Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
А.Мирмахмудов айылдык кеңешинин «Кыргыз Республикасынын калктуу конуштарынын башкы пландарынын иштеп чыгуу жөнүндөгү 2017-жылдын 17-августундагы №490 токтомун турмушка ашыруу жөнүндө» түзүлгөн Ноокат шаарынын 2040-жылга карата башкы планы жөнүндө» токтому
А.МИРМАХМУДОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
А.Мирмахмудов айылдык кеңешинин VI шайланган депутаттарынын кезексиз XXX сессиясы
2020-жылдын 11-февралы № 30-1 Кыргыз Республикасынын калктуу конуштарынын башкы пландарынын иштеп чыгуу жөнүндөгү 2017-жылдын 17-августундагы №490 токтомун турмушка ашыруу жөнүндө» түзүлгөн Ноокат шаарынын 2040-жылга карата башкы планы жөнүндө
А.Мирмахмудов айылдык кеңешинин VI шайланган депутаттарынын кезексиз XXX сессиясы , «Кыргыз Республикасынын калктуу конуштарынын башкы пландарынын иштеп чыгуу жөнүндөгү 2017-жылдын 17-августундагы №490 токтомун турмушка ашыруу жөнүндө» түзүлгөн Ноокат шаарынын 2040-жылга карата башкы планын көрүп чыгып, А.Мирмахмудов атындагы айылдык кеңешинин депутаттары Ноокат шаарынын келечектеги өнүгүү стратегиясын, шаардын четинен өтүүчү айланма жол, саркынды сууларды тазалоо, таштанды таштоочу аймакты куруу сыяктуу курулуштарын куруу менен өнүгүү жолунда колдоорун билдирип, бирок А.Мирмахмудов атындагы айыл өкмөтүнүн административдик аймагын жана жашоочуларын Ноокат шаарынын курамына кошулушуна каршы экендигин билдирип А. Мирмахмудов айылдык кеңешинин кезесиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Ноокат шаарынын келечектеги стратегиялык өнүгүүсүнө кошуна айыл аймак катары,шаардын четинен өтүүчү айланма жол, саркынды сууларды тазалоо, таштанды таштоочу аймакты куруу сыяктуу курулуштарын куруу менен өнүгүү жолунда ар тараптуу колдоо көрсөтүлсүн;
2. Ноокат шаарынын 2040-жылга чейинки түзүлгөн башкы планына А.Мирмахмудов айылдык кеңешинин VI шайланган депутаттарынын кезексиз XXX сессиясы менен макулдук берилбесин;
3. А. Мирмахмудов атындагы айыл өкмөтүнүн аймагындагы 1200га бөлүгүнүн башкы планы, Ноокат шаарынын башкы планына киргизүүдө чектешкен А.Мирмахмудов атындагы айыл өкмөтүнүн аймактары кызыл сызык менен ажыратылып түзүүгө макулдук берилсин;
4. Токтомдун аткарылышы айыл өкмөтүнүн тиешелүү адистерине милдеттендирилсин;
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин муниципалдык менчик, өнөр жай, курулуш, экология жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөтүлсүн.
Төрага
И.Исмоилов
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 1 · цитируется в 0 · связанные 0
Ссылается на (1)
- Постановление Правительства КР от 17 августа 2017 года № 490 "Об утверждении Программы Правительства Кыргызской Республики по разработке генеральных планов населенных пунктов…Постановление · 17.08.2017 · № 490 · Утратил силу