Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 50 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Баткен шаардык кеңешинин «Баткен шаарынын аты жок кээ бир көчөлөрүнө ысым ыйгаруу жөнүндө» токтому
БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ VI чакырылышынын кезектеги XVII сессиясы 2019-жылдын 28-августу №21 Баткен шаарынын аты жок кээ бир көчөлөрүнө ысым ыйгаруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 5-мартындагы №108 «Кыргыз Республикасынын географиялык аталыштар жөнүндөгү» токтомунун жана Баткен шаардык кеңешинин 2019-жылдын 22-декабрындагы «Баткен шаарындагы географиялык жана мамлекеттик маанидеги обьектилерге ат коюу, аталыштарын өзгөртүү жөнүндөгү» №12-5 токтомуна жана Баткен шаардык Кеңешинин социалдык өнүгүү, жаштар, спорт, туризм, медицина жана маданият маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2019-жылдын 17-августагы отурумунун протоколунун негизинде Баткен шаардык Кеңешинин V чакырылышынын кезектеги XII сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Баткен шаарынын аймактык башкармалыктарынын аты жок көчөлөрүнө төмөнкү сунушталган ысымдар ыйгарылсын.
1)Кызыл-Дөң АТОсундагы:Ак-Ташы массивинин чыгыштан батышты карай кеткен 4 көчө «Курбанбек Орозов» көчөсү;
2)Кызыл-Дөң АТОсундагы Тамаша-Жай массивиндеги 2-көчө: «Тамаша-Жай 1»; 3-көчө «Тамаша-Жай 2»; 4-көчө «Тамаша-Жай 3»; 5-көчө «Тамаша-Жай 4»; 6-көчө: «Тамаша-Жай 5»; ысымдары ыйгарылсын.
4)Кызыл-Дөң кварталынын чыгыш жагындагы түндүктөн түштүктү карай кеткен 1-көчөгө «Кызыл-Дөң 1»; 2-көчөгө: «Кызыл-Дөң 2»; 3-көчөгө: «Кызыл-Дөң 3»; 4-көчөгө: «Кызыл-Дөң 4» ; 5-көчөгө: «Жетиген», 2-көчөнүн түндүк чыгышындагы көчө аягына чейин «Эне-Сай 2» ысымы ыйгарылсын.
5)Чет-Булак кварталынынын түштүк чыгышындагы 1-көчө; «Алыкул Осмонов»; 2-көчө: 3-көчө «Нарбото бий»; 4-көчө: «Кожокелди Тажибаев»; 5-көчө: «Амира Миңбашы»; 6-көчө: «Сабира Күмүшалиева»; 7-көчө: «Садык Бурханов»; 8-көчө: «Төрөбай Кулатов»; 9-көчө «Турдубай Муратов»; 10-көчө: «Уркуя Салиева»; 11-көчө: «Чет-Булак 11»; 12-көчө: «Чет-Булак 12»; 13-көчө «Чет-Булак 13»; 14-көчө «Чет-Булак 15»;16-көчө «Чет-Булак 16»; 17-көчө «Жусуп Мамай»; 18-көчө: «Анарбай Миңбашы»; 19-көчө «Ашир Рахматов» атындагы ысымдар ыйгарылсын.
6.Базар-Башы кварталындагы, Базар-Башы жана Кызыл-Дөң кварталдарынын чыгыш түндүкүндөгү четешкен 1-көчөгө «Чектеш»; түндүктөн түштүккө карай кеткен Чокморов көчөсү менен кесиликен аты жок көчөгө «Бийиктик»; Чокморов көчөсү менен кесилишкен түштүктөн-түндүк карай кеткен 2-көчөгө «Орто арык»; чыгыш жактан түндүктөн түштүктү карай кеткен 7-көчөдөн баштап «Ынтымак1», «Ынтымак2», «Ынтымак3», ысымдары ыйгарылсын.
7.Келечек АТОсунун БатМУ конушунун чыгыштан-батышты карай кеткен көчө толугу менен «Элита» көчөсү, аэропорт конушундагы түндүктөн түштүктү карай кеткен көчөлөргө «Аэропорт 2», «Аэропорт 3», «Ыйман» ысымдары берилсин.
8.Булак-Башы АТОсунун кире беришиндеги кичи көчөсүнө «Бак», ысымы ыйгарылсын.
9.Кызыл-Жол АТОсунун Коргон-Дөбө участкасындагы чыгыштан батышты карай кеткен кичи көчөгө «Тегирмен-Башы», Даш участкасындагы батыштан , күн чыгышты карай кеткен жолгон «Дыйканов Бөрү» ысымы берилсин.
10. Шаардагы аты жок көчөлөргө берилген лакамдарды (ысымдар) шаар калкына шаардык «Өрүкзар» коомдук саясый газетасы аркылуу жана АТО башчылары аркылуу жеткирилсин.
11.Жаңыдан ысым берилген көчөлөрдүн табличкаларын жана номерлерин тагууну уюштуруу жагы шаар мэриясына /М.Рахимовго/ тапшырылсын.
12.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Баткен шаардык Кеңешинин социалдык өнүгүү, жаштар, спорт, туризм, медицина жана маданият маселелери боюнча туруктуу комиссиясына /М.Мергенов/ тапшырылсын.
Төрага
А.Ташбеков
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 50 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 1 · цитируется в 0 · связанные 0
Ссылается на (1)
- Постановление Правительства КР от 5 марта 1998 года №108 "О мерах по реализации Закона Кыргызской Республики "О географических названиях в Кыргызской Республике"Постановление · 05.03.1998 · № 108 · Утратил силу