# Көк-Таш айылдык кеңешинин 2019-жылдын 28-октябрындагы №5 "Жер аянтын сатып алууга каражат ажыратуу жөнүндө"токтому

- Полное наименование: Көк-Таш айылдык кеңешинин 2019-жылдын 28-октябрындагы №5 "Жер аянтын сатып алууга каражат ажыратуу жөнүндө"токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 5
- Дата принятия: 28.10.2019
- Статус: Действует
- Редакция от: 28.10.2019
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/427042>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-60072/edition/990533/ru>

> Текст приведён по редакции от 28.10.2019 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Көк-Таш айылдык кеңешинин 2019-жылдын 28-октябрындагы №5 "Жер аянтын сатып алууга каражат ажыратуу жөнүндө"токтому (ред. от 28.10.2019) - https://aqlex.ai/kg/doc/427042

---

КӨК ТАШ Айылдык КЕҢЕШИ

ТОКТОМ V чакырылыштагы Көк-Таш айылдык Кеңешинин кезектеги IX сессиясы

2019-жылдын 28-октябры №5 Жер аянтын сатып алууга каражат ажыратуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин 2019-жылдын 11-январындагы ПЖ №1 “2019-жылды-Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы деп жарыялоо жөнүндөгү” Жарлыгын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-мартындагы №186 токтомун турмушка ашырууда башка аймактардан келген кесипкөй адистерге ыңгайлуу шарт түзүү максатында айыл өкмөттүн баланссындагы муниципалдык квартира курууга жер аянтын сатып алуу жөнүндөгү Көк-Таш айылдык Кеңешинин жер жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.Тажибаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Көк-Таш айылдык Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ :

1.Айыл өкмөттүн баланссындагы муниципалдык квартира курууга Жалгыз-Өрүк айылынын Ынтымак көчөсүнүн № 3 үйүнүн тургуну Кожонов Канатбек Эргешовичке таандык 2700 кв.м жер аянтын көп тармактуу кызматтар “Акылдуу кызмат” ЖЧК баалап берген 1 755 000 ( бир миллион жети жүз элүү беш миң) сомго “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу 2019-жылдын 11-январындагы № 4 Мыйзамына ылайык сатып алууга макулдук берилсин.

2.Жер аянтын айыл өкмөттүн баланссына сатып алуу жана тийиштүү укуктук документтерин мамлекеттик каттоо кызматынан, архитектурадан даярдатуу Көк-Таш айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы А.Эгемовго милдеттендирилсин.

3.Токтом Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын www.alabuka.кg веб-сайтына жарыялансын.

4.Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Көк-Таш айыл Өкмөтүнө жүктөлсүн.

5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Көк-Таш айылдык Кенешинин бюджет, каржы, инвестиция, муниципалдык менчик, мыйзамдуулук жана укук тартибин сактоо боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Айылдык Кеңештин төрагасы:

Н. Жакыев
