Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 50 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Сүлүктү шаардык кеӊешинин «Сүлүктү шаардык эмгек жана социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын үйүнө барып социалдык жактан тейлөө боюнча жүргүзгөн иштеринин абалы жөнүндө» токтому
СҮЛҮКТҮ ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Сүлүктү шаардык кеӊешинин (алтынчы чакырылышы) XXII сессиясы
2019-жылдын 2-октябры № 103 Сүлүктү шаардык эмгек жана социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын үйүнө барып социалдык жактан тейлөө боюнча жүргүзгөн иштеринин абалы жөнүндө
Сүлүктү шаардык эмгек жана социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын үйүнө барып социалдык жактан тейлөө боюнча жүргүзгөн иштеринин абалы жөнүндө башкармалыктын башчысынын милдетин аткаруучу Т.Каюмовдун жана шаардык кенештин социалдык маселелер, билим берүү, саламаттыкты сактоо, жаштар саясаты жана спорт боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүлөрүн угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-июлундагы № 365 токтому менен бекитилген “Үйүнө барып социалдык жактан тейлөө жөнүндө ТИПТҮҮ ЖОБОнун” негизинде Сүлүктү шаардык кеӊеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сүлүктү шаардык эмгек жана социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын башчысынын милдетин аткаруучу Т.Каюмовдун Сүлүктү шаардык эмгек жана социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын үйүнө барып социалдык жактан тейлөө боюнча жүргүзгөн иштеринин абалы жөнүндө маалыматы кабыл алынсын
2. Сүлүктү шаардык эмгек жана социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын үйүнө барып тейлөөчу социалдык кызматкерлеринин жол кире маселеси кийинки жылдын бюджетине киргизүү жагы шаардын мэри Р.Абдыназаровго жүктөлсүн
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кенештин социалдык маселелер, билим берүү, саламаттыкты сактоо, жаштар саясаты жана спорт боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн
Төрага
К. Исмаилов
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 50 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 1 · цитируется в 0 · связанные 0
Ссылается на (1)
- Постановление Правительства КР от 5 июля 2011 года №365 "Об утверждении Типового положения о социальном обслуживании на дому"Постановление · 05.07.2011 · № 365