# Исфана шаардык кеңешинин 2019-жылдын 3-майындагы №2 "Лейлек токой чарбасынын жайыт жерлерине 2019-2020-жылдарга жайыттарды ижарага берүү боюнча мал башына төлөнүүчү баасын бекитүү жөнүндө"токтому

- Полное наименование: Исфана шаардык кеңешинин 2019-жылдын 3-майындагы №2 "Лейлек токой чарбасынын жайыт жерлерине 2019-2020-жылдарга жайыттарды ижарага берүү боюнча мал башына төлөнүүчү баасын бекитүү жөнүндө"токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 2
- Дата принятия: 03.05.2019
- Статус: Действует
- Редакция от: 03.05.2019
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/423265>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-57781/edition/965064/ru>

> Текст приведён по редакции от 03.05.2019 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Исфана шаардык кеңешинин 2019-жылдын 3-майындагы №2 "Лейлек токой чарбасынын жайыт жерлерине 2019-2020-жылдарга жайыттарды ижарага берүү боюнча мал башына төлөнүүчү баасын бекитүү жөнүндө"токтому (ред. от 03.05.2019) - https://aqlex.ai/kg/doc/423265

---

ИСФАНА ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ ИСФАНА ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН V ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКТЕГИ ХXIII СЕССИЯСЫ

2019-жылдын 3-майы №2 Лейлек токой чарбасынын жайыт жерлерине 2019-2020-жылдарга жайыттарды ижарага берүү боюнча мал башына төлөнүүчү баасын бекитүү жөнүндө Лейлек токой чарбасынын жайыт жерлерине 2019-2020-жылдарга малдардын башына төлөнүүчү баасын бекитүү жөнүндө сунушун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 10-апрелиндеги №192 Токтомунун 46-пунктуна ылайык Исфана шаардык Кеңешинин V чакырылышынын кезектеги ХXIII сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ: Лейлек токой чарбасынын жайыт жерлерине 2019-2020-жылдарга малдардын башына төлөнүүчү баасы тиркемеге ылайык бекитилсин. (Тиркеме тиркелет) Ушул токтом шаардык Кеңештин аппаратында каттоодон өткөрүлүп, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтуу өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин www.gаmsumo.gov.kg сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Исфана шаардык Кеңешинин бюджет, экономика, өнөр жай, айыл чарба жана инвестиция иштери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Исфана шаардык Кенешинин төрагасы:

Б.И. Тагаев

Исфана шаардык Кеңешинин V чакырылышынын кезектеги XXIII сессиясынын 2019-жылдын 3-майындагы №2 токтомуна тиркеме КР. Өкмөтүнө караштуу курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы Мамлекеттик агенттиги Лейлек токой чарбасынын жайытына жайыт үчүн ижара акы төлөө.

1. ИММ башына мезгил ичинде (сезонго 90 күнгө) төлөнүүчү ижара акысы.

Ири мүйүздүү мал – 72 сом ИММ торпоктору – 28 сом 80 тыйын

2. Майда малдардын башына мезгил ичинде (сезонго 90 күнгө) төлөнүүчү ижара акысы.

Майда малдар – 36 сом Майда малдын козулары – 14 сом 40 тыйын

3. Жылкылардын, топоздордун башына мезгил ичинде (сезонго 90 күнгө) төлөнүүчү ижара акысы.

Жылкылар – 108 сом Кулундар – 43 сом 20 тыйын Топоздор – 108 сом Торпоктор – 43 сом 20 тыйын Бааларда жергиликтүү налогдор жана төлөмдөр эске алынган.

Исфана шаардык Кеңешинин жооптуу катчысы

З. Туяков
