# Өзгөн шаардык кеңешинин 2018-жылдын 20-декабрындагы № 15/1 "Өзгөн шаардык кеңешинин төрагасы Джалилов Азамжан Абдуллажановичтин 2018-жыл ичинде жүргүзгөн иштери жөнүндө"токтому

- Полное наименование: Өзгөн шаардык кеңешинин 2018-жылдын 20-декабрындагы № 15/1 "Өзгөн шаардык кеңешинин төрагасы Джалилов Азамжан Абдуллажановичтин 2018-жыл ичинде жүргүзгөн иштери жөнүндө"токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 15/1
- Дата принятия: 20.12.2018
- Статус: Действует
- Редакция от: 20.12.2018
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/423001>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-57522/edition/951157/ru>

> Текст приведён по редакции от 20.12.2018 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Өзгөн шаардык кеңешинин 2018-жылдын 20-декабрындагы № 15/1 "Өзгөн шаардык кеңешинин төрагасы Джалилов Азамжан Абдуллажановичтин 2018-жыл ичинде жүргүзгөн иштери жөнүндө"токтому (ред. от 20.12.2018) - https://aqlex.ai/kg/doc/423001

---

ӨЗГӨН-ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Өзгөн шаардык кеңешинин (VI чакырылышынын) кезектеги XV сессиясы отуруму

2018-жылдын 20-декабры №5/1 Өзгөн шаардык кеңешинин төрагасы Джалилов Азамжан Абдуллажановичтин 2018-жыл ичинде жүргүзгөн иштери жөнүндө Өзгөн шаардык кеңешинин (VI чакырылышынын) кезектеги XV сессиясынын отуруму күн тартибине киргизилген «Өзгөн шаардык кеңешинин төрагасы А. Джалиловдун 2018-жыл ичинде жүргүзгөн иштери жөнүндөгү» маселе боюнча Өзгөн шаардык кеңешинин төрагасы А.Джалиловдун отчетун угуп жана талкуулап ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Өзгөн шаардык кеңешинин төрагасы А. Джалиловдун 2018-жыл ичинде жүргүзгөн иштери депутаттар тарабынан айтылган сын-сунуштарды эске алуу менен канаттандыраарлык деп табылсын.

2. Отчетту талкуулоонун жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сын-сунуштарды аткаруу боюнча иш-чара түзүү жана анын аткарылышын камсыз кылуу жагы Өзгөн шаардык кеңешинин аппаратына милдеттендирилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Өзгөн шаардык кеңешинин туруктуу комиссияларына тапшырылсын.

