Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин «Жаңы-Ноокат жайыт комитетинин 2018-жылда жγргγзгѳн чарбалык ишмерγγлγгγнγн отчоту жѳнγндѳ»
ЖАҢЫ-НООКАТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ (алтынчы чакырылышы) 25- кезектеги сессиясы
2019-жылдын 11-мартты №6 Жаңы-Ноокат жайыт комитетинин 2018-жылда жγргγзгѳн чарбалык ишмерγγлγгγнγн отчоту жѳнγндѳ Жаңы-Ноокат айыт комитетинин 2018- чарбалык жылында жγргγзгѳн чарбалык ишмердγγлγгγ боюнча отчотун угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын “Жергиликтγγ ѳз алдынча башкаруу жана жергиликтγγ мамлекеттик администрациясы жѳнγндѳгγ мыйзамына” таянып Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин сессиясынын отуруму Т О К Т О М К Ы Л А Т
1. Жаңы-Ноокат жайыт комитетинин 2018-жылда жγргγзгѳн чарбалык ишмерγγлγгγ тууралу отчоту канаттандырарлык деп эсептелсин.
2. Жаңы-Ноокат жайыт комитетинин 2019-жылга карата ишмердγγлγгγндѳ отчотто кѳрсѳтγлгѳн багыттар боюнча аткаруучулук иштерди жγргγзγγ жагын камсыз кылуу Жаңы-Ноокат жайыт комитетине тапшырылсын.
3 Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы айылдык кеңештинэкономика.бюджет соода жана ишкердγγлγк боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага
А.Имамов
Жаңы-Ноокат жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2018 жылдагы аткарган иштери боюнча
Отчет
Урматуу депутаттар. Урматуу жыйындын катышуучулары. 2018 -жылга ЖК нин аткарган иштери боюнча отчетко карай турган болсок Кыргыз Республикасынын 2009 – жылдын 19- июнундагы «Жайыттар жөнүндөгү» № 386 токтомунун негизинде биздин Жаңы-Ноокат айыл окмотундо Жаңы-Ноокат Жайыт пайдалануучулар бирикмеси 16 январь 2010 -жылы уюштурулган. Бизге 6183 гектар жайыт жер айыл өкмөтүнөнөткөн, жайыт пайдаланууга ынгайлусуу 4667 гектарды түзөт. Бул жайыттар боюнча чегараларын аныктап ушул күнгө чейин тактап жүрөбүз, Биз 2018- жылдын божомол бюджетин түзүүдө мал башына төлөм акы чыгарганбыз жана аны2018 -жылдын 9 апрельде айылдык Кеңеш карап чыгып №2 токтому менен бекитип бергенсиздер.
Бож,план бир баш сумма
№
Малдын түрү
саны
баасы
Сумма
чыканы
1
Бодо мал
500
120
60000
276
2
Торпогу
200
60
12000
139
3
Кой
4410
63
277830
4005
4
Козу
3100
17
52700
1655
5
Эчки
150
60
9000
134
6
Улагы
100
60
6000
40
7
Жылкы
100
250
25000
45
8
Кулуну
50
150
7500
8
Бардык сумма
450 030
Божомолдоо пайдаланылган жер
2427
1444
Биз бюджетти түзүүдө Жайыт акысыны айларга, бир жылдык мөнөткө деп жайыты жайгашкан жарине карап түзгөнбүз, ар түрдүүчө жайыт акысын чыгарганбыз. Бюджет боюнча киреше 450 030 сом түзгөн. Бул сумманы 3 кварталга район финотдел (казначества) болгондо 150 000 сомдон тура келген. Биз ар айында 50 000 сомдон акча топтоп банк аркалуу Айыл өкмөтэсбине төлөшүбүз көрсөтүлгөн. Бул аткарылды. Нак акча топтолгону 474353 сом.божомол бюджетинин 105 % аткарылды. Бул 2017 жылгы топтолбой калган жайыт акы эсебинен аткарылды. Автогрейдерден түшкөн акча 71 000 сом -20378 зар/п соцстрах= 50 622 сом калды. Бардыгы болуп 524975 сом. 1 январь 2018 жылдан счетубузда калган акчабыз 67495 сом, = 592470 сом. Сарпталганы.
