# Нарын шаардык кеңешинин 2019-жылдын 26-февралындагы № 6 "Нарын шаардык “Таза-Нарын” муниципалдык ишканасынын карамагынан Нарын шаардык “Жашылдандыруу” муниципалдык ишканасын бөлүп чыгуу жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Нарын шаардык кеңешинин 2019-жылдын 26-февралындагы № 6 "Нарын шаардык “Таза-Нарын” муниципалдык ишканасынын карамагынан Нарын шаардык “Жашылдандыруу” муниципалдык ишканасын бөлүп чыгуу жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 6
- Дата принятия: 26.02.2019
- Статус: Действует
- Редакция от: 26.02.2019
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/42552>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-4782/edition/975801/ru>

> Текст приведён по редакции от 26.02.2019 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Нарын шаардык кеңешинин 2019-жылдын 26-февралындагы № 6 "Нарын шаардык “Таза-Нарын” муниципалдык ишканасынын карамагынан Нарын шаардык “Жашылдандыруу” муниципалдык ишканасын бөлүп чыгуу жөнүндө" токтому (ред. от 26.02.2019) - https://aqlex.ai/kg/doc/42552

---

НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН IV ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ XXI СЕССИЯСЫ

2019-жылдын 26-февралы № 6 Нарын шаардык “Таза-Нарын” муниципалдык ишканасынын карамагынан Нарын шаардык “Жашылдандыруу” муниципалдык ишканасын бөлүп чыгуу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, Кыргыз Республикасынын “Жарандык Кодексинин”, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу”, “Мүлккө муниципалдык менчик” жана “Юридикалык жактарды мамлекеттик каттоо” жөнүндөгү Мыйзамдарынын негизинде, Нарын шаардык Кеңешинин Регламентине ылайык Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Нарын шаардык Кеңешинин IV чакырылыштагы 28-апрель 2017-жылдагы “Нарын шаарындагы айрым мекемелерин оптималдаштырууга макулдук берүү, алардын Жоболорун жана штаттык бирдиктерин бекитүү жөнүндө” №4 токтомунун 1-2-3-пункттары күчүн жоготту деп таанылсын.

2. Нарын шаардык “Таза-Нарын” муниципалдык ишканасынын карамагынан Нарын шаардык “Жашылдандыруу” муниципалдык ишканасын мурдагы жана кошумча штаттык бирдиктери менен бөлүп чыгууга макулдук берилсин.

3. Нарын шаардык “Таза-Нарын” муниципалдык ишканасы жөнүндө жана Нарын шаардык “Жашылдандыруу” муниципалдык ишканасы жөнүндө Жоболору бекитилсин (жоболор тиркелет).

4. Токтомду аткаруу жана Кыргыз Республикасынын Жарандык Кодекстин 93-беренисинин 4-пунктуна ылайык ажыратуу балансын түзүү, бекитүү жана юстиция органдарынан каттоодон өткөрүү жагы Нарын шаардык мэриясына жүктөлсүн.

5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Нарын шаардык Кеңешинин алдындагы “Мыйзамдуулук, укук тартиби, коргоо, регламент, мандат, этика, коррупцияга каршы күрөшүү боюнча” жана “Бюджет, финансы жана экономика, ишкердүүлүк, инвестиция боюнча” туруктуу комиссияларына тапшырылсын.

Төрага

Ж. Ботоканов