Өзгөн шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары М. Халматов

Өзгөн шаардык кеңеши тарабынан 2018-жылда аткарылган иштер жөнүндө маалымат

Өзгөн шаардык кеңешинин (VI чакырылышынын) депутаттары тарабынан 2018-жылдын 1-январынан 20-декабрына чейин 6 жолу сессия өткөрүлдү. Өткөрүлгөн сессиялардын отурумдарында 33 маселе каралды, анын ичинен 7 бекитилген иш планына ылайык маселе, 26 ар түрдүү маселелер каралды. Өзгөн шаардык кеңешинин 2018-жылдын 20-январында өткөн кезектеги IX сессиясынын отурумунда Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 27-декабрындагы №560 токтому жана Өзгөн аймактык шайлоо комиссиясынын 2017-жылдын 27-декабрындагы №132 протоколу, Өзгөн шаарынын 2017-жылдагы бюджетинин аткарылышы жана Өзгөн шаарынын 2018-жылга карата бюджетин бекитүү, “Өзгөн-Тазалык” муниципалдык ишканасынын 2017-жылдын 21-ноябрындагы муниципалдык базардагы ишкана пайдаланып жаткан жерден ишкананын ишмердүүлүгүн толук жана жетиштүү даражада жүргүзүү үчүн пайдалануу жөнүндөгү №80 кайрылуу каты каралды. Өзгөн шаардык кеңешинин 2018-жылдын 1-февралында өткөн кезексиз X сессиясынын отурумунда Өзгөн шаардык кеңешинин (VI чакырылышынын) 2018-жылга карата иш планын бекитүү, «Өзгөн шаарынын ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу жөнүндөгү маселелер каралды. Өзгөн шаардык кеңешинин 2018-жылдын 14-апрелиндеги кезектеги XI сессиясында Өзгөн шаар мэринин 2017-жыл ичинде аткарган иштери жөнүндөгү отчету, Өзгөн шаарынын 2018-2022-жылдарга карата социалдык-экономикалык жактан өнүгүү программасынын стратегиялык планынын долбоорун жана Өзгөн шаарынын 2018-жылга карата социалдык-экономикалык жактан өнүгүү программасын бекитүү, Өзгөн аймактык шайлоо комиссиясынын курамына талапкерлерди көрсөтүү, Долбоорлорду ишке ашыруу үчүн жергиликтүү бюджеттин эсебинен акча каражатын каржылоого макулдук берүү, Өзгөн шаардык кеңешинин 2018-жылдын 20-январындагы №9/2 токтомуна өзгөртүү киргизүү, Өзгөн шаардык кеңешинин 2016-жылдын 30-мартындагы №23/5 токтомуна өзгөртүү киргизүү, Н. Азнабакиев атындагы балдардын эс алуу багын чарбалык эсепке өткөрүүгө макулдук берүү, Өзгөн шаарынын 1-вице-мэрин дайындоого макулдук берүү жөнүндөгү маселелер каралды. Өзгөн шаардык кеңешинин 2018-жылдын 9-августундагы кезектеги XII сессиясында Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2018-жылдын 24-майындагы №107 токтому, Өзгөн шаарынын 2018-2022-жылдарга карата стратегиялык өнүгүү программасын бекитүү, БУУӨПнын 2018-жылга пландаштырылган долбоорлорун ишке ашыруу үчүн МММБ департаментинин атайын каражаттар планына тактоо киргизүүгө макулдук берүү, Өзгөн шаары үчүн таза суу тармагын реабилитациялоо жана саркынды сууларды тазалоочу курулманын курулушуна насыяларды алууда шаардык мэриянын кепилдик берүүсүнө макулдук берүү, Өзгөн шаарынын балансында турган кургак учукка каршы поликлиникасынын (туб. диспансердин) имаратын Өзгөн «Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборуна» ыкчам (оперативдүү) пайдаланууга берүү, Манас көчөсүндө жайгашкан имаратты КР Өкмөтүнө караштуу экономикалык кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча башкармалыгынын Өзгөн жана Кара-Кулжа райондор аралык бөлүмүнө ыкчам (оперативдүү) пайдаланууга берүү, Өзгөн шаарынын Манас көчөсүндөгү №74 көп кабаттуу үйдүн 1-кабатындагы «Өзгөн-2», «Жаныбек Казы» кварталындагы «Өзгөн-3» байланыш бөлүмдөрү жайгашкан имараттарды «Кыргыз почтасы» мамлекеттик ишканасынын балансына өткөрүп берүү, Жаныбек казынын айкелин орнотууга көмөк көрсөтүү, Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн аймагындагы “Бахмал-2”, “Дөң-Булак-1”, “Пайзабад” жана “Төөлөс” айылдарындагы Өзгөн шаарынын элине суу берүүчү скважиналар жайгашкан жерлер, Кабырстандардын жайгашкандыгын маалымдай турган жарнамалык көрсөткүч калканын орнотууга макулдук берүү жөнүндөгү маселелер каралды. Өзгөн шаардык кеңешинин 2018-жылдын 13-августундагы кезексиз XIII сессиясында Өзгөн шаарында таза сууга болгон тарифти өзгөртүү, Өзгөн шаарында муниципалдык-жеке өнөктөштүк ыкмасындагы балдар бакчаларын ачууга макулдук берүү жөнүндөгү маселелер каралды. Өзгөн шаардык кеңешинин 2018-жылдын 27-октябрындагы кезектеги XIV сессиясында Өзгөн шаар мэринин 2018-жылдын 6 айы ичинде аткарган иштери жөнүндөгү отчету, Өзгөн шаарынын бюджетинин 2018-жылдын 6 айы ичинде аткарылышы, Өзгөн шаарынын бюджетинин киреше бөлүгүнүн 2018-жылда ашыкча аткарылышынын эсебинен кошумча каражат бөлүү, Өзгөн шаарынын бюджетинин 2019-жылга долбоорун бекитүү, Өзгөн шаардык кеңешиндеги көпчүлүк коалиция жөнүндө, Долбоорду ишке ашыруу үчүн МММБ департаментинин атайын каражаттар эсебинен акча каражатын каржылоого макулдук берүү, 2018-жылдагы титулдук тизмеден жана башка иштерден үнөмдөлгөн акча каражаттарын каржылоо жөнүндөгү маселелер каралды. Өзгөн шаардык кеңешинин 2018-жылдын 20-декабрындагы кезектеги XV сессиясынын бүгүнкү күн тартибине Өзгөн шаардык кеңешинин төрагасынын 2018-жылда аткарган иштери жөнүндөгү отчету, Өзгөн шаардык билим берүү мекемелеринин жүргүзүп жаткан иштери, Өзгөн шаардык кеңешинин Регламентине толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизүү, “Өзгөн шаарынын Ардактуу атуулу” жөнүндө Жобого өзгөртүү киргизүү, Өзгөн шаар мэриясынын 2018-жылдын 11-октябрындагы, 2018-жылдын 30-октябрындагы “Өзгөн шаарынын Ардактуу атуулу” наамына сунушталган Салиев Бахтияр Усманович, Станбаев Өзгөнбай Тиллабаевич, Бекташев Төрө Бекташевичтин талапкерлигин кароо жөнүндөгү №932, №933 жана №1002 сунуш каттары, Өзгөн шаар мэриясынын 2018-жылдын 4-сентябрындагы аксакалдар сотунун курамын бекитип берүү жөнүндөгү №784 каты, Өзгөн шаардык кеңешинин депутаттарынын этика кодексин бекитүү, Аксакалдар сотунун ишинин Регламентин бекитүү, Өзгөн шаарында бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссия тууралуу жобону жана бузуулар боюнча комиссия курамын бекитүү жөнүндөгү маселелер комиссия тарабынан сунуш кылынган. Шаардык кеңештин токтомдору “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылар жөнүндөгү” мыйзамына ылайык «uzgen.org.kg» сайтына жарыя кылынып барылып, Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигинин Ош облусу боюнча башкармалыгынан толугу менен каттоодон өткөрүлүүдө.