№п/п
Статья
Сарпталганы;
1
Жер налогу
80 650
2
Акк счет айыл окмот 3/1
116730
8
Башка чыгымдар
1190
1
Эмгек акы
144000
9
Район Ассц член взнос
3000
2
Социальный фонд
24840
10
Түшкөн киреше налогу 3%
964
3
Транспорт чыгымы
7917
11
Инфраструктураны оңдоо Чили-Сай көпүрөөүчүн
44850
4
Конц товары
1000
12
Бишкекке Автогрейдер үчүн
50000
5
Электр энергия
0
13
Яш участкасына суу чыгаруу
48600
6
Газета журнал
0
14
Банктын кызмат акысы
950
7
Сапарга чыгуу чыгымы
2466
Бардыгы;
527 157
Бугункү күнгө эсебибизде 33980 акчабыз бар. Айыл өкмөттөн 1 январга чейин жайыт комитетке өтпөй калганы 31333 сомду түзөт . 2018 жылга топтолбой калганы бар Алар Юлдошов М 11715 сом. Нишонов Юсуфжонда 6000 сом.Каратаев Мамасакыда 15300 сом. Эрдовлетов Ибрайда 18000 сом биринчи январь 2019 жылга төлөнбөй калды.51015 сомду түзөт . Жайытка чыгуу мыйзамы боюнча Жайыт билеттерин алгандарга жана жайыт акын төлөгөндө гана жайытка чыгууга уруксат берилет. Жайыт билеттери жайыт жерлерин пайдалануу үчүн тиешелуу жайыт жерге арыз жазып, вет справка жана акы тологондон кийин берилет. Биз айылдын шартына карап акы толоо 1 -октябрынан кечиктирилбеши шарт деп белгилегенбиз , бирок айрым койчулар жана малчылар кээ бир шылтоолор менен 3-4 жолуга чейин чуркатып анан толошот, биз бул жылы ошондой тологон жайыт пайдалануучуларга оз чарабызды колдонобуз, жайыт жерди туура иштеген жайыт пайдалануучуга беребиз. Жаңы-Ноокат айылында жайыт жер сурап келген адамдар коп. Жогоруда айтылган адамдарды жайыт акын оз убакгында толобогондорду сот аркылуу ондуруп, 2019 жылы жайытка чыгууга жол бербестикке туура келет. Жай мезгилинде мониторинг (текшеруу) иштери жургузулду. Чечме участкасында Ойилма болумудогу Сугарт,Кушойнок, Адыр жайытына малдын жана жылкыны озунча коюп жиберген адамдар коп. Биз ар жылы алар менен тушундуруу иштерин алып барабыз, натижа жок, адамдар малды туну постон айдап отушот. Пост бул жылы башкача болот. Биз малдын санын кобойтурбой сапаты пародалык малга айландырышыбыз керек. Чачме участкасында жайыт жерлер турат. Исанов жайыт комитети аркалу Кичик Алайга баруучулар арыз менен кайрылса биз алар менен суйлошуп жонотобуз.
Инфраструктураны ондоо боюнча отчет.
1) 2018 жылы «Чили-Сай дарыясындагы копурону капиталдык ондоо» проекти жазылып
Ош областык АРИС ПРЖР-2 тандодон откондон кейин Ош дагы «ОсОО Аист – Строй» ишканасы тендерден утуп 20 апрель айында иш баштап 24 май куну копурок курулуп иш аткарылды. АРИС ПРЖР – 2 мал чарбасын жана рынокту онуктуруу долбоору аркалуу каржылап - 631 210 сом Жайыт комитети аркалу - 44850 сом. Материал менен кошкон элдын салымы Мухаммед кошкон темир материал -144 000 сом. Акы толонбос эмгек 34 000 сом (темир двух тавур орнотуга, экскаватор менен иштер аткарылды). Бардыгы болуп 854 060 сом.
2) 2018 жылы Жаңы-Ноокат Жайыт комитетине АРИС аркалуу Автогредер сатып алынды.
АРИС ПРЖР – 2 мал чарбасын жана рынокту онуктуруу долбоору аркалу каржылап - 4 900 000 сом Жаңы-Ноокат айыл окмоту аркалуу - 2 700 000 сом. Жайыт комитети аркалу - 50 000 сом. Бардыгы болуп 7 650 000 сом.
3) Жаш болумундо суу лоток орнотуп 220 метр узундуктан полиэтилен шланги менен суу чыгарып кой малдарга суу ичуучу жай үчүн эвковатор менен казып шланги тартылды.
