# Көк-Таш айылдык кеңешинин 2019-жылдын 11-июлундагы №1 "Чоң-Сай –Кочкор-Ата жолуна каражат кароо жөнүндө"токтому

- Полное наименование: Көк-Таш айылдык кеңешинин 2019-жылдын 11-июлундагы №1 "Чоң-Сай –Кочкор-Ата жолуна каражат кароо жөнүндө"токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 1
- Дата принятия: 11.07.2019
- Статус: Действует
- Редакция от: 11.07.2019
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/426252>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-59292/edition/975641/ru>

> Текст приведён по редакции от 11.07.2019 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Көк-Таш айылдык кеңешинин 2019-жылдын 11-июлундагы №1 "Чоң-Сай –Кочкор-Ата жолуна каражат кароо жөнүндө"токтому (ред. от 11.07.2019) - https://aqlex.ai/kg/doc/426252

---

КӨК ТАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ V чакырылыштагы Көк-Таш айылдык Кеңешинин кезексиз VI сессиясы

2019-жылдын 11-июлу №1 Чоң-Сай –Кочкор-Ата жолуна каражат кароо жөнүндө СССР мезгилинде жайлоого чыгуу максатында салынган Чоң-Сай –Кочкор-Ата жолу союз жоюлгандан бери жаан-чачындан, сел ташкындарынан, кулаган зоо-таштардан бузулуп, пайдаланууга жараксыз абалга кептелип, жайытка техника менен эмес ат-улоо менен көчүп чыгууда көп кыйынчылыктар жаралууда. Ошондой эле жайлоодогу жарандар, жаш балдар, кош бойлуу келиндер ооруп калган учурларында аларды ооруканага жеткирүүдө, адам өмүрү үчүн кооптуу абал жаралып жаткандыгы тууралуу билдирүү жасаган Көк-Таш айылдык Кеңешинин депутаты М.Абдиевдин аталган жолду жергиликтүү бюджеттин эсебинен кайра калыбына келтирип оңдоо жөнүндөгү сунушун угуп жана талкуулап, жапы жайыт пайдалануучулардын арызын канааттандыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2019-жылдын 11-январындагы ПЖ №1 “2019-жылды-Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы деп жарыялоо жөнүндөгү” Жарлыгына жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-мартындагы №186 токтомуна таянып, Көк-Таш айылдык Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Чек ара тилкесинде жайгашкан 19200 га жайыт жер аянты азыркы күнгө чейин Өзбекстан менен такталбай, элдин менчик мал-жандыктарынын саны жылдан жылга өсүп, жайыт тартыш болуп жаткандыгын эске алып, Чоң-Сай –Кочкор-Ата жолун оңдоп куруу үчүн, Көк-Таш айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен Көк-Таш жайыт пайдалануучулар бирикмесине 1750 000( бир миллион жети жүз элүү миң) сом каражат бөлүп берүүгө макулдук берилсин.

2.Каражатты ажыратып берүү жагы айыл өкмөт башчысы Р.Эргешовго милдеттендирилсин.

2.Бөлүнгөн каражатты максаттуу пайдалануу менен тийиштүү финансы-экономикалык иш-кагаздарын тактап Көк-Таш айыл өкмөтүнүн ФЭБне тапшыруу Көк-Таш жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жетекчиси Б.Иманазаровго жүктөлсүн.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Көк-Таш айылдык Кеңешинин жер жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.Тажибаевге жүктөлсүн.

Айылдык Кеңештин төрагасы:

Н. Жакыев