Өзгөн шаардык кеңешинин (VI чакырылышынын) депутаттарынын 2018-жылда болуп өткөн сеесияларга катышуусу боюнча МААЛЫМАТ

№

Ф.А.Ж.

Сессиянын номери

Жалпы сессиянын саны

Анын ичинен

Эскертме

IX

X

XI

XII

XIII

XIV

катышканы

катышпаганы

1

Гүрөңов Мирбек Мамасалиевич

+

+

+

\-

+

\-

6

4

2

2

Каримов Отабек Тохтасинович

+

\-

+

+

+

\-

6

4

2

3

Абдурахманов Хатамжан Номанджанович

манд.кийин алган

+

+

\-

3

2

1

4

Эргешева Патиля Алибаевна

+

\-

+

+

+

\-

6

4

2

5

Абдукаймов Анварбек Абдукаймович

+

\-

+

\-

\-

+

6

3

3

6

Кахаров Алишер Абдулхалилович

+

+

+

+

+

\-

6

5

1

7

Джалилов Азамжан Абдуллажанович

+

+

+

+

отп

+

6

5

1

8

Ахмедов Хосилжан Садыкович

+

+

+

+

+

\-

6

5

1

9

Шамиева Бурал Насировна

+

+

+

+

+

\-

6

5

1

10

Мирюсупов Миролим Мирсабирович

+

\-

+

+

+

+

6

5

1

11

Мамадалиев Ильхамжан Умаржанович

+

+

+

\-

\-

\-

6

3

3

12

Рызакулов Марифжон Панайдинович

+

+

+

\-

+

+

6

5

1

13

Имьяминов Йулчибой Таджимахаматович

\-

+

+

+

\-

+

6

4

2

14

Абдурахманов Махмуджан Машрапжанович

+

+

+

\-

+

+

6

5

1

15

Халматов Мухтаржан Маматжанович

\-

\-

+

+

+

+

6

4

2

16

Тажибаев Иброхимжон Юлдашбаевич

+

+

+

+

+

+

6

6

\-

17

Артиков Абдулвахид Нуманжанович

+

+

+

+

+

+

6

6

\-

18

Азимжанов Бахтиержон Ганижанович

+

+

+

+

+

+

6

6

\-

19

Мамазайитов Арапжон Жомолдинович

+

+

+

+

\-

+

6

5

1

20

Турсунбаев Санжарбек

+

+

+

+

+

+

6

6

\-

21

Рахманбердиев Мадаминжон Маматкаримович

+

+

+

\-

+

+

6

5

1

22

Мирзажанов Бахтиержон Камилжанович

+

+

+

+

+

+

6

6

\-

23

Моминов Кобылжан Таджимаматович

+

+

+

\-

+

+

6

5

1

24

Купахунов Розувай Сулайманович

+

+

+

+

+

+

6

6

\-

25

Матишев Туратбек Чолпонбаевич

+

\-

\-

\-

\-

\-

6

1

5

26

Шаробидинов Абзалидин

+

\-

+

+

+

\-

6

4

2

27

Маматкасимов Сарвар Маматсадыкович

+

+

+

+

+

\-

6

5

1

28

Хурулбаев Мансуржон Мухтарович

\-

+

+

+

+

\-

6

4

2

29

Дадажанов Исакжан Исраилович

+

+

+

+

\-

\-

6

4

2

30

Талипов Абытжан

+

+

+

+

+

\-

6

5

1

31

Джакыпов Алмаз Назармаматович

\-

+

+

+

+

\-

6

4

2

Жыйынтыгы:

26

23

29

23

24

16

2018-жылда туруктуу комиссиялар тарабынан 21 отурум өткөрүлүп, анын ичинен:

