# Т.Кулатов атындагы айылдык кеңешинин 2019-жылдын 5-июлундагы №21-2 "Т.Кулатов атындагы айыл аймагында маданий ийримдерди өнүктүрүү максатында ийримдин жетекчилерине жергиликтүү бюджеттен субсидия берүү жөнүндө"токтому

- Полное наименование: Т.Кулатов атындагы айылдык кеңешинин 2019-жылдын 5-июлундагы №21-2 "Т.Кулатов атындагы айыл аймагында маданий ийримдерди өнүктүрүү максатында ийримдин жетекчилерине жергиликтүү бюджеттен субсидия берүү жөнүндө"токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 21-2
- Дата принятия: 05.07.2019
- Статус: Действует
- Редакция от: 05.07.2019
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/426276>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-59316/edition/1027496/ru>

> Текст приведён по редакции от 05.07.2019 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Т.Кулатов атындагы айылдык кеңешинин 2019-жылдын 5-июлундагы №21-2 "Т.Кулатов атындагы айыл аймагында маданий ийримдерди өнүктүрүү максатында ийримдин жетекчилерине жергиликтүү бюджеттен субсидия берүү жөнүндө"токтому (ред. от 05.07.2019) - https://aqlex.ai/kg/doc/426276

---

Т.КУЛАТОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Т.Кулатов атындагы айылдык Кеңешинин 6 чакырылышынын кезектеги 21 сессиясы

2019-жылдын 5-июлу №21-2

Т.Кулатов атындагы айыл аймагында маданий ийримдерди өнүктүрүү максатында ийримдин жетекчилерине жергиликтүү бюджеттен субсидия берүү жөнүндө

Т.Кулатов айылдык кенешинин 2018-жылдын 11-апрелиндеги № 12-6 токтому менен бекитилген, Т.Кулатов атындагы айыл аймагынын Кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу стратегиясын ишке ашыруу максатында жана Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексиинин 22 беренесинин негизинде,Т.Кулатов атындагы айылдык кенеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Т.Кулатов атындагы айыл аймагында катталган, 16 жашка толбогон 55 балага маданий ийримдердин кызматын төлөгөнгө субсидия берүү максатында Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен ай сайын 3000 (үч мин) сомдон акча каражаты төлөнүп берилсин.

2. Субсидия алууга талапкер балдардын саны 100 (бир жүз) баладан ашса, балдарды тандоо боюнча комиссия түзүү айыл өкмөт башчысына милдеттендирилсин.

3. Токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү максатында юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Т. Кулатов атындагы өкмөтүнүн башчысы Н.Мадимаровго жүктөлсүн.

Т.Кулатов атындагы айылдык Кеңештин төрагасы:

А.Топчубаев
