# Көк-Таш айылдык кеңешинин 2019-жылдын 02-августундагы №3 "Жер аянтын сатып алууга каражат ажыратуу жөнүндө"токтому

- Полное наименование: Көк-Таш айылдык кеңешинин 2019-жылдын 02-августундагы №3 "Жер аянтын сатып алууга каражат ажыратуу жөнүндө"токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 3
- Дата принятия: 02.08.2019
- Статус: Действует
- Редакция от: 02.08.2019
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/426256>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-59296/edition/975649/ru>

> Текст приведён по редакции от 02.08.2019 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Көк-Таш айылдык кеңешинин 2019-жылдын 02-августундагы №3 "Жер аянтын сатып алууга каражат ажыратуу жөнүндө"токтому (ред. от 02.08.2019) - https://aqlex.ai/kg/doc/426256

---

КӨК ТАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ V чакырылыштагы Көк-Таш айылдык Кеңешинин кезектеги VI I сессиясы

2019-жылдын 02-августу №3 Жер аянтын сатып алууга каражат ажыратуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин 2019-жылдын 11-январындагы ПЖ №1 “2019-жылды-Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы деп жарыялоо жөнүндөгү” Жарлыгын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-мартындагы №186 токтомун турмушка ашыруу үчүн, Жалгыз-Өрүк айылына мектепке чейинки тарбия берүүчү балдар бакчасын курууга жер аянтын сатып алуу жөнүндөгү айыл өкмөттүн башкы адиси Ж.Байнаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Көк-Таш айылдык Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ :

1.Жалгыз-Өрүк айылына мектепке чейинки тарбия берүүчү балдар бакчасын курууга Жалгыз-Өрүк айылынын тургуну Тажибаев Адылга таандык 800 кв.м жер аянтын көп тармактуу кызматтар “Акылдуу кызмат” ЖЧК баалап берген 616 000 (алты жүз он алты миң) сомго “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу 2019-жылдын 11-январындагы № 4 Мыйзамына ылайык сатып алууга макулдук берилсин.

2.Жер аянтын айыл өкмөттүн баланссына сатып алуу жана тийиштүү укуктук документтерин мамлекеттик каттоо кызматынан, архитектурадан даярдатуу Көк-Таш айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Эргешовго милдеттендирилсин.

3.Токтом Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын www.alabuka.кg веб-сайтына жарыялансын.

4.Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Көк-Таш айыл Өкмөтүнө жүктөлсүн.

5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Көк-Таш айылдык Кенешинин бюджет, каржы, инвестиция, муниципалдык менчик, мыйзамдуулук жана укук тартибин сактоо боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Айылдык Кеңештин төрагасы:

Н. Жакыев
