Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Кара-Суу айылдык кеңешинин Каратал-Жапырык мамлекеттик жаратылыш коругунун 20.11.2019-жыл № 02-4/191 сандуу катын кароо жөнүндө «
КАРА СУУ АЙЫЛдык КЕҢЕШИ ТОКТОМ Кара-Суу айылдык кеңешинин 17-чакырылышынын 7-кезексиз сессиясы
2019-жылдын 6-декабры №7/2 Каратал-Жапырык мамлекеттик жаратылыш коругунун 20.11.2019-жыл № 02-4/191 сандуу катын кароо жөнүндө Кара-Суу айылдык кеңешинин төрагасы Ж.Иманкуловдун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин Биотүрдүүлүктү сактоо жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары Департаментине караштуу Каратал-Жапырык мамлекеттик жаратылыш коругунун 20.11.2019-жылдагы № 02-4/191 сандуу катынын негизиндеги Кара-Суу айыл өкмөтүнүн 27.06.2008-жылдагы №29 сандуу токтому жөнүндөгү билдирүүсүн угуп жана талкуулап, айылдык кеңешинин 7-кезексиз сессиясы \ ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Суу айыл өкмөтүнүн 27.06.2008-жылдагы №29 сандуу токтомуна өзгөртүү киргизилсин.
2. Кара-Суу айыл өкмөтүнө караштуу Чатыр-Көл көлүнүн көл баскан аянтынын жээгинен Кыргыз ССРинин Министрлер Кеңешинин 1989-жыл 31-мартындагы №101 Токтомунун негизинде такталган 1 км кургак жер аянты 1709 га Каратал-Жапырык мамлекеттик жаратылыш коругунун «өзгөчө корголуучу жаратылыш аймагы» деп бекитилсин.
3. Токтомго ылайык жерге ээлик кылуучу иш кагаздарына толуктоолорду каттоого алуу Ат-Башы райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармасынан суралсын.
4. Бул токтом менен Кара-Суу айыл аймагындагы бардык чарба жүргүзүүчү субьектилер, айыл тургундары тааныштырылсын.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөт башчы К.Барыктабасовго тапшырылсын.
Төрага:
Ж.Иманкулов
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 1 · цитируется в 0 · связанные 0
Ссылается на (1)
- Постановление Кабинета Министров КР № 101 от 13.02. 2026 г.Постановление · № 101