- «Бюджет, салык жана экономика саясаты боюнча» туруктуу комиссиясы 3 жолу отурум өткөрдү. Ал отурумдарда Өзгөн шаар мэриясынын 2017-жылдын 19-декабрындагы бюджеттин 2018-жылга долбоорун бекитүү жөнүндөгү №969 каты, Өзгөн шаар мэриясынын 2018-жылдын 12-январындагы бюджеттин 2017-жылда аткарылышын бекитип берүү жөнүндөгү №10 каты, Өзгөн шаар мэриясынын 2018-жылдын 4-октябрындагы бюджеттин 2018-жылдын 6 айында ашыкча аткарылышынын эсебинен кошумча аткарылуучу иштердин титулдук тизмесиндеги иштерге каражат бөлүп берүүгө макулдук берүү жөнүндөгү №894 каты, Өзгөн шаардык кеңешинин 2018-жылдын 5-июлундагы жетектөөчү адис Д.Турдахуновго эмгек стажына үстөк кошууга бюджеттин 2018-жылдын 6 айында ашыкча аткарылышынын эсебинен кошумча каражат бөлүүгө макулдук берүү жөнүндөгү №73 каты, Өзгөн шаар мэриясынын 2018-жылдын 19-июлундагы бюджеттин 2018-жылдын 6 айында ашыкча аткарылышынын эсебинен БӨДТДКга кошумча каражат бөлүүгө макулдук берүү жөнүндөгү №652 каты, Өзгөн шаар мэриясынын 2018-жылдын 8-октябрындагы бюджеттин 2018-жылдын 6 айында аткарылышы боюнча маалыматы, Өзгөн шаар мэриясынын 2018-жылдын 28-августундагы Өзгөн шаарынын 2019-жылга карата бюджетинин долбоорун бекитүү жөнүндөгү №768 каты, Өзгөн шаар мэриясынын 2018-жылдын 9-октябрындагы таштанды чыгаруу тарифин көтөрүп берүү жөнүндөгү №923 каты каралды.

- «Муниципалдык менчик, жер маселелери, курулуш жана архитектура, акы төлөп кызмат көрсөтүү сферасы боюнча» туруктуу комиссиясы 7 жолу отурум өткөрдү. Ал отурумдарда Өзгөн шаар мэриясынын 2018-жылдын 19-февралындагы 2018-жылда аткарылуучу иштердин титулдук тизмесин бекитип берүү жөнүндөгү №113 каты, Өзгөн шаар мэриясынын 2018-жылдын 23-апрелиндеги Манас көчөсүндө жайгашкан тубдиспансердин жер тилкесинин корутундусу жөнүндөгү №341 каты, Өзгөн шаар мэриясынын 2018-жылдын 25-апрелиндеги суу төлөмдөрүнүн тарифин көтөрүү боюнча өткөрүлгөн жыйындардын протоколдору жөнүндөгү №360 каты, Өзгөн шаардык кеңешинин депутаты А. Шарабидиновдун Мажрум-Тал кварталдык комитетиндеги З. Космодемянская, Ленинград көчөлөрүн асфальттоо боюнча 2018-жылдын 16-апрелиндеги арызы, Өзгөн шаар мэриясынын 2018-жылдын 25-апрелиндеги суу төлөмдөрүнүн тарифин көтөрүү боюнча өткөрүлгөн жыйындардын протоколдору жөнүндөгү №360 каты, Өзгөн шаар мэриясынын 2018-жылдын 27-июнундагы Өзгөн шаарынын 2018-2022-жылдар мезгилине карата аймактык өнүгүү саясатынын концепциясын бекитип берүү жөнүндөгү №588 каты, Өзгөн шаар мэриясынын 2018-жылдын 17-июлундагы таза сууга болгон төлөмдөрдү көтөрүп берүүгө макулдук берүү жөнүндөгү №643/1 жана Өзгөн Таза-Суу муниципалдык ишканасынын 2018-жылдын 3-апрелиндеги таза сууга болгон төлөмдөрдү көтөрүп берүү жөнүндөгү №04-60 каттары, Өзгөн шаар мэриясынын 2018-жылдын 17-июлундагы насыяларды алууда шаардык мэриянын кепилдик берүүсүнө макулдук берүү жөнүндөгү №643 каты, Өзгөн шаар мэриясынын 2018-жылдын 23-апрелиндеги Манас көчөсүндө жайгашкан тубдиспансердин жер тилкесинин корутундусу жөнүндөгү №341 каты, Өзгөн шаар мэриясынын 2018-жылдын 7-майындагы Өзгөн шаарынын балансында турган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы пайдаланып жаткан (Манас көчөсү №93) имаратты аларга оперативдүү башкарууга берүү жөнүндөгү №394 каты, Өзгөн шаар мэриясынын 2018-жылдын 5-майындагы Өзгөн шаарынын аймагында жайгашкан “Өзгөн-2”, “Өзгөн-3” байланыш бөлүмдөрүнүн имараттарын “Кыргыз почтасы” мамлекеттик ишканасынын балансына өткөрүп берүү жөнүндөгү №494 каты, Өзгөн шаар мэриясынын 2018-жылдын 15-майындагы “Доң-Булак” айыл өкмөтүнүн аймагындагы “Бахмал-2”, “Дөң-Булак-1”, “Пайзабад” жана “Төөлөс” айылдарында Өзгөн шаарынын элине суу берүүчү скважиналар жайгашкан жерлерди айыл өкмөтүнө өткөрүп берүү маселесине шаардык мэриянын позициясын эсепке алуу жөнүндөгү №422 каты, Өзгөн шаар мэриясынын 2018-жылдын 26-июнундагы “Жаныбек казынын айкелин орнотууга” көмөк көрсөтүү жөнүндөгү №581 каты, Өзгөн шаар мэриясынын 2018-жылдын 26-июнундагы шаардын МТС аймагында жайгашкан мусулмандардын, прославтардын кабырстандарынын кире бериш жерине жарнамалык көрсөткүч калканын орнотуп берүүгө макулдук берүү жөнүндөгү №579 каты, Өзгөн шаар мэриясынын 2018-жылдын 4-октябрындагы бюджеттин 2018-жылдын 6 айында ашыкча аткарылышынын эсебинен кошумча аткарылуучу иштердин титулдук тизмесин бекитип берүү жөнүндөгү №894 каты, Өзгөн шаар мэриясынын 2018-жылдын 25-июлундагы Жаңы-Өзгөн кварталындагы жеке менчик үйдү балдар бакчасына өткөрүү үчүн ПСД даярдоого каражат бөлүп берүүгө макулдук берүү жөнүндөгү №673 каты, Өзгөн шаар мэриясынын 2018-жылдын 9-октябрындагы таштанды чыгаруу тарифин көтөрүп берүү жөнүндөгү №923 каты жана башка маселелер каралды.

