Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 50 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Жошолу айылдык кеңешинин 2020-жылдын 09- мартындагы № 35/8 «Жошолу айыл өкмөтүндөгү Аюу-Тапан, Осоавиахим айылдарынын аянттарын аныктап-тактоо иштери жөнүндө» токтому
ЖОШОЛУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Жошолу айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын XXXV заседаниясы
2020-жылдын 09- марты № 35/8 Жошолу айыл өкмөтүндөгү Аюу-Тапан, Осоавиахим айылдарынын аянттарын аныктап-тактоо иштери жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 1999-жылдын 02-июнундагы № 46 Мыйзамынын 1-главасынын 21-статьясындагы “Административдик-аймактык бирдиктердин чек араларын белгилөө жана өзгөртүү” жөнүндөгү Мыйзамына ылайык
Жошолу айыл өкмөтүнүн айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын XXXV заседаниясы ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 1999-жылдын 02-июнундагы № 46 Мыйзамынын 1-главасынын 21-статьясындагы “Административдик-аймактык бирдиктердин чек араларын белгилөө жана өзгөртүү” жөнүндөгү Мыйзамына ылайык , Осоавиахим жана Аюу-Тапан айылдарынын чек арасы Осоавиахим айылына катталып турган көрүстөндүн башталышынан жолдун үстүндө жайгашкан Доорбеков Мамытбектин үйүнөн баштап Аюу-Тапан айылы деп аталсын.
2. Ушул кабыл алынган токтомдун негизинде жер аянттарын чектеп берүү жагын Алай райондук архитектура жана шаар куруу башкармалыгына, ал эми чектелип берилген жер аянтын мамлекеттик каттоодон өткөрүү жагын Алай райондук кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынан суроо боюнча иш кагаздарын даярдап берүүнү айыл өкмөттүн жер адиси Ж.Зикировго милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин жер боюнча түзүлгөн комиссиясынын курамына жана айыл өкмөттүн башчысына милдеттендирилсин.
Төрага : З.Боронов.
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 50 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 1 · цитируется в 0 · связанные 1
Ссылается на (1)
- Закон «О введении в действие Земельного кодекса Кыргызской Республики»Закон · 02.06.1999 · № 46 · Утратил силу
Связанные документы (1)
По данным источника (cbd.minjust.gov.kg), без указания, кто на кого ссылается.
- Земельный кодекс КРКодекс · 02.06.1999 · № 45 · Утратил силу