# Кара-Суу айылдык кеңешинин 2019-жылдын 6-декабрындагы №7/2 Каратал-Жапырык мамлекеттик жаратылыш коругунун 20.11.2019-жыл № 02-4/191 сандуу катын кароо жөнүндө "

- Полное наименование: Кара-Суу айылдык кеңешинин 2019-жылдын 6-декабрындагы №7/2 Каратал-Жапырык мамлекеттик жаратылыш коругунун 20.11.2019-жыл № 02-4/191 сандуу катын кароо жөнүндө "
- Вид акта: Постановление
- Номер: 7/2
- Дата принятия: 06.12.2019
- Статус: Действует
- Редакция от: 06.12.2019
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/426904>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-59935/edition/986713/ru>

> Текст приведён по редакции от 06.12.2019 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Кара-Суу айылдык кеңешинин 2019-жылдын 6-декабрындагы №7/2 Каратал-Жапырык мамлекеттик жаратылыш коругунун 20.11.2019-жыл № 02-4/191 сандуу катын кароо жөнүндө " (ред. от 06.12.2019) - https://aqlex.ai/kg/doc/426904

---

КАРА СУУ АЙЫЛдык КЕҢЕШИ ТОКТОМ Кара-Суу айылдык кеңешинин 17-чакырылышынын 7-кезексиз сессиясы

2019-жылдын 6-декабры №7/2 Каратал-Жапырык мамлекеттик жаратылыш коругунун 20.11.2019-жыл № 02-4/191 сандуу катын кароо жөнүндө Кара-Суу айылдык кеңешинин төрагасы Ж.Иманкуловдун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин Биотүрдүүлүктү сактоо жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары Департаментине караштуу Каратал-Жапырык мамлекеттик жаратылыш коругунун 20.11.2019-жылдагы № 02-4/191 сандуу катынын негизиндеги Кара-Суу айыл өкмөтүнүн 27.06.2008-жылдагы №29 сандуу токтому жөнүндөгү билдирүүсүн угуп жана талкуулап, айылдык кеңешинин 7-кезексиз сессиясы \\ ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кара-Суу айыл өкмөтүнүн 27.06.2008-жылдагы №29 сандуу токтомуна өзгөртүү киргизилсин.

2. Кара-Суу айыл өкмөтүнө караштуу Чатыр-Көл көлүнүн көл баскан аянтынын жээгинен Кыргыз ССРинин Министрлер Кеңешинин 1989-жыл 31-мартындагы №101 Токтомунун негизинде такталган 1 км кургак жер аянты 1709 га Каратал-Жапырык мамлекеттик жаратылыш коругунун «өзгөчө корголуучу жаратылыш аймагы» деп бекитилсин.

3. Токтомго ылайык жерге ээлик кылуучу иш кагаздарына толуктоолорду каттоого алуу Ат-Башы райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармасынан суралсын.

4. Бул токтом менен Кара-Суу айыл аймагындагы бардык чарба жүргүзүүчү субьектилер, айыл тургундары тааныштырылсын.

5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөт башчы К.Барыктабасовго тапшырылсын.

Төрага:

Ж.Иманкулов