- «Социалдык маселелер, гендер, билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият, жаштар саясаты жана спорт боюнча» туруктуу комиссиясы 1 жолу отурум өткөрдү. Ал отурумда туруктуу комиссиянын 2018-жылга карата иш-планы бекитилди.

- «Өнөр жай, транспорт, ишкердүүлүк, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү, байланыш жана энергетика боюнча» туруктуу комиссиясы 1 жолу. Ал отурумда туруктуу комиссиянын 2018-жылга карата иш-планы бекитилди.

- «Мыйзамдуулук, регламент, депутаттык мандат, депутаттык этика, укуктук маселелер, мамлекеттик мекемелер жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча» туруктуу комиссиясы 5 жолу отурум өткөрдү. Ал отурумдарда Өзгөн шаар мэриясынын 2018-жылдын 31-январындагы “Өзгөн шаарынын Ардактуу атуулу” наамына Асанов Курсан Сатаровичтин талапкерлигин сунуштоо жөнүндөгү №54 каты, Өзгөн аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине талапкерлерди көрсөтүү, Өзгөн шаардык мэриясынын 2018-жылдын 15-майындагы Дөн-Булак айыл өкмөтүнүн аймагындагы скважиналардын мамлекеттик актыларын айыл өкмөткө берүү жөнүндөгү №422 каты, Өзгөн шаардык кеңешинин Регламентине толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө, “Өзгөн шаарынын Ардактуу атуулу” жөнүндө Жобого өзгөртүү киргизүү, Өзгөн шаар мэриясынын 2018-жылдын 11-октябрындагы, 2018-жылдын 30-октябрындагы “Өзгөн шаарынын Ардактуу атуулу” наамына сунушталган Салиев Бахтияр Усманович, Станбаев Өзгөнбай Тиллабаевич, Бекташев Төрө Бекташевичтин талапкерлигин кароо жөнүндөгү №932, №933 жана №1002 сунуш каттары, Өзгөн шаар мэриясынын 2018-жылдын 4-сентябрындагы Аксакалдар сотунун курамын бекитип берүү жөнүндөгү №784 каты, Өзгөн шаар мэриясынын 2018-жылдын 22-сентябрындагы шаардын аймагындагы көчөлөрдүн аталыштарын өзгөртүүгө, алмаштырууга мораторий киргизилгендигин маалымдаган №850 каты, Депутаттардын сессияларга, туруктуу комиссиялардын отурумдарында катышуусу боюнча маалымат, Депутаттардын этика кодекси, Аксакалдар сотунун Регламенти, Бузуулар жөнүндө кодекс, Өзгөн шаар мэриясынын 2018-жылдын 10-декабрындагы Бузуулар боюнча комиссия курамын бекитип берүү жөнүндөгү №1149 каты, МММБ департаментинин Жобосу жөнүндөгү маселелер каралып сессиянын күн тартибине сунушталды.

