# Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин 2019-жылдын 3-сентябрындагы № 25/100 "Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин 2018–жылдын 30–январындагы №12/51 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин 2019-жылдын 3-сентябрындагы № 25/100 "Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин 2018–жылдын 30–январындагы №12/51 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 25/100
- Дата принятия: 03.09.2019
- Статус: Действует
- Редакция от: 03.09.2019
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/42566>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-4794/edition/975843/ru>

> Текст приведён по редакции от 03.09.2019 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин 2019-жылдын 3-сентябрындагы № 25/100 "Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин 2018–жылдын 30–январындагы №12/51 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө" токтому (ред. от 03.09.2019) - https://aqlex.ai/kg/doc/42566

---

КЫЗЫЛ–КЫЯ ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин (VI чакырылышы) кезектеги 25-сессиясы

2019-жылдын 3-сентябры № 25/100 Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин 2018–жылдын 30–январындагы №12/51 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө

Күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап чыгып, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 2011–жылдын 15–июлундагы №101 Мыйзамынын 31–беренесинин 2–бөлүгүнө жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2007–жылдын 29–июнундагы №1997–III “Кайра бөлүштүрүү фондусундагы айыл чарба жерлерин ижарага берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндөгү типтүү Жобону бекитүү жөнүндө” токтомуна негиз, шаардык кеңештин Коммуналдык обьектер, менчик, мүлк жана архитектура, курулуштар маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2019–жылдын 01–августундагы №37 протоколунун чечимин жана шаардын “Караван” аймактык башкармалыгынын 2019–жылдын 18–июлундагы №01–34/403 кайрылуу катын эске алып, Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин 2018–жылдын 30–январындагы “Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин 2015–жылдын 19–августундагы “Кызыл–Кыя шаарынын аймагындагы кайра бөлүштүрүү Фондусундагы айыл чарба жерлерин бөлүштүрүү боюнча комиссиянын курамын бекитүү жөнүндө” №34/125 токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1). Кызыл–Кыя шаарынын аймагындагы кайра бөлүштүрүү Фондусундагы айыл чарба жерлерин бөлүштүрүү боюнча комиссиянын курамынан төмөнкү мүчөлөр чыгарылсын:

– Шарипов Равшанбек Турсунбаевич;

– Тажибаев Акмат Эгембердиевич;

2). Кызыл–Кыя шаарынын аймагындагы кайра бөлүштүрүү Фондусундагы айыл чарба жерлерин бөлүштүрүү боюнча комиссиянын курамына төмөнкүлөр мүчө болуп бекитилсин:

– Алиев Патта Гайыпович – “Караван” аймактык башкармалыгынын башкы адиси;

– Саланов Ысмайыл – “Караван” аймактык башкармалыгынын жетектөөчү адиси;

2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин Коммуналдык обьектер, менчик, мүлк, экология, санитардык тазалоо, көрктөндүрүү жана архитектура, курулуштар маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Төрайым

У. Дарипова
