# Нарын шаардык кеңешинин 2019-жылдын 26-февралындагы № 3 "Нарын шаарындагы ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн курулган турак жайдын курулуш иштеринин 1-этабы бүткөндүгүнө байланыштуу муниципалдык менчикке алууга макулдук берүү жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Нарын шаардык кеңешинин 2019-жылдын 26-февралындагы № 3 "Нарын шаарындагы ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн курулган турак жайдын курулуш иштеринин 1-этабы бүткөндүгүнө байланыштуу муниципалдык менчикке алууга макулдук берүү жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 3
- Дата принятия: 26.02.2019
- Статус: Действует
- Редакция от: 26.02.2019
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/42546>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-4779/edition/975809/ru>

> Текст приведён по редакции от 26.02.2019 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Нарын шаардык кеңешинин 2019-жылдын 26-февралындагы № 3 "Нарын шаарындагы ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн курулган турак жайдын курулуш иштеринин 1-этабы бүткөндүгүнө байланыштуу муниципалдык менчикке алууга макулдук берүү жөнүндө" токтому (ред. от 26.02.2019) - https://aqlex.ai/kg/doc/42546

---

НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН IV ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ XXI СЕССИЯСЫ

2019-жылдын 26-февралы № 3 Нарын шаарындагы ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн курулган турак жайдын курулуш иштеринин 1-этабы бүткөндүгүнө байланыштуу муниципалдык менчикке алууга макулдук берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө», “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамдарынын жана “Турак жай” Кодексинин негизинде, Нарын шаарындагы ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн салынган турак жайдын курулуш иштеринин 1-этабы аяктагандыгына байланыштуу депутаттардын талкуусунан кийин Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Нарын шаардык Кеңешинин 5-февраль 2019-жылдагы “Нарын шаарындагы ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн курулган турак жайды муниципалдык менчикке алууга макулдук берүү жөнүндө” №1 токтомунун 1-пункту күчүн жоготту деп таанылсын.

2. Нарын шаарындагы А.Калыков көчөсүндөгү ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн салынган 2 кабаттуу, 10 батирлүү, 1 (бир) бөлмөдөн турган турак жайды муниципалдык менчикке алууга макулдук берилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдүккө алуу Нарын шаарынын мэрине тапшырылсын.

Төрага

Ж. Ботоканов