«Бюджет, салык жана экономика саясаты боюнча» жана «Муниципалдык менчик, жер маселелери, курулуш жана архитектура, акы төлөп кызмат көрсөтүү сферасы боюнча» туруктуу комиссиялары 5 жолу биргелешкен отурум өткөрдү. Ал отурумдарда Өзгөн шаар мэриясынын 2018-жылдын 7-февралындагы шаардагы “Төрт-Көчө” жана “Таштак” муниципалдык аймактык башкаруу аймактарында БУУӨП тарабынан аткарылуучу 4 долбоорду ишке ашыруу максатында жергиликтүү бюджет эсебинен акча каражат бөлүү жөнүндөгү №88 өтүнүч каты, Өзгөн шаар мэриясынын 2018-жылдын 14-февралындагы Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруулардын союзуна мүчөлүк акы төлөөгө макулдук берүү жөнүндөгү №107 каты, Өзгөн шаар мэриясынын 2018-жылдын 22-февралындагы шаардын аймагындагы жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржыланып жаткан мекеме-уюмдардын штаттык бирдигин бекитип, Өзгөн шаардык кеңешинин 2018-жылдын 20-январындагы №9/2 токтомуна толуктоо киргизип берүү жөнүндөгү №123 каты, Өзгөн шаар мэриясынын 2018-жылдын 28-февралындагы Өзгөн шаарынын 2018-2022-жылдарда социалдык-экономикалык өнүктүрүүгө багытталган стратегиялык программасын бекитип берүү жөнүндөгү №144 каты, Өзгөн Таза Суу муниципалдык ишканасынын суунун тарифин көтөрүү боюнча 2018-жылдын 20-февралындагы №02-37 каты, МММБ департаментинин 2018-жылдын 28-февралындагы муниципалдык жер аянттарынын ижара акыларын бекитип берүү жөнүндөгү №139 каты, Өзгөн шаар мэриясынын 2018-жылдын 19-февралындагы 2018-жылда аткарылуучу иштердин титулдук тизмесин бекитип берүү жөнүндөгү №113 каты, Өзгөн шаар мэриясынын 2018-жылдын 4-октябрындагы бюджеттин 2018-жылдын 6 айында ашыкча аткарылышынын эсебинен кошумча аткарылуучу иштердин титулдук тизмесин бекитип берүү жөнүндөгү №894 каты, Өзгөн шаар мэриясынын 2018-жылдын 25-июлундагы Жаңы-Өзгөн кварталындагы жеке менчик үйдү балдар бакчасына өткөрүү үчүн ПСД даярдоого каражат бөлүп берүүгө макулдук берүү жөнүндөгү №673 каты, Өзгөн шаардык кеңешинин 2018-жылдын 5-июлундагы жетектөөчү адис Д.Турдахуновго эмгек стажына үстөк кошууга бюджеттин 2018-жылдын 6 айында ашыкча аткарылышынын эсебинен кошумча каражат бөлүүгө макулдук берүү жөнүндөгү №73 каты, Өзгөн шаар мэриясынын 2018-жылдын 19-июлундагы бюджеттин 2018-жылдын 6 айында ашыкча аткарылышынын эсебинен БӨДТДКга кошумча каражат бөлүүгө макулдук берүү жөнүндөгү №652 каты, Өзгөн шаар мэриясынын 2018-жылдын 9-октябрындагы бюджеттин 2018-жылдын 6 айында аткарылышы боюнча №916 каты, Өзгөн шаар мэриясынын 2018-жылдын 28-августундагы Өзгөн шаарынын 2019-жылга карата бюджетинин долбоорун бекитүү жөнүндөгү №768 каты, Өзгөн шаар мэриясынын 2018-жылдын 9-октябрындагы таштанды чыгаруу тарифин көтөрүп берүү жөнүндөгү №923 каты каралды. «Муниципалдык менчик, жер маселелери, курулуш жана архитектура, акы төлөп кызмат көрсөтүү сферасы боюнча» жана «Мыйзамдуулук, регламент, депутаттык мандат, депутаттык этика, укуктук маселелер, мамлекеттик мекемелер жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча» туруктуу комиссиялары 2 жолу биргелешкен отурум өткөрдү. Ал отурумдарда Өзгөн Тазалык муниципалдык ишканасынын 2017-жылдын 21-ноябрындагы муниципалдык базардагы ишкана пайдаланып жаткан жерден ишкананын ишмердүүлүгүн толук жана жетиштүү даражада жүргүзүү үчүн пайдалануу жөнүндөгү №80 кайрылуу каты, Өзгөн шаардык мэриясынын 2018-жылдын 23-мартындагы Өзгөн шаарынын муниципалдык менчигиндеги “Кургак учук диспансеринин” имаратын Өзгөн үй-бүлөөлүк дарыгерлер борборуна оперативдүү башкаруу укугу менен пайдаланууга берүүгө макулдук берүү жөнүндөгү №220 каты, Өзгөн шаардык мэриясынын 2018-жылдын 26-мартындагы Өзгөн шаарындагы көчөлөрдүн бирине Өзгөндүк окумуштуу Мирзо Абдуррахим Тасбехчи Бобо жана Ибрагим Хамрабаевдин аттарын ыйгарып берүү жөнүндөгү №227 каты, Өзгөн шаардык мэриясынын 2018-жылдын 6-апрелиндеги Н.Азнабакиев атындагы балдардын эс алуу багын чарбалык башкарууга (хозрасчетко) өткөрүп берүүгө макулдук берүү жөнүндөгү №299 каты, Өзгөн шаар мэриясынын 2018-жылдын 10-апрелиндеги Өзгөн шаардык мэриясынын муниципалдык менчигиндеги Өзгөн шаарынын Манас көчөсүндөгү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматынын Өзгөн жана Кара Кулжа райондору боюнча бөлүмү убактылуу ээлеп турган имаратты жана Кургак учук диспансерин имаратын оперативдүү башкарууга берүү жөнүндөгү №301 каты каралды. Өзгөн шаардык кеңешинин (VI чакырылышынын) 2018-жылга карата бекитилген иш-планында каралган маселелерден Н.Азнабакиев атындагы балдардын эс алуу багынын шаар тургундарына эс алууга шарт түзүүдө жүргүзүп жаткан иштери жана борбордук стадиондун ар түрдүү спорттук мелдештерди өткөрүүгө түзүлгөн шарты, «Өзгөн Таза Суу» муниципалдык ишканасынын шаардын калкын таза суу менен камсыз кылууда жүргүзүп жаткан иштери, Өзгөн шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын шаардын архитектуралык көрүнүшүн жакшыртууда жүргүзүп жаткан иштери “Муниципалдык менчик, жер маселелери, курулуш жана архитектура, акы төлөп кызмат көрсөтүү сферасы боюнча” туруктуу комиссиясы тарабынан, Өзгөн райондук паспорт виза бөлүмүнүн шаардын калкын тейлеп, кызмат көрсөтүүдө жүргүзүп жаткан иштери «Мыйзамдуулук, регламент, депутаттык мандат, депутаттык этика, укуктук маселелер, мамлекеттик мекемелер жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча» туруктуу комиссия, РЭТ ишканасынын шаардын калкын тейлөөдө жүргүзүп жаткан иштери «Өнөр-жай, транспорт, ишкердүүлүк, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү, байланыш жана энергетика боюнча» туруктуу комиссиясы тарабынан каралган, бирок материалдар толук даярдалып сессиянын күн тартибине киргизилген эмес. Андан сырткары туруктуу комиссиялардын 2018-жылга карата иш-планында каралган маселелер да туруктуу комиссиялардын отурумдарында каралган эмес.