Жайыт комитети аркалу - 48600 сом каржыланып 60 % иш аткарылды. Апрель айында 100 % ишге ашырылат. Биздин ойлонтургон участкалар Гезерт жана Кайынды участкасы бар, Биз пайдаланбаган жерге ушул күнгө чейин жер салыгын төлөп жатабыз. Бюджетибиз 2019- жылга 380 590 сомго бюджет түзгөнбүз . Бизге тушкон акча район казначейство аркалуу Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн атайын эсебине түшүп анан 3/2 бөлүгү Жайыт комитетинин счетуна кайтып келет. Ошондуктан апрель май айында 70% бюджетти топтошубуз керек. Инфраструктураны ондоо үчүн бул жылы АРИС ПРЖР – 2 мал чарбасын жана рынокту онуктуруу долбоору аркалу жана жайыт комитети аркалу ишке ашырабыз. АРИС берген акчанын 25 % Жайыт комитети жана жайыт пайдалануучулар, эл, демоорчулор нак акча менен салым кошушат. Андан тышкары бизде «Көчмө койдун жүнүн кыркуу пункту» уюштурулган.Биз бир бригада түзүп ПОРТЕР автомашина менен Ойилма жана Мачетмиян жайытына жакын жерлерге жайгаштырыш планыбызда бар , бир баш койго 50 сомдон . Түшкөн киреше алардын эмгек акысы жана башка чыгымдарга жана инфраструктураны ондоо үчүн жумшалат.
Жаңы-Ноокат жайыт комитети 2019 жылы жайытка чыгуу графиги
ГРАФИК.
Жазда 10 -апрель айынан баштап 9 -май айына чейин Адыр учаскасында мал багууга уруксат берилет. 10-май айынан 1-сентябрь айына чейин Ойилма. Чачме жана Мачетмиян болумдаруно уруксат берилет. 01 сентябрь айынан 01 ноябрь айына чейин Адыр учаскасында мал багууга уруксат берилет. Жаңы-Ноокат айыл аймагындагы Аулгаз жана Адыр болумдорундогу кароолчуларга сезон мезгилинде 2 баш кара мал торпогу менен. 1 баш жумушчу ат. 10 баш кой багууга уруксат берилет. Акысы 2019 жылга айылдык кенеш белгиленген төлөм боюнча төлөйт.
КР жайыттар жөнүндө мыйзамдардын бузгандыгы үчүн штрафтар. Кыргыз республикасынын өкмөтүнүн 2013 жылдын № 224 токтомунун «3» негизинде Жаңы-Ноокат жайыт комитетинин карамагындагы токойлорго материалдык жактан келтирилген зыяндар үчүн жопкерчилик:
1) дарактарды же бадалдарды (шалжирап) мыйзамсыз кесип, жыгачтарды уруксатсыз алуу (уурдоо) менен токойго зыян келтирилсе кыйылган дарактар үчүн ар бир кыйылган дарак же бадал үчүн төмөнкүдөй жазана салынат.
тубунун диаметирине 4 см ге чейин ______________________ 381-48 т. 4 см ден 8 см ге чейин _______________508-60 т. 8,1 см ден 12 см ге чейин _____________635-76 т 12,1 см ден 16 см ге чейин ____________762-92 т. 16,1 см ден 20 см ге чейин ____________ 890-08 т. 20,1 см ден 24 см ге чейин ____________1017-20 т. 24,1 см ден 28 см ге чейин ____________1144-39 т. 28,1 см ден 32 см ге чейин ____________1271-58 т. 30 см ден ашкандан кийин ар бир сантимерине 381 сом 48 тыйын кошулат, бадалдарды ар бир турбуно 507 сом 06т. кошулат
2) Жаңы-Ноокат жайыт жерине уруксатсыз мал баккандыгы үчүн айыпттар;
Ири муйуздуу мал, жылкы жана эшекке 1 жаштан жогоркусуна ар башына 940 сом. 1 жашка чейин музоо, тай ар башына - 470 сом. Койлорго ар башына – 260сом 82 т Эчкиге ар башына - 1565 сом. Оз убагында жайыт акы төлөнбөгөндүгү үчүн 1- октябрдан баштап төлөнбөй калган жайыт акы үчүн кунуго 1% пеня эсептелет. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 7 -сентябрдагы № 668 токтомуна ылайык Жаңы-Ноокат жайыт комитетинин карамагындагы бузулган ар бир метр квадрат жайыт жер кыртышына минималдык эмгек акыны көбөйтүү жолу менен жазана салынат Ноокат району боюнча 1м кв = 80 сомдон жазана (штраф) салынат
3) Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2013 жылдын № 224 токтомунун «3» негизинде жаныбарлар дүйнөөсүнө келтирилген зыянга төлөнүүчү айыптырдын өлчөму:
жаныбарлардын түрү боюнча алынат.
