйынтык (индикатор): Кызмат көрсөтүүнүн баасы эсептелинди

1.1.

КТК чыгаруу боюнча кызмат көрсөтүүнүн тарифин рентабелдүүлүгүн эсепке алуу менен иштеп чыгуу

КТК чыгаруу үчүн тарифтин көлөмүнүн долбоору иштелип чыкты

Жумушчу комиссия Айыл өкмөтүнүн аппараты USAID дин “Ийгиликтүү аймак” Долбоору.

Февраль, 2019-жыл

Жумушчу комиссиянын төрагасы ФЭБ жетекчиси Айыл өкмөттүн соцкызматкери

№2 тапшырма: Кызмат көрсөтүүнүн баасын макулдашуу жана ресурс менен толтуруу

Күтүлгөн жыйынтык (индикатор): Баасы (тарифтер) жергиликтүү жамаат менен макулдашылды; Кызмат көрсөтүүлөр үчүн каржылоо булактары аныкталды.

2.1.

Коомдук угууларда же айылдык чогулуштарда тарифти жергиликтүү жамаат менен талкуулоо, макулдашуу жана кызмат көрсөтүүнүн басын ресурс менен толуктоо

КТК жыйноо үчүн тарифтин көлөмүн жактыруу тууралуу коомдук угуулардын протоколу

Жумушчу комиссия Айыл өкмөтүнүн аппараты USAID дин “Ийгиликтүү аймак” Долбоору.

Февраль, 2019-жыл

Жумушчу комиссиянын төрагасы ФЭБ жетекчиси Айыл өкмөттүн соцкызматкери Айылдардын башчылары АК депутаттары

2.2.

Жергиликтүү кеңештин КТК чыгаруу үчүн тарифти бекитүүсү

КТК чыгаруу үчүн тарифти бекитүү тууралуу жергиликтүү кеңештин токтому

Жумушчу комиссия Айыл өкмөтүнүн аппараты Жергиликтүү кеңештин профилдик комитети Жергиликтүү кеңеш USAID дин “Ийгиликтүү аймак” Долбоору.

Февраль-март, 2019-жыл

Жумушчу комиссиянын төрагасы Айыл өкмөттүн ФЭБ жетекчиси Жергиликтүү кеңештин профилдик комитетинин төрагасы Жергиликтүү кеңештин төрагасы

№3 тапшырма: Кызмат көрсөтүүнү жеткирип берүүчүнү тандап алуу

Күтүлгөн жыйынтык (индикатор): Кызмат көрсөтүүнү жеткирип берүүчү (провайдер) тандалып алынды

3.1.

Кызмат көрсөтүүнү жеткирип берүүчүнү тандап алуу боюнча ачык конкурсту өткөрүү тартибин иштеп чыгуу жана бекитүү

Конкурсту өткөрүү тартиби боюнча Жобону бекитүү тууралуу жергиликтүү кеңештин токтому Конкурсту өткөрүү тартиби боюнча Жобо

Жумушчу комиссия Жергиликтүү кеңеш Айыл өкмөтүнүн аппараты USAID дин “Ийгиликтүү аймак” Долбоору.

Март, 2019-жыл

Жумушчу комиссиянын төрагасы Жергиликтүү кеңештин төрагасы Айыл өкмөт аппаратынын профилдик адиси

3.2.

Конкурстук комиссияны түзүү

Конкурстук комиссияны түзүү жөнүндө айыл өкмөт башчынын буйругу

Жумушчу комиссия Айыл өкмөтүнүн аппараты

Март, 2019-жыл

Жумушчу комиссиянын төрагасы Айыл өкмөт башчысы Жооптуу катчы

3.3.

Жеткирип берүүчүнү тандап алуу боюнча конкурсту өткөрүү

Кызмат көрсөтүүнү жеткирип берүүчүнү тандап алуу боюнча конкурстук комиссиянын протоколу

Конкурстук комиссия Айыл өкмөтүнүн аппараты

Апрель, 2019-жыл

Конкурстук комиссиянын төрагасы Айыл өкмөт аппаратынын профилдик адиси

3.4.

Айыл өкмөтү менен кызмат көрсөтүүнү жеткирип берүүчү ортосунда тейлөө келишимин иштеп чыгуу, аны түзүү

Кызмат көрсөтүүлөрдү жеткирип берүүчү тууралуу тейлөө келишими

Айыл өкмөтүнүн аппараты Жумушчу комиссия Кызмат көрсөтүүнү жеткирип берүүчү

Апрель, 2018-жыл

Айыл өкмөт башчысы Жумушчу комиссиянын төрагасы Жооптуу катчы Кызмат көрсөтүүнү жеткирип берүүчү

3.5.

Муниципалдык мүлктү колдонуу келишимин даярдоо, түзүү (ижарага берүү, чарба жүргүзүү)

Муниципалдык мүлктү колдонууга келишим (ижара, чарба жүргүзүү)

Айыл өкмөтүнүн аппараты Жумушчу комиссия Кызмат көрсөтүүнү жеткирип берүүчү

Апрель, 2019-жыл

Айыл өкмөт башчысы Жумушчу комиссиянын төрагасы Жооптуу катчы Кызмат көрсөтүүнү жеткирип берүүчү

3.6.

Кызмат көрсөтүүлөрдү жеткирип берүүчү менен абоненттер ортосунда келишимди иштеп чыгуу, абоненттик келишимди түзүү

Кызмат көрсөтүүлөрдү жеткирип берүү тууралуу абоненттик келишим

Кызмат көрсөтүүнү жеткирип берүүчү Айыл өкмөтүнүн аппараты Абоненттер

Апрель, 2019-жыл

Кызмат көрсөтүүнү жеткирип берүүчү Абоненттер

№4 тапшырма: Кызмат көрсөтүүнүн сапатына коомдук мониторинг

Күтүлгөн жыйынтык (индикатор): Жергиликтүү жамаат кызмат көрсөтүү боюнча мониторинг жана баалоо тууралуу маалыматка ээ болду

4.1.

Биргелешкен мониторинг жана баалоо тобу (БМжБТ) тууралуу Жобону иштеп чыгуу жана бекитүү

Жергиликтүү кеңештин токтому

Жумушчу комиссия Жергиликтүү кеңеш Айыл өкмөтүнүн аппараты USAID дин “Ийгиликтүү аймак” Долбоору.

Март, 2019-жыл

Жумушчу комиссиянын төрагасы Жергиликтүү кеңештин төрагасы Айыл өкмөт аппаратынын профилдик адиси

4.2.

Биргелешкен мониторинг жана баалоо тобун (БМжБТ) түзүү

БМжБТ түзүү жөнүндө айыл өкмөт башчысынын буйругу

Жумушчу комиссия Айыл өкмөтүнүн аппараты USAID дин “Ийгиликтүү аймак” Долбоору.

Март, 2019-жыл

Айыл өкмөт башчысы Жумушчу комиссиянын төрагасы Жооптуу катчы

4.3.

Кызмат көрсөтүүнүн сапатына мониторинг жана баалоо жүргүзүү

Мониторингдин жыйынтыктары боюнча БМжБТ актысы БМжБТ отчету

БМжБТ

Сентябрь, 2019-жыл

БМжБТ төрагасы