Өзгөн шаардык кеңешинин (VI чакырылышынын) 5 туруктуу комиссия мүчөлөрүнүн 2018-жылда болгон отурумдарга катышуусу боюнча МААЛЫМАТ

№

Ф.А.Ж.

Отурумдардын номери

Биргелешкен отурумдар

Жалпы отурумдардын саны

Анын ичинен

Эскертме

1

2

3

4

5

6

1

2

3

4

5

катышкан

катышпаган

1.

«Бюджет, салык жана экономика саясаты боюнча» туруктуу комиссиясы

1

Мамазайитов Арапжан Жомолдинович

+

\-

+

+

+

5

4

1

2

Мамадалиев Ильхамжан Умаржанович

+

+

+

+

\-

5

4

1

3

Каримов Отабек Токтасинович

+

\-

\-

+

\-

5

2

3

4

Турсунбаев Санжарбек Авазханович

+

+

+

+

+

5

5

1

5

Шарабидинов Абзалидин

+

+

+

+

\-

5

4

1

6

Мирзажанов Бахтиержон Камилжонович

+

+

\-

+

+

5

4

1

7

Артиков Абдулвахид Нуманжанович

+

+

+

+

+

5

5

\-

2.

«Муниципалдык менчик, жер маселелери, курулуш жана архитектура, акы төлөп кызмат көрсөтүү сферасы боюнча» туруктуу комиссия

1

Купахунов Розувай Сулайманович

+

+

+

+

+

\-

+

+

+

+

+

11

10

1

2

Шамиева Бурал Насировна

+

+

+

\-

\-

+

+

\-

+

+

+

11

8

3

3

Джакыпов Алмаз Назармаматович

+

+

+

+

+

+

+

+

+

+

+

11

11

\-

4

Рызакулов Марифжан Панайдинович

+

+

\-

+

+

+

+

+

\-

+

+

11

9

2

5

Тажибаев Иброхимжон Юлдашбаевич

+

+

+

\-

+

+

+

\-

\-

+

\-

11

7

4

3.

«Өнөр жай, транспорт, ишкердүүлүк, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү, байланыш жана энергетика боюнча» туруктуу комиссия

1

Ахмедов Хосилжан Садыкович

+

1

1

\-

2

Имьяминов Йулчибой Таджимахатович

+

1

1

\-

3

Матишов Туратбек Чолпонбаевич

+

1

1

\-

4

Талипов Абытжан

+

1

1

\-

5

Рахманбердиев Мадаминжон Маматкаримович

+

1

1

\-

4.

«Социалдык маселелер, гендер, билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият, жаштар саясаты жана спорт боюнча» туруктуу комиссия

1

Азимжанов Бахтиержон Ганижанович

+

1

1

\-

2

Абдукаимов Анварбек Абдукаимович

+

1

1

\-

3

Маматкасимов Сарвар Маматсадыкович

+

1

1

\-

4

Абдурахманов Махмуджан Машрапжанович

\-

1

1

\-

5

Кахаров Алишер Абдулхалилович

+

1

1

\-

6

Абдурахманов Хатамжан Номанджанович

\-

\-

\-

\-

5.

«Мыйзамдуулук, регламент, депутаттык мандат, депутаттык этика, укуктук маселелер, мамлекеттик мекемелер жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча» туруктуу комиссия

1

Моминов Кобылжан Таджимаматович

+

+

+

\-

+

+

+

7

6

1

2

Дадажанов Исакжан Исраилович

\-

+

+

+

+

\-

+

7

5

3

3

Гуронов Мирбек Мамасалиевич

+

+

\-

\-

\-

\-

\-

7

2

5

4

Хурулбаев Мансуржон Мухтарович

+

+

+

+

+

+

+

7

7

\-

5

Мирюсупов Миролим Мирсабирович

+

\-

\-

+

+

+

+

7

5

2

Өзгөн шаардык кеңешинин токтому менен бекитилген Өзгөн шаарынын 2018-2022-жылдарга карата социалдык-экономикалык жактан өнүгүү программасынын стратегиялык планына жана Өзгөн шаарынын 2018-жылга карата социалдык-экономикалык жактан өнүгүү программасына ылайык шаардын инфраструктурасын жакшыртуу, шаардын калктуу конуштарында элдин турмуш дээңгелин оңдоо максатында 2018-жылда шаарыбызда аткарылган иштер боюнча кыскача маалымат берип кетсем. Шаардагы Маллабеков көчөсүнө асфальт төшөлүп, Борбор жана Жаныбек-Казы кварталдарында асфальттоо иштери башталды. Жалпысы 2734 метрге төшөлөт, суммасы 10530910 сом. Шагыл төшөөгө 1000000 сом бөлүнүп. 5030 метрге жерге төшөлөт. Жолдорду ондоп түзөө (ямочный ремонт) иштери Маллабеков жана Амир-Темур көчөсүнөн Манас көчөсүнө чейин 516 кв метр (суммасы 490200 сом), Мукуми, Гагарин, Ленин, Фархад көчөлөрүнө 319 кв метр (суммасы 318500 сом) аянтта жүргүзүлүп, иш толугу менен аткарылган. Райондук мамлекеттик администрациянын жана мэриянын айланасын 209 метр жерин тосмолоого 545 000 сом каржыланып, иш толугу менен аткарылган. Шаардын жаны конуштарына 200 000 сомго таза суу түтүктөрү орнотулган. Шаардын ирригация тармактарын оңдоо үчүн 350 000 сом каралып, азбест трубалар орнотулган. Шаардын ирригация тармагын оңдоого 18 тонна цемент, 2076 куб шагыл 1000000 сомго сатылып алынган. Манас көчөсүнө 150 даана кобра 448 500 сомго сатып алынып түнкү жарыткыч орнотулган. Жаны-Өзгөн кварталы жана Алишер-Навои көчөсүнө түнкү жарыткыч орнотуу улантылып жатат. Таштак, Мажурум-Тал, Мажурум-Тал-2 кварталдарынан Гагарин, Манас көчөлөрүнөн Өзгөн-Арык каналына чейин суу тармактарын оңдоого 3003104 сом каралып, азыркы учурда иш жүрүп жатат. Шаардын аймагын жашылдандыруу, көрктөндүрүү максатында 178 даана мажевенник, 359 даана сