# Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин 2019-жылдын 04-сентябрындагы №154 "Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагындагы жайыт комитетинин 2018-жылга аткарган иштеринин маалыматын угуу, 2019-жылга иш-планынын жана бюджетин бекитүү жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин 2019-жылдын 04-сентябрындагы №154 "Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагындагы жайыт комитетинин 2018-жылга аткарган иштеринин маалыматын угуу, 2019-жылга иш-планынын жана бюджетин бекитүү жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 154
- Дата принятия: 04.09.2019
- Статус: Действует
- Редакция от: 04.09.2019
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/431101>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-61151/edition/969832/ru>

> Текст приведён по редакции от 04.09.2019 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин 2019-жылдын 04-сентябрындагы №154 "Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагындагы жайыт комитетинин 2018-жылга аткарган иштеринин маалыматын угуу, 2019-жылга иш-планынын жана бюджетин бекитүү жөнүндө" токтому (ред. от 04.09.2019) - https://aqlex.ai/kg/doc/431101

---

КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектүү XVII сессиясы

2019-жылдын 04-сентябры №154 Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагындагы жайыт комитетинин 2018-жылга аткарган иштеринин маалыматын угуу, 2019-жылга иш-планынын жана бюджетин бекитүү жөнүндө Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагындагы жайыт комитетинин 2018-жылга аткарган иштеринин маалыматы боюнча Агрардык маселелер боюнча туруктуу комитеттин билдирүүсүн эске алып, Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектүү XVII сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагындагы жайыт комитетинин киреше-чыгашасы Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 28-декабрындагы № 254, 2016-жылдын 7-майындагы №56 мыйзамдарынын редакцияларына ылайык жана 2017-жылдын 1- январынан тартып колдонууга киргизилген Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 48- “Жергиликтүү бюджеттердин кирешелери” беренесинин 10-пунктуна ылайык, жайыттарды пайдалангандыгы үчүн төлөм жайыт салыгын кошпогондо 740,019 миӊ сомго бекитилсин.

2. Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн жайыт комитетине жайыт пайдалануучулардан түшкөн каражаттарды жергиликтүү бюджетке багыттоо милдети жүктөлсүн.

3. Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагындагы жайыт комитетинин 2019-жылга иш-планы бекитилсин.

4. Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн жайыт комитетине жайыт комитетинин 2018-жылда пайдаланылбай калган 54,0 миӊ сом 2019-жылы жайттарды жакшыртууга жумшалсын.

5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Кызыл-Өзгөрүш айыл Кеңешинин Бюджет жана экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш, тышкы экономика байланыш боюнча комиссиясына тапшырылсын.

6. Бул токтом www.kyzyl-ozqorush.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.

7. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.

Төрага

Э. Сагынбеков
