# Т. Кулатов айылдык кеңешинин 2019-жылдын 4- октябрындагы №3 "Т. Кулатов атындагы айылдык кеңешинин 2016-жылдын 17-февралындагы №2 токтому жана Т. Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн 2016-жылдын 17-февралындагы №49 токтому, Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынын 2016-жылдын 17-февралындагы №16 токтому Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 13-июнундагы №284 токтомдорунун мыйзамдуулугун сот аркылуу тактоо тууралуу" токтому

- Полное наименование: Т. Кулатов айылдык кеңешинин 2019-жылдын 4- октябрындагы №3 "Т. Кулатов атындагы айылдык кеңешинин 2016-жылдын 17-февралындагы №2 токтому жана Т. Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн 2016-жылдын 17-февралындагы №49 токтому, Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынын 2016-жылдын 17-февралындагы №16 токтому Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 13-июнундагы №284 токтомдорунун мыйзамдуулугун сот аркылуу тактоо тууралуу" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 3
- Дата принятия: 04.10.2019
- Статус: Действует
- Редакция от: 04.10.2019
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/426561>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-59599/edition/980722/ru>

> Текст приведён по редакции от 04.10.2019 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Т. Кулатов айылдык кеңешинин 2019-жылдын 4- октябрындагы №3 "Т. Кулатов атындагы айылдык кеңешинин 2016-жылдын 17-февралындагы №2 токтому жана Т. Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн 2016-жылдын 17-февралындагы №49 токтому, Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынын 2016-жылдын 17-февралындагы №16 токтому Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 13-июнундагы №284 токтомдорунун мыйзамдуулугун сот аркылуу тактоо тууралуу" токтому (ред. от 04.10.2019) - https://aqlex.ai/kg/doc/426561

---

ЫНТЫМАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ (6 – чакырылышы) кезектеги ХXIII – сессиясы 2019-жылдын 4- октябры №3

Т. Кулатов атындагы айылдык кеңешинин 2016-жылдын 17-февралындагы №2 токтому жана Т. Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн 2016-жылдын 17-февралындагы №49 токтому, Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынын 2016-жылдын 17-февралындагы №16 токтому Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 13-июнундагы №284 токтомдорунун мыйзамдуулугун сот аркылуу тактоо тууралуу

Ынтымак айыл өкмөтүнө караштуу мурдакы Сталин колхозу тарабынан берилген 200га жер тилкеси Кыргыз ССРинин министрлер советинин 1958-жылдын 10-сентябрындагы №378 токтому менен берилгендигин билип туруп, Кыргыз Республикасынын «Жер жөнүндөгү мыйзамын» одоно бузуу менен Т. Кулатов атындагы айылдык кеңешинин 2016-жылынын 17-февралындагы №2 токтому жана Т. Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн 2016-жылынын 17-февралындагы №49 токтому, Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынын 2016-жылдын 17-февралындагы №16 токтому Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 13-июнундагы №284 токтомдору чыккан, жогорудагы токтомдордун мыйзамдуулугун карап берүү боюнча айылдык кеңеш ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ынтымак айыл өкмөтүнө караштуу мурдакы Сталин колхозу тарабынан берилген 200га жер тилкеси Кыргыз ССРинин министрлер советинин 1958-жылдын 10-сентябрындагы №378 токтому менен Кызыл-Кыя шахтасына берилген жер Ынтымак айыл өкмөтүнө караштуу экендиги анык, 1996-жылы Кызыл-Кыя шахта башкармалыгы өз ишин токтотуп жоюлгандан кийин жер ээсине кайтарылган эмес, ошунун негизинде сот органдары мыйзамдуу чечип берүүсү суралсын.

2. Т. Кулатов атындагы айылдык кеңешинин 2016-жылынын 17-февралындагы №2 жана Т. Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн 2016-жылынын 17-февралындагы №49, Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынын 2016-жылдын 17-февралындагы №16 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 13-июнундагы №284 токтомдору таанылбасын, Кыргыз ССРинин министрлер советинин 1958-жылдын 10-сентябрындагы №378 токтомун эске алып, жогорудагы токтомдордун мыйзамдуулугун сот органдары аркылуу карап берүү жагы суралсын.

3. Жогоруда көрсөтүлгөн токтомдордун топтомун жокко чыгаруу жагын сот органдарынын кароосуна коюлсун.

4. Ушул токтомду аткаруу жана көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысына жана айылдык кеңештин укуктук маселелер боюнча комиссиясына жана демилгелүү топко тапшырылсын.

Төрага

А. Абдикулов
