# Ак-Турпак айылдык кеңешинин 2019-жылдын 14-июнундагы № 16 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014 – жылдын 19 – мартындагы №169 “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндө” убактылуу жобону бекитүү тууралуу токтомунун негизинде" токтому

- Полное наименование: Ак-Турпак айылдык кеңешинин 2019-жылдын 14-июнундагы № 16 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014 – жылдын 19 – мартындагы №169 “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндө” убактылуу жобону бекитүү тууралуу токтомунун негизинде" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 16
- Дата принятия: 14.06.2019
- Статус: Действует
- Редакция от: 14.06.2019
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/42512>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-4750/edition/975401/ru>

> Текст приведён по редакции от 14.06.2019 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Ак-Турпак айылдык кеңешинин 2019-жылдын 14-июнундагы № 16 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014 – жылдын 19 – мартындагы №169 “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндө” убактылуу жобону бекитүү тууралуу токтомунун негизинде" токтому (ред. от 14.06.2019) - https://aqlex.ai/kg/doc/42512

---

АК-ТУРПАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Ак-Турпак айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XI сессиясы

2019-жылдын 14-июну № 16 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014 – жылдын 19 – мартындагы №169 “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндө” убактылуу жобону бекитүү тууралуу токтомунун негизинде

“Жер участокторун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык Ак – Турпак айыл аймагында өндүрүштүк муктаждыктарды канааттандыруу максатында “Торговый” участкасындагы 0,54га, «Жетиген» участкасындагы 0,30га, «Герой» участкасындагы 1,75га, «Миң-Чынар» участкасындагы 10,0га, «Жаңы-Жер» участкасындагы 2,53га жана «Газ» участкасындагы 4,65 га болуп, жалпы 19,77 га жер аянтынын “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан «Өнөр жай, транспорт, байланыш жана башка жерлер» категориясына которууну жөнгө салуу максатында, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 15-беренесине ылайык, айыл өкмөтүнүн алдындагы жер мамилелерин жөнгө салуу боюнча комиссиясынын 11.06.2019-жылдагы № 3 протоколуна негиз, айылдык кеңештин сессиясы карап, ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы №169 “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндө убактылуу жобону бекитүү тууралуу токтомунун негизинде Ак – Турпак айылдык аймагынын “Торговый” участкасындагы 0,54 га, «Жетиген» участкасындагы 0,30га, «Герой» участкасындагы 1,75га, «Миң-Чынар» участкасындагы 10,0 га, «Жаңы-Жер» участкасындагы 2,53 га жана «Газ» участкасындагы 4,65 га болуп, жалпы 19,77 га жер аянтынын “Айыл чарба” багытындагы жерлер категориясынан “Өнөр жай, транспорт, байланыш жана башка жерлер” категориясына ажыратылсын.

2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак – Турпак айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары М. Сатыбалдиевге милдеттендирилсин.

Төрага

А. Имаров
