# Кызыл-Тоо айылдык кеңешинин 2019-жылдын 24-октябрындгы №95 "К.Курманбеков атындагы башталгыч мектебинин жылытуу системасынын капиталдык ремонттун бүткөрүү жөнүндө"токтому

- Полное наименование: Кызыл-Тоо айылдык кеңешинин 2019-жылдын 24-октябрындгы №95 "К.Курманбеков атындагы башталгыч мектебинин жылытуу системасынын капиталдык ремонттун бүткөрүү жөнүндө"токтому
- Вид акта: Постановление
- Редакция от: 24.10.2019
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/429710>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/429710/edition/983232/ru>

> Текст приведён по редакции от 24.10.2019 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Кызыл-Тоо айылдык кеңешинин 2019-жылдын 24-октябрындгы №95 "К.Курманбеков атындагы башталгыч мектебинин жылытуу системасынын капиталдык ремонттун бүткөрүү жөнүндө"токтому (ред. от 24.10.2019) - https://aqlex.ai/kg/doc/429710

---

КЫЗЫЛ-ТОО АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ (6-шайланган) кезектеги 21-сессиясы 2019-жылдын 24-октябры №95

К.Курманбеков атындагы башталгыч мектебинин жылытуу системасынын капиталдык ремонттун бүткөрүү жөнүндө

К.Курманбеков башталгыч мектебинин жылытуу системасынын капиталдык ремонттун 2018-2019-жылда пайдаланууга берүү үчүн айыл өкмөтүнөн каражат бөлүнүп берилген. Жылытуу сиситемасынын ремонту талаптагыдай бүткөрүлбөй келет. Кыш мезгили жакындаганын эске алып тез арада бүткөрүү маселеси коюлуп Кызыл-Тоо айылдык кеңешинин 6-шайланган 21-сессиясы угуп жана талкуулап

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. К.Курманбеков башталгыч мектебинин жылытуу системасынын капиталдык ремонттун 2019-жылдын 7-ноябрына чейин бүткөрүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысы К.Бакировко милдеттендирилсин.

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин финансы экономика боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Төрага

К.Кадырбеков
