Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 50 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Осмонкулов айыл кеңешинин «Осмонкулов айыл өкмөтүнүн 2018-жылдын бюджетин бекитүү жана 2019-жылга бюджетин кабыл алуу жөнүндө»токтому
ОСМОНКУЛОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2019-жылдын 1-марты №1 Осмонкулов айыл өкмөтүнүн 2018-жылдын бюджетин бекитүү жана 2019-жылга бюджетин кабыл алуу жөнүндө Осмонкулов айылдык кеңешинин VII чакырылышынын 2019-жылдын 1-кезектеги сессиясынын 1-протоколунун негизинде Осмонкулов аыл өкмөтүнүн каржы-экономика бөлүмүмн башчысы Т. Төкөналиевдин 2018-жылдын бюджетин бекитүү жана 2019-жылга бюджетин кабыл алуу боюнча сунуштамасын талкуулап, карап чыгып ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Осмонкулов айыл өкмөтүнүн 2018-жылдагы бюджетинин аткарылышын канааттандыраарлык деп табылсын.
2. Осмонкулов айыл өкмөтүнүн 2019-жылдагы бюджетинин киреше бөлүгү боюнча 9155,9 миң сом өлчөмүндө жана чыгашалар боюнча 9155,9 миң сом өлчөмүндө белгиленсин.
3. Осмонкулов айыл өкмөтүнүн 2019-жылдагы бюджетинин киреше булагы №1 тиркемеге ылайык булактардан түшүүчү каражаттардын эсебинен түзүлө турганы аныкталсын.
4. Осмонкулов айыл өкмөтүнүн 2019-жылга бюджеттин чыгаша бөлүгүнүн жалпы суммасы №2 тиркемеге ылайык бекитилсин.
5. Осмонкулов айыл өкмөтүнүн 2019-жылга бюджеттин накталай кассалык жүгүртүү акча каражаттарынын көлөмү №3 тиркеменин негизинде бекитилсин.
6. Осмонкулов айыл өкмөтүнүн 2019-жылдагы чыгаша бөлүгү боюнча №4 тиркемеге ылайык чыгаша булактардан турары белгиленсин.
7. 2019-жылга карата Осмонкулов айыл өкмөтүнүн чыгашаларынын трансферттерден тышкары №5 тиркемеге ылайык өздүк чыгымдан резервдик фонд түзүлсүн.
8. Осмонкулов айыл кенешинин токтому туура жана так аткарылышына көзөмөлдүк жүргүзүү кеңештин «Экономикалык реформалардын жүрүшү жана бюджет» боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
9. Осмонкулов айыл аймагындагы бала бакчага, 2019-жылга ата-энелерден каражатын киреше булагы 470,0 миң сом жалпысы 470,0 миң сом жана чыгаша бөлүгү 1205,1 сомго бекитилсин №7 тиркемеге ылайык.
10. Кыргыз Республикалык каржы Министрлиги тарабынан 2019-2020-2021-жылдарга социалдык экономикалык өнүгүүнүн долбоору бекитилсин.
11. 2019-жылга социалдык-экономикалык өнүгүү божомолдуу бюджети бекитилсин.
12. Кыргыз Республикасынын салык кодексинин негизинде жергиликтүү бюджеттин кирешелер бөлүгүн чыңдоо максатында төмөндөгүдөй салыктар жана жыйымдар киргизилсин жана алардын ставкалары төмөндөгүдөй өлчөмдө бекитилсин.
13. Транспорт ээлеринен алынуучу салык, менчик авто транспорттору жана айыл чарба техникалары бар Кыргыз Республикасынын жарандары, чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок жактар салык төлөөчү болуп эсептелинет. Салык чегерүү обьектиси жана өлчөмү КР салык кодексинин 198-статьясынын негизинде жүргүзүлсүн.
14. Жыйындын бюджетке чегерүү мөөнөтү ар бир айдын 20 числосу деп белгиленсин.
15. Айыл өкмөтүнүн мекеме уюмдарынын жыл ичинде каржылоо чыгымдарына зарыл болгон учурда бир бөлүмдөн экинчи жана статьядан статьяга чейректен чейрекке жылдыруу жагы айыл өкмөтүнүн каржы-экономика бөлүмүнө жүктөлсүн.
16. Осмонкулов айыл өкмөтүнүн 12 штаттык бирдиги жана 2 штаттык бирдик асскердик каттоо столунун башчысына КР өкмөтүнүн 8-июль 2013-жылдагы №403 токтомунун негизинде, КР өкмөтүнүн 2017-жылда 7-августундагы №466 токтомунун негизинде Осмонкудов айылдык аймагына караштуу Маданият бөлүмүнө 3 кызматкер, анын ичинен клуб башчы 1 кызматкер, КР өкмөтүнүнү 2011-жылдын 19-январындагы №16 токтомунун негизинде 2019-жылдын бюджетине бекитилсин.
17. Токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк жүргүзүү жагы Осмонкулов айыл кеңешинин алдындагы «Экономикалык реформалардын жүрүшү жана бюджет» боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Төрага::
А.Джумаев
.
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 50 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 2 · цитируется в 0 · связанные 0
Ссылается на (2)
- Постановление Правительства КР от 19 января 2011 года №16 "О введении новой системы оплаты труда работников учреждений культуры, искусства и информации"Постановление · 19.01.2011 · № 16 · Утратил силу
- Постановление Правительства КР от 7 августа 2017 года № 466 "О внесении изменений в постановление Правительства Кыргызской Республики "Об оценке деятельности и условиях оплаты…Постановление · 07.08.2017 · № 466 · Утратил силу