Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин «Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагындагы жайыт комитетинин 2018-жылга аткарган иштеринин маалыматын угуу, 2019-жылга иш-планынын жана бюджетин бекитүү жөнүндө» токтому
КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектүү XVII сессиясы
2019-жылдын 04-сентябры №154 Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагындагы жайыт комитетинин 2018-жылга аткарган иштеринин маалыматын угуу, 2019-жылга иш-планынын жана бюджетин бекитүү жөнүндө Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагындагы жайыт комитетинин 2018-жылга аткарган иштеринин маалыматы боюнча Агрардык маселелер боюнча туруктуу комитеттин билдирүүсүн эске алып, Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектүү XVII сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагындагы жайыт комитетинин киреше-чыгашасы Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 28-декабрындагы № 254, 2016-жылдын 7-майындагы №56 мыйзамдарынын редакцияларына ылайык жана 2017-жылдын 1- январынан тартып колдонууга киргизилген Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 48- “Жергиликтүү бюджеттердин кирешелери” беренесинин 10-пунктуна ылайык, жайыттарды пайдалангандыгы үчүн төлөм жайыт салыгын кошпогондо 740,019 миӊ сомго бекитилсин.
2. Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн жайыт комитетине жайыт пайдалануучулардан түшкөн каражаттарды жергиликтүү бюджетке багыттоо милдети жүктөлсүн.
3. Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагындагы жайыт комитетинин 2019-жылга иш-планы бекитилсин.
4. Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн жайыт комитетине жайыт комитетинин 2018-жылда пайдаланылбай калган 54,0 миӊ сом 2019-жылы жайттарды жакшыртууга жумшалсын.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Кызыл-Өзгөрүш айыл Кеңешинин Бюджет жана экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш, тышкы экономика байланыш боюнча комиссиясына тапшырылсын.
6. Бул токтом www.kyzyl-ozqorush.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
7. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага
Э. Сагынбеков
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.