Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Савай айылдык кеңешинин «Савай айылдык аймагынын ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендерге жана жакыр жардамга муктаж тургундарына материалдык жардам берүү жөнүндө» токтому
САВАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ (VI-шайланган) кезектеги II сессиясы 2018-жылдын 22-декабры № 2-10 Савай айылдык аймагынын ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендерге жана жакыр жардамга муктаж тургундарына материалдык жардам берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын калкты социалдык жактан тейлөөнүн негиздери жөнүндө мыйзамынын 2003-жылдын 12-апрелинин №71, 2005-жылдын 22-июнундагы №111, 2008-жылдын 28-июлундагы №177, 2013-жылдын 23-апрелиндеги №56-редакциясынын негизинде Савай айылдык округунун кеңеши Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Савай айылдык аймагындагы ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жана жакыр үй бүлөөлөргө төмөнкүдөй материалдык жардам көрсөтүлсүн:
- көзүнөн, жүрөгүнөн жана онкология менен, эхинококког оорусу менен ооруган адамдарга операция жасатууга жана өтө жакыр үй-бүлөөлөргө- 10000 сомдон,
- 1-топтогу майып адамдарга кышка көмүр алуу үчүн 3000 сомдон,
- бардык майыптарга дары-дармек үчүн 500 сомдон,
- ДЦП оорусу менен ооруган балдарга материалдык жардам үчүн - 2000 сомдон
- ВИЧ, СПИД оорусу менен ооругандарга материалдык жардам үчүн – 2000 сомдон,
- жасалма тиш коюу үчүн ( баатыр эне, көзүнөн, кулагынан ооругандар) - 1500 сомдон,
- көз айнек алуу үчүн (көзүнөн ооругандарга)- 1000 сомдон,
- угуу аппаратын алуу үчүн ( кулагынан ооругандарга) - 1000 сомдон,
- баатыр энелерге жол акысы үчүн- 600 сомдон,
- кургак учук оорусу менен ооругандарга санаторияга дарыланып келүү үчүн жол акысына- 2000 сомдон,
- кургак учук оорусу менен ооругандарга (материалдык жардам) - 1000 сомдон
- жарым жетимдерге (материалдык жардам)- 1000 сомдон,
- тоголок жетимдерге (материалдык жардам)- 2000 сомдон .
2. Мыйзам чегинде акча каражатын бөлүп берүү жагы ФЭБнө милдеттендерилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдө жагы Савай айылдык округунун кеңешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсун
Төрага
А.Баимбетов
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 2 · цитируется в 0 · связанные 1
Ссылается на (2)
- Закон «О внесении изменения в Закон Кыргызской Республики "Об основах социального обслуживания населения в Кыргызской Республике»Закон · 12.04.2003 · № 71
- Закон «О внесении дополнений и изменений в Закон Кыргызской Республики "Об основах социального обслуживания населения в Кыргызской Республике»Закон · 28.07.2008 · № 177
Связанные документы (1)
По данным источника (cbd.minjust.gov.kg), без указания, кто на кого ссылается.
- Закон «Об основах социального обслуживания населения в Кыргызской Республике»Закон · 19.12.2001 · № 111