Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Ала-Бука айылдык кеңешинин «Салыктык укук мамилелери чөйрөсүндө мамлекеттик ыйгарым укуктардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө» токтому
АЛА-БУКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Ала-Бука айылдык аймагынын айылдык Кеңешинин ХХVI- чакырылышынын кезексиз 10- сессиясы
2018-жылдын 21-декабры № 5 Салыктык укук мамилелери чөйрөсүндө мамлекеттик ыйгарым укуктардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө 2016-жылдын 11-апрелиндеги №202 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Токтому менен бекитилген “Салыктык укук мамилелери чөйрөсүндө өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан ишке ашырылышынын тартиби жөнүндө” Жобонун, Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө” Мыйзамынын жана айыл өкмөттүн киреше бөлүмүнүн башкы адисинин милдетин аткаруучу Г.Чотбаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ала-Бука айылдык Кеңешинин XXVI- чакырылышынын кезексиз 10 -сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2016-жылдын 11-апрелиндеги №202 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Токтому менен бекитилген Жобого макулдук берилсин.
2. Мамлекеттик салык кызматынын Ала-Бука району боюнча башкармалыгы менен келишим түзүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.
3. Токтом Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын alabuka.kg сайтына жарыялансын.
4. Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Ала-Бука айыл Өкмөтүнө жүктөлсүн.
5. Токтомдун аткарылышынын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин төрагасынын орун басары А.Саттаровго жүктөлсүн.
Төрага
М. Мамырбеков
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 1 · цитируется в 0 · связанные 1
Ссылается на (1)
Связанные документы (1)
По данным источника (cbd.minjust.gov.kg), без указания, кто на кого ссылается.
- Налоговый кодекс КРКодекс · 17.10.2008 · № 230 · Утратил силу