Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 50 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Нарын шаардык кеңешинин «Нарын шаардык “Таза-Нарын” муниципалдык ишканасынын карамагынан Нарын шаардык “Жашылдандыруу” муниципалдык ишканасын бөлүп чыгуу жөнүндө» токтому
НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН IV ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ XXI СЕССИЯСЫ
2019-жылдын 26-февралы № 6 Нарын шаардык “Таза-Нарын” муниципалдык ишканасынын карамагынан Нарын шаардык “Жашылдандыруу” муниципалдык ишканасын бөлүп чыгуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, Кыргыз Республикасынын “Жарандык Кодексинин”, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу”, “Мүлккө муниципалдык менчик” жана “Юридикалык жактарды мамлекеттик каттоо” жөнүндөгү Мыйзамдарынын негизинде, Нарын шаардык Кеңешинин Регламентине ылайык Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Нарын шаардык Кеңешинин IV чакырылыштагы 28-апрель 2017-жылдагы “Нарын шаарындагы айрым мекемелерин оптималдаштырууга макулдук берүү, алардын Жоболорун жана штаттык бирдиктерин бекитүү жөнүндө” №4 токтомунун 1-2-3-пункттары күчүн жоготту деп таанылсын.
2. Нарын шаардык “Таза-Нарын” муниципалдык ишканасынын карамагынан Нарын шаардык “Жашылдандыруу” муниципалдык ишканасын мурдагы жана кошумча штаттык бирдиктери менен бөлүп чыгууга макулдук берилсин.
3. Нарын шаардык “Таза-Нарын” муниципалдык ишканасы жөнүндө жана Нарын шаардык “Жашылдандыруу” муниципалдык ишканасы жөнүндө Жоболору бекитилсин (жоболор тиркелет).
4. Токтомду аткаруу жана Кыргыз Республикасынын Жарандык Кодекстин 93-беренисинин 4-пунктуна ылайык ажыратуу балансын түзүү, бекитүү жана юстиция органдарынан каттоодон өткөрүү жагы Нарын шаардык мэриясына жүктөлсүн.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Нарын шаардык Кеңешинин алдындагы “Мыйзамдуулук, укук тартиби, коргоо, регламент, мандат, этика, коррупцияга каршы күрөшүү боюнча” жана “Бюджет, финансы жана экономика, ишкердүүлүк, инвестиция боюнча” туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Төрага
Ж. Ботоканов
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 50 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 0 · цитируется в 0 · связанные 6
Связанные документы (6)
По данным источника (cbd.minjust.gov.kg), без указания, кто на кого ссылается.
- Гражданский кодекс Кыргызской Республики Часть IКодекс · 08.05.1996 · № 15
- Закон «О муниципальной собственности на имущество»Закон · 15.03.2002 · № 37
- Нарын шаардык кеңешинин 2017-жылдын 28-апрелиндеги № 4 "Нарын шаарындагы айрым мекемелерин оптималдаштырууга макулдук берүү, алардын Жоболорун жана штаттык бирдиктерин бекитүү…Постановление · 28.04.2017 · № 4
- Закон «О местном самоуправлении»Закон · 15.07.2011 · № 101 · Утратил силу
- Закон «О государственной регистрации юридических лиц, филиалов (представительств)»Закон · 20.02.2009 · № 57 · Утратил силу
- Конституция Кыргызской РеспубликиКонституция · 27.06.2010 · Утратил силу