# 1-Май айылдык кеңешинин 2019-жылдын 9-апрелиндеги №1 "1-Май айыл айымагынын жайыт комитетинин 2018-жылдын отчету жана 2019-жылга карата жайыт кирешесинин салыгын көбөйтүү жөнүндө"токтому

- Полное наименование: 1-Май айылдык кеңешинин 2019-жылдын 9-апрелиндеги №1 "1-Май айыл айымагынын жайыт комитетинин 2018-жылдын отчету жана 2019-жылга карата жайыт кирешесинин салыгын көбөйтүү жөнүндө"токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 1
- Дата принятия: 09.04.2019
- Статус: Действует
- Редакция от: 09.04.2019
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/426033>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-59073/edition/971078/ru>

> Текст приведён по редакции от 09.04.2019 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: 1-Май айылдык кеңешинин 2019-жылдын 9-апрелиндеги №1 "1-Май айыл айымагынын жайыт комитетинин 2018-жылдын отчету жана 2019-жылга карата жайыт кирешесинин салыгын көбөйтүү жөнүндө"токтому (ред. от 09.04.2019) - https://aqlex.ai/kg/doc/426033

---

1 МАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ 1-Май айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын XII сессиясы

2019-жылдын 9-апрели №1 1-Май айыл айымагынын жайыт комитетинин 2018-жылдын отчету жана 2019-жылга карата жайыт кирешесинин салыгын көбөйтүү жөнүндө 1-Май айыл айымагынын жайыт комитетинин 2018-жылдын отчету жана 2019-жылга карата жайыт кирешесинин салыгын көбөйтүү жайытка чыгуучу малдардын жайыт акысын белгилъъ максатында 1-Май айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын XII сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 1-Май айыл аймагынын жайыт комитетинин 2018-жылдын отчету кабыл алынсын.

2. Кирешенин салыгын көбөйтүү, жайытка чыгуучу бир башка төлөнүүчү баа төмөнкүдөй бекитилсин.

1. Уй, жылкы, эшек – 100 сом

2. музоо, кулундарга – 70 сом

3. Кой, эчкилер – 20 сомдон жайыт акы, жайыт салыгы менен бирге бекитилсин.

3. Айыл аймагынын тургундарынын малдарын эмдъъ үчүн дарыгерлердин эмгек акысы кой-эчкилер үчүн10 сомдон, чоң малдар үчүн40 сомго чейин келишимдин негизинде белгиленсин.

4. Чекене акы ар бир баш бодо мал, жылкы үчүнжайыттын алыс жакынына карап 250 сомдон 300 сомго, кой-эчкилерге 45 сомдон 50 сомго чейин бекитилсин.

5. Жайлоого чыккан ар бир чекенечилер салык патент алып төлөп чыгуу жагы бекитилсин.

6. Мыйзамсыз мал алып чыккандарга, жайыт мыйзамын бузгандарга КР 2011-жылдын 16-декабрындагы №239 жана 2014-жылдын 17-январындагы №17 мыйзамдарынын негизинде айып акы салынсын.

7. Жайыт комитетинин бюджетинен жайытка кеткен жолдорду, көпүрөлөрдү жана жууткананы оңдоо үчүн тиешелүү акча каражаты бөлүнүп берилсин.

8. Ветеринардык сервистин жетекчилери ай сайын жайыт комитетине жүргүзүлгөн профилактикалык эмдөөлөр боюнча маалымат берип турулсун.

9. Жазгы жана күзгү жайыт акысы 10%ын (20 сом х10% = 2 сом) түзөт, ушул максатта тълъм киргизилсин.

10. Сырт жактан (башка райондон же айыл аймактан) 1-Май айыл аймагынын жайытына жайылса 100% үстөктөн жайыт акысы алынсын.

11. Жайыт комитетинин төрагасына жана бухгалтерине жылдык эмгек акы төлөнсүн.

12. Жайыт комитетинин уруксат кагазы болмоюнча жайлоого малды ъз алдынча айдоого жана автомашина менен алып барууга тыюу салынсын.

13. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын

1-Май айылдык Кеңешинин төрагасы:

Н.Абдырайымов.
