# Сакалды айылдык кеңешинин 2019-жылдын 22-ноябрындагы №4 "Ноокен аймактык шайлоо комиссиясынын резервине талапкерлерди кѳрсѳтүү жѳнүндѳ" токтому

- Полное наименование: Сакалды айылдык кеңешинин 2019-жылдын 22-ноябрындагы №4 "Ноокен аймактык шайлоо комиссиясынын резервине талапкерлерди кѳрсѳтүү жѳнүндѳ" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 4
- Дата принятия: 22.11.2019
- Статус: Действует
- Редакция от: 22.11.2019
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/427181>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-60211/edition/995490/ru>

> Текст приведён по редакции от 22.11.2019 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Сакалды айылдык кеңешинин 2019-жылдын 22-ноябрындагы №4 "Ноокен аймактык шайлоо комиссиясынын резервине талапкерлерди кѳрсѳтүү жѳнүндѳ" токтому (ред. от 22.11.2019) - https://aqlex.ai/kg/doc/427181

---

САКАЛДЫ Айылдык КЕҢЕШИ

ТОКТОМ Сакалды айылдык кеӊешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XXIII сессиясы

2019-жылдын 22-ноябры №4 Ноокен аймактык шайлоо комиссиясынын резервине талапкерлерди кѳрсѳтүү жѳнүндѳ Күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап чыгып,”Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча шайлоо комиссиялары жѳнүндѳ”,Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ѳзгѳртүүлѳрдү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 5-ноябрындагы №121 Мыйзамына негиз Сакалды айылдык кеӊешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XXIII сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ :

1.Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2019-жылдын 12-ноябрындагы №02-1/987 сандуу катына ылайык Ноокен аймактык шайлоо комитссиясынын резервине талапкерлерди кѳрсѳтүү боюнча Сакалды айыл ѳкмѳтүнүн эл жамаатарынын жалпы жыйналышынын протоколу бекитилсин.

2. Ноокен аймактык шайлоо комиссиясынын резервине кѳрсѳтүлгѳн жарандар Э.Досбаеванын жана К.Эгембердиевдин талапкерлиги жактырылсын.

3.Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ Сакалды айыл ѳкмѳтүнүн жооптуу катчысы Н.Алымкуловага милдеттендирилсин.

Айылдык кеӊештин төрагасы:

Д. Бекназаров
