Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 50 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Кочкор айыл кеңешинин «Кочкор айыл өкмөтүнүн Теңдик айылынын Калыгул Бай уулу атындагы ото мектебине АЧМФ жер аянтынан жер берүү жөнүндө»тоткому
КОЧКОР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Депутаттардын VI чакырылышынын Кочкор айыл аймагынын айылды кеңешинин кезексиз XXXVIII сессиясы
2019-жылдын 29-январы № 38\8 Кочкор айыл өкмөтүнүн Теңдик айылынын Калыгул Бай уулу атындагы ото мектебине АЧМФ жер аянтынан жер берүү жөнүндө Кочкор айылдык кеңешинин кезексиз XXXVIII-сессиясы, К.Бай уулу атындагы орто мектебинин директору З.Т.Табалдиевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу» жөнүндө Мыйзамынын 36-беренесине ылайык. ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кочкор айыл өкмөтүнүн муниципалдык жер аянттарын менчикке жана ижарага берүү боюнча түзүлгөн комиссия,Кочкор айыл өкмөтүнүн карамагында АЧМФнун ижара мөөнөтү өткөн жарандардын жер аянттарынан 5 гектар жер аянттын Теңдик айылынын К.Бай уулу атындагы орто мектебине көмөкчү чарбасына пайдалануу үчүн түз берүүнү карашсын.
2.Бул комиссия Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 23.09.2011-жылдагы №571 токтому менен бекитилген «муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укуктуу берүүнүн типтүү жобосун» жетекчиликке алуу менен иш алып барышсын.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Кочкор айыл кмөтүнүн башчысы Р.Б.Абакировго милдеттендирилсин.
Төрага:
Т.Ж.Балыкбеков
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 50 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 0 · цитируется в 0 · связанные 1
Связанные документы (1)
По данным источника (cbd.minjust.gov.kg), без указания, кто на кого ссылается.