# Савай айылдык кеңешинин 2018-жылдын 22-декабрындагы № 2-10 "Савай айылдык аймагынын ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендерге жана жакыр жардамга муктаж тургундарына материалдык жардам берүү жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Савай айылдык кеңешинин 2018-жылдын 22-декабрындагы № 2-10 "Савай айылдык аймагынын ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендерге жана жакыр жардамга муктаж тургундарына материалдык жардам берүү жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 2-10
- Дата принятия: 22.12.2018
- Статус: Действует
- Редакция от: 22.12.2018
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/425609>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-58651/edition/972486/ru>

> Текст приведён по редакции от 22.12.2018 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Савай айылдык кеңешинин 2018-жылдын 22-декабрындагы № 2-10 "Савай айылдык аймагынын ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендерге жана жакыр жардамга муктаж тургундарына материалдык жардам берүү жөнүндө" токтому (ред. от 22.12.2018) - https://aqlex.ai/kg/doc/425609

---

САВАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ (VI-шайланган) кезектеги II сессиясы 2018-жылдын 22-декабры № 2-10 Савай айылдык аймагынын ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендерге жана жакыр жардамга муктаж тургундарына материалдык жардам берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын калкты социалдык жактан тейлөөнүн негиздери жөнүндө мыйзамынын 2003-жылдын 12-апрелинин №71, 2005-жылдын 22-июнундагы №111, 2008-жылдын 28-июлундагы №177, 2013-жылдын 23-апрелиндеги №56-редакциясынын негизинде Савай айылдык округунун кеңеши Т О К Т О М К Ы Л А Т:

1. Савай айылдык аймагындагы ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жана жакыр үй бүлөөлөргө төмөнкүдөй материалдык жардам көрсөтүлсүн:

- көзүнөн, жүрөгүнөн жана онкология менен, эхинококког оорусу менен ооруган адамдарга операция жасатууга жана өтө жакыр үй-бүлөөлөргө- 10000 сомдон,

- 1-топтогу майып адамдарга кышка көмүр алуу үчүн 3000 сомдон,

- бардык майыптарга дары-дармек үчүн 500 сомдон,

- ДЦП оорусу менен ооруган балдарга материалдык жардам үчүн - 2000 сомдон

- ВИЧ, СПИД оорусу менен ооругандарга материалдык жардам үчүн – 2000 сомдон,

- жасалма тиш коюу үчүн ( баатыр эне, көзүнөн, кулагынан ооругандар) - 1500 сомдон,

- көз айнек алуу үчүн (көзүнөн ооругандарга)- 1000 сомдон,

- угуу аппаратын алуу үчүн ( кулагынан ооругандарга) - 1000 сомдон,

- баатыр энелерге жол акысы үчүн- 600 сомдон,

- кургак учук оорусу менен ооругандарга санаторияга дарыланып келүү үчүн жол акысына- 2000 сомдон,

- кургак учук оорусу менен ооругандарга (материалдык жардам) - 1000 сомдон

- жарым жетимдерге (материалдык жардам)- 1000 сомдон,

- тоголок жетимдерге (материалдык жардам)- 2000 сомдон .

2. Мыйзам чегинде акча каражатын бөлүп берүү жагы ФЭБнө милдеттендерилсин.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдө жагы Савай айылдык округунун кеңешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсун

Төрага

А.Баимбетов
