# Савай айылдык кеңешинин 2019-жылдын 07-августундагы.№2/8 "Савай айыл өкмөтүнө караштуу ижара мөөнөтү бүткөн кайра бөлүштүрүү фондун жерлерин ижарага берүү жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Савай айылдык кеңешинин 2019-жылдын 07-августундагы.№2/8 "Савай айыл өкмөтүнө караштуу ижара мөөнөтү бүткөн кайра бөлүштүрүү фондун жерлерин ижарага берүү жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 2/8
- Дата принятия: 07.08.2019
- Статус: Действует
- Редакция от: 07.08.2019
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/427259>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-60289/edition/1024631/ru>

> Текст приведён по редакции от 07.08.2019 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Савай айылдык кеңешинин 2019-жылдын 07-августундагы.№2/8 "Савай айыл өкмөтүнө караштуу ижара мөөнөтү бүткөн кайра бөлүштүрүү фондун жерлерин ижарага берүү жөнүндө" токтому (ред. от 07.08.2019) - https://aqlex.ai/kg/doc/427259

---

САВАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ Депутаттардын Савай айылдык Кеңешинин (VI-шайланган) кезектеги III сессиясы

2019-жылдын 07-августу.№ 2/8 Савай айыл өкмөтүнө караштуу ижара мөөнөтү бүткөн кайра бөлүштүрүү фондун жерлерин ижарага берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 3-сентябрындагы №602, 2016-жылдын 18-ноябрындагы №599, 2019-жылдын 15-февралындагы №55 токтомдордун редакциясына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 22-июнундагы №243 токтому менен жактырылган Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү шарттары жана тартиби тууралуу Типтүү Жобонун негизинде Савай айылдык округунун кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Ижара мөөнөтү аяктаган Савай айыл өкмөтүнүн айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлери Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 18-ноябрындагы №599 токтомунун редакциясынын ылайык ижарага берилсин.

2. Савай айыл өкмөтүнүн кайра бөлүштүрүү жеринин суулу жери 1 гектарына жылына 5000 (беш миң) сомдон, кайракы жери 1000 ( миң) сомдон, шарттуу сугат жерлер жылына 3500 (үч миң беш жүз) сомдон ижарага берилсин. Кайра бөлүштүрүү фондунун жерлери беш жылдан көп убакытка берилген жерлердин келишими жокко чыгарылып, башынан торука коюлсун жана беш жылдык мөөнөт менен берилсин.

3. Бул токтомду көзөмөлдөө жагы Савай айылдык округунун кеңешинин айыл чарба, жер, жайыттар жана курулуш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Төрага:

А.Баимбетов.
