# Жаңы-Жол айылдык кеңешинин 2019-жылдын 25-декабрындагы.№4 "Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө келишимди бекитүү жөнүндө"токтому

- Полное наименование: Жаңы-Жол айылдык кеңешинин 2019-жылдын 25-декабрындагы.№4 "Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө келишимди бекитүү жөнүндө"токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 4
- Дата принятия: 25.01.2019
- Статус: Действует
- Редакция от: 25.01.2019
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/426771>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-59802/edition/983318/ru>

> Текст приведён по редакции от 25.01.2019 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Жаңы-Жол айылдык кеңешинин 2019-жылдын 25-декабрындагы.№4 "Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө келишимди бекитүү жөнүндө"токтому (ред. от 25.01.2019) - https://aqlex.ai/kg/doc/426771

---

ЖАҢЫ ЖОЛ АЙЫЛдык КЕҢЕШИ ТОКТОМ Жаңы-Жол айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXIV сессиясы

2019-жылдын 25-декабры.№4 Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө келишимди бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын,“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен, Жаңы-Жол айылдык кенешинин VII чакырылышынын кезектеги XXIV сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ :

1. “Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө” келишими бекитилсин.

2. КР Финансы министрлиги тарабынан бекитилген 2008-жылдын 24-ноябрындагы №192 буйругунун 2-формасына ылайык статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашырууга бөлүнгөн финансылык каражаттарды көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Ч.Култаевага милдеттендирилсин.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн экономист-статисти С.Үсөновага милдеттендирилсин.

4. Бул токтом www.Jany-jol.com сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

Жаңы-Жол айылдык кеңешинин төрагасы:

Т. Өзүбеков
