# Савай айылдык кеңешинин 2019-жылдын 07-августундагы №2/6 "Савай айыл өкмөтүнө караштуу ижара мөөнөтү бүткөн кайра бөлүштүрүү фондун жерлерин ижарага берүү жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Савай айылдык кеңешинин 2019-жылдын 07-августундагы №2/6 "Савай айыл өкмөтүнө караштуу ижара мөөнөтү бүткөн кайра бөлүштүрүү фондун жерлерин ижарага берүү жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 2/6
- Дата принятия: 07.08.2019
- Статус: Действует
- Редакция от: 07.08.2019
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/425592>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-58634/edition/971640/ru>

> Текст приведён по редакции от 07.08.2019 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Савай айылдык кеңешинин 2019-жылдын 07-августундагы №2/6 "Савай айыл өкмөтүнө караштуу ижара мөөнөтү бүткөн кайра бөлүштүрүү фондун жерлерин ижарага берүү жөнүндө" токтому (ред. от 07.08.2019) - https://aqlex.ai/kg/doc/425592

---

САВАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМУ

(VI-шайланган) кезектеги II сессиясы 2019-жылдын 07-августу №2/6 Савай айыл өкмөтүнө караштуу ижара мөөнөтү бүткөн кайра бөлүштүрүү фондун жерлерин ижарага берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 3-сентябрындагы №602,02016-жылдын 18-ноябрындагы №599,2019-жылдын 15-февралындагы №55 токтомдордун редакциясына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 22-июнундагы №243 токтому менен жактырылган Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү шарттары жана тартиби тууралуу Типтүү Жобонун негизинде Савай айылдык округунун кеңеши Т О К Т О М К Ы Л А Т:

1. Ижара мөөнөтү аяктаган Савай айыл өкмөтүнүн айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлери Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 18-ноябрындагы №599 токтомунун редакциясынын ылайык ижарага берилсин.

2. Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү максатында айыл өкмөтүндө Жер комиссиясы курамы төмөндөгүдөй бекитилсин.

1)Хакимов Базарбек – Савай айылдык округунун кеңешинин депутаты,

комисиянын торагасы.

2) Абибилла .Акымбеков – Савай айыл өкмөтүнүн башкы адиси,

комиссиянын катчысы Комиссия мучолору:

3) Кудайбердиев Эргешбай – Савай айылдык округунун кеңешинин депутаты.

4)Чырмашов Чынгыз – Савай айылдык округунун кеңешинин депутаты.

5).Базарбаев Сапарбай – Ынтымак айылынын айыл башчысы.

6)Джусуев Мамасадык – Савай айылынын айыл башчысы.

7)Ходжаев Айдар – Кыдырша айылынын айыл башчысы.

8) Полотов Гапыржан – Султан -Абад айылынын айыл башчысы.

9) Чырмашов Батыр – Кескен-Жар айылынын айыл башчысы.

10)Мурзакулов Хабибилла –Кен-Сай айылынын айыл башчысы

11)Кундузов Абдибаит - Октябрь айылынын айыл башчысы

12)Хайдаров Мамашарип - Курбан-Кара айылынын айыл башчысы

13)Женмуратов Алмаз – Савай айыл өкмөтүнүн жетектөөчү адис салык

боюнча

14)Каримжанов Садир - Савай айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы

15)Дадажанов Музафар - Савай айыл өкмөтүнүн жетектөөчү адиси жер жана

турак жай коммуналдык маселелер боюнча..

16)Сайпидинов Мунарбек – Савай айыл өкмөтүнүн башчысы

17) Кара-Суу райондук агрардык өнүгүү департаментинин кызматкери (макулдугу менен)

3. Тузулгон комиссияга иштерин КР Өкмөтүнүн “КБФ нун жерлерин ижарага берүнүн тартиби ” жонундогу мыйзамдарынын, жер кодексинин, нормативдик актылары, типтуу жоболордун негизинде иш алып баруусу милдеттендирилсин.

4. Аукционду алып баруучу аукционист милдетин М.Дадажановго жүктөлсүн.

5. Бул токтомду көзөмөлдөө жагы Савай айылдык округунун кеңешинин айыл чарба, жер, жайыттар жана курулуш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Төрага

А.Баимбетов
