# Сакалды айылдык кеӊешинин 2019-жылдын 29-июлундагы №2 "Cакалды айыл аймагында 2020-жылы эл жана турак жай фондун каттоого даярдык көрүү жана өткөрүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 23-октябрындагы №690 токтомун аткаруу жөнүндө"токтому

- Полное наименование: Сакалды айылдык кеӊешинин 2019-жылдын 29-июлундагы №2 "Cакалды айыл аймагында 2020-жылы эл жана турак жай фондун каттоого даярдык көрүү жана өткөрүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 23-октябрындагы №690 токтомун аткаруу жөнүндө"токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 2
- Дата принятия: 29.07.2019
- Статус: Действует
- Редакция от: 29.07.2019
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/426132>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-59172/edition/973464/ru>

> Текст приведён по редакции от 29.07.2019 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Сакалды айылдык кеӊешинин 2019-жылдын 29-июлундагы №2 "Cакалды айыл аймагында 2020-жылы эл жана турак жай фондун каттоого даярдык көрүү жана өткөрүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 23-октябрындагы №690 токтомун аткаруу жөнүндө"токтому (ред. от 29.07.2019) - https://aqlex.ai/kg/doc/426132

---

САКАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Сакалды айылдык кеӊешинин XXVII чакырылышынын кезексиз XXII сессиясы

2019-жылдын 29-июлу №2 Cакалды айыл аймагында 2020-жылы эл жана турак жай фондун каттоого даярдык көрүү жана өткөрүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 23-октябрындагы №690 токтомун аткаруу жөнүндө. Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 23-октябрындагы №690 токтомунун 10-пунктуна ылайык Сакалды айылдык кенешинин XXVII чакырылышынын кезексиз XXII сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ :

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 23-октябрындагы №690 токтомунун 10-пунктуна ылайык 2020-жылдын 31-декабрына чейин көчөлөрдүн аттарын өзгөртүү убактылуу токтотулган. “Долборлоо” деген көчөлөрдүн аттарынын ордуна расмий аттарды ыйгарып автоматтык каттоо тутумуна жана даректүү регистрге киргизүү зарылчылыгын эске алып,ошондой эле “Долборлоо” деген көчөлөрдүн аттарын өзгөртүү расмий өзгөртүү болуп эсептелбейт деген корутундуга ылайык Сакалды айылындагы жаӊы конуштардын аты жок бөлүгүнө “Ынтымак”деген ысым ыйгарылсын.

2. Токтомдун аткарылышын камсыздоо айыл өкмөттүн 2020-жыл эл жана турак жай фондун каттоону өткөрүү боюнча комиссиясынын төрагасы М.Орозалиевге милдеттендирилсин.

Тѳрага:

Д. Бекназаров
