# Ак-Турпак айылдык кеңешинин 2019-жылдын 14-июнундагы № 15 «Индустриалдык соода өнөр жай логистикалык комплекс» учун ажыратылуучу жер аянтын бир түрүнөн башка түрүнө которуу (трансформациялоо) жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Ак-Турпак айылдык кеңешинин 2019-жылдын 14-июнундагы № 15 «Индустриалдык соода өнөр жай логистикалык комплекс» учун ажыратылуучу жер аянтын бир түрүнөн башка түрүнө которуу (трансформациялоо) жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 15
- Дата принятия: 14.06.2019
- Статус: Действует
- Редакция от: 14.06.2019
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/42511>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-4749/edition/975399/ru>

> Текст приведён по редакции от 14.06.2019 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Ак-Турпак айылдык кеңешинин 2019-жылдын 14-июнундагы № 15 «Индустриалдык соода өнөр жай логистикалык комплекс» учун ажыратылуучу жер аянтын бир түрүнөн башка түрүнө которуу (трансформациялоо) жөнүндө" токтому (ред. от 14.06.2019) - https://aqlex.ai/kg/doc/42511

---

АК-ТУРПАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Ак-Турпак айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XI сессиясы

2019-жылдын 14-июну № 15 «Индустриалдык соода өнөр жай логистикалык комплекс» учун ажыратылуучу жер аянтын бир түрүнөн башка түрүнө которуу (трансформациялоо) жөнүндө

“Жер участокторун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык Ак – Турпак айыл аймагында «Индустриалдык соода өнөр жай логистикалык комплекс» үчүн Бүргөндү массивинен 2-кезектеги жаңыдан өздөштүрүлүүчү «Кыргызмамжердолбоор» МДИ МИ Баткен жерге жайгаштыруу боюнча экспедициясынын корутундусунун негизинде жер тилкесинин “Айыл чарба” категориясынын таштуу жайыт жер аянттарынан 100,0 га, «Өнөр жай, транспорт, байланыш жана башка жерлер» категориясына которууну жөнгө салуу максатында, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 13-ст., 25-ст. 2-пункту, 27-ст. 1-пункттарына ылайык айылдык кеңештин сессиясы карап, ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы №169 “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндө убактылуу жобону бекитүү тууралуу токтомунун негизинде Ак – Турпак айылдык аймагынын “Газ” участкасындагы 100,0га жер аянты, өндүрүштүк муктаждыктаржы чечүү максатында “Айыл чарба” багытындагы жерлер категориясынан “Өнөр жай, транспорт, байланыш жана башка жерлер” категориясына ажыратылсын.

2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак – Турпак айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары М. Сатыбалдыевге милдеттендирилсин.

Төрага

А. Имаров
