# Кашка-Суу айылдык кеңешинин 2019-жылдын 19-июнундагы № 5 "Аксы райондук мамлекеттик салык кызматы менен Кашка-Суу айыл өкмөтү тарабынан түзүлгөн эки тараптуу келишимди бекитүү жөнүндө."токтому

- Полное наименование: Кашка-Суу айылдык кеңешинин 2019-жылдын 19-июнундагы № 5 "Аксы райондук мамлекеттик салык кызматы менен Кашка-Суу айыл өкмөтү тарабынан түзүлгөн эки тараптуу келишимди бекитүү жөнүндө."токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 5
- Дата принятия: 19.07.2019
- Статус: Действует
- Редакция от: 19.07.2019
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/429987>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-61035/edition/987802/ru>

> Текст приведён по редакции от 19.07.2019 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Кашка-Суу айылдык кеңешинин 2019-жылдын 19-июнундагы № 5 "Аксы райондук мамлекеттик салык кызматы менен Кашка-Суу айыл өкмөтү тарабынан түзүлгөн эки тараптуу келишимди бекитүү жөнүндө."токтому (ред. от 19.07.2019) - https://aqlex.ai/kg/doc/429987

---

КАШКА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Кашка-Суу айылдык кеңешинин VII чакырылышынын

кезексиз XXIX сессиясы

2019-жылдын 19-июну № 5 Аксы райондук мамлекеттик салык кызматы менен Кашка-Суу айыл өкмөтү тарабынан түзүлгөн эки тараптуу келишимди бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 30-майындагы №235-токтомунун негизинде Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын айрым кызматкерлеринин жылдык финансылык чыгымдарынын эсебин, класстык ченине иш стажына төлөнүүчү кошумчаларды материалдык чыгымдары боюнча КРнын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 1-мартындагы №131 токтомуна ылайык Аксы райондук мамлекеттик салык кызматы тарабынан түзүлгөн эки тартиптүү келишимди бекитүү максатында Кашка-Суу айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 1-мартындагы №131 токтомунун негизинде Аксы райондук салык кызматы менен Кашка-Суу айыл өкмөтү тарабынан түзүлгөн эки тараптуу келишим бекитилсин.

2. Токтом айыл өкмөтүнүн расмий сайтына жарыялансын.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдүккө алуу жагы айылдык кеңештин каржы, бюджет жана кредит маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Төрага

Ө. Мамадалиев