4)КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 3- майдагы № 224 токтомунун негизинде балыктар дүйнөсүнө келтирилген зыянга төлөнүүчү айыптырдын өлчөмү : ар бир Маринка, Осман балык үчүн 505 сом жазана салынат
Жаңы-Ноокат жайыт жерине уруксатсыз таш, шагал, кум жана топурак жүктөгөн КАМАЗ автомашина жана тракторлорго 3000 сом, Портерге 1500 сом жазана (штраф) салынат. Жаңы-Ноокат жайыт жерине уруксатсыз таш, шагал, кум жана топурак жүктөгөн Экскаваторго 10000 сом жазана (штраф) салынат. Жаңы-Ноокат жайыт жерине уруксатсыз таш, шагал, кум жана топурак жүктөгөн жарандарга 3000 сом жазана (штраф) салынат. Жаңы-Ноокат жайыт жерине чыгындыларды таштаган техникаларга 5000 сом, ат-эшекке жүктөп таштагандарга 1000 сом жазана (штраф) салынат.
ЖК торагасы: Юсупов М
Жаңы-Ноокат жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2018 жылдагы Автогрейдердин аткарган иштери боюнча Отчет. Автогрейдер сатып алуу боюнча 27 январь 2017 жылы Жаңы-Ноокат айыл окмотто проекттер корулуп, анын ичинен Автогрейдер сатып алуу тандалды. Ошол боюнча проект жазылып Ош областык АРИС ПРЖР – 2 долбоорунан 31 октябрь 2017 жылы тандоодон отуп Ош шаарында Республика боюнча тендер болуп ОсОО Бишкек «Автомаш-Радиатор» ишканасы утуп алды. ОсОО Бишкек «Автомаш-Радиатор» 20 февраль 2018 жылы Бишкектен - Ош шаарына алып келип Юлчиев Н жана Юсупов М өткөрүү акты менен тапшырган. Жаңы-Ноокат Жайыт комитетине АРИС аркалуу Автогредер сатып алынды. АРИС ПРЖР – 2 мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү долбоору аркалу каржылап - 4 900 000 сом Жаңы-Ноокат айыл өкмөтү аркалуу - 2 700 000 сом. Жайыт комитети аркалу - 50 000 сом. Бардыгы болуп 7 650 000 сом. 2018 жыл 6 апрелда Госномер жана Тех документтер Ош РЭО алынып автогрейдер иштей баштады. Жайыт комитетинин бухгалтериясы аркалуу отгон эсеп боюнча киреше. 1, 12,07,2018 ж Жандама участкасында Паст көчө 2000 сом. 2, 27,07,2018ж ОсОО Ай-Сейит 50000 сом. 3, 15,08,2018 ж ОсОО Байстрой 7000 сом. 4, 21,09,2018 ж Кайрагач 2500 сом. 5, 31,10,2018 жДөң- –Кыштак асфальт 4000 сом. 6, 15,11,2018 ж Кара-Турпак Гулистан 4500 сом. 7, 24,12,2018 ж Калик-Тал кочо Абдукаримов Т 1000 сом. Бардыгы 71 000 сом. Жетимиш бир миң сом Жайыт комитетин банкдагы счетунаөткөрүлгөн . Чыгаша: Зар/плата иштелди: 1, Нишонов Расулга 12500 сом. 2, Нурматов Сейит 4880 сом. Бардыгы: 17380 сом. 3, Соцфонд 17,25% 2998 сом. 4, Налог спродажа 2130 сом. (71000 х 3%) Бардык расход 22508 сом. Азыркы күндө 48492 сом калдык Жайыт комитетин банкдагы счетунда турат.
ЖК төрагасы: Юсупов М.
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 2 · цитируется в 0 · связанные 0
Ссылается на (2)
- Постановление Правительства КР от 3 мая 2013 года № 224 "Об утверждении такс для исчисления размера взысканий за ущерб, причиненный объектам животного и растительного мира…Постановление · 03.05.2013 · № 224
- Постановление Правительства КР от 7 сентября 2004 года № 668 "О материальной ответственности за ущерб, причиненный порчей земель"Постановление · 07.09.2004 · № 668 · Утратил силу