Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Т. Зулпуев айылдык кенешинин «Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүндө Катуу тиричилик калдыктарын (КТК) чыгаруу боюнча кызмат көрсөтүүгө болгон тарифти бекитүү жөнүндө» токтому
Т. ЗУЛПУЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ Ош облусунун Ноокат районунун Т. Зулпуев атындагы айылдык кенешинин алтынчы чакырылышынын кезексиз он тогузунчу сессиясы
2019-жылдын 14-марты № 1
Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүндө Катуу тиричилик калдыктарын (КТК) чыгаруу боюнча кызмат көрсөтүүгө болгон тарифти бекитүү жөнүндө
Т.Зулпуев атындагы айыл аймагында катуу тиричилик калдыктарын чыгаруу өкмөтүнүн Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн тургундарына, коммерциялык багыттагы жана бюджеттик багыттагы мекеме-ишканаларга карата КТК болгон тарифин ЮСАИДдин “Ийгиликтүү аймак” долбоорунун эксперттеринин кеп-кеңеши, ошондой эле Т.Зулпуев атындагы айыл аймагындагы айыл тургундары менен өткөрүлгөн чогулуштарынын протоколдору Т.Зулпуев атындагы айыл кеңешинин “Укук, мыйзамдуулук жана регламент”, “Экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк” боюнча туруктуу комиссиялары тарабынан каралып чыгылып, Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 18-февралындагы №83-токтомунун Жобосуна ылайык Т.Зулпуев атындагы айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Т.Зулпуев атындагы айыл аймагындагы Катуу тиричилик калдыктарын (КТК) чыгаруу боюнча кызмат көрсөтүүгө болгон тарифти ар бир кожолук тарабынант чыгарылган КТК көлөмү үчүн түзүлгөн калькуляциянын негизинде төмөнкү тариф белгиленсин:
-Ар бир кожолуктан чыгарылган 1(бир) кап катуу Тиричилик Калдыктарына 20 сом , -Коммерциялык ишканалар үчүн 1( бир ) кабына 40 сомдон
2. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл кылуу жагы Т.Зулпуев атындагы айыл кеңешинин «Укук, мыйзамдуулук жана регламент” боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага
К. М. Мурзаматов
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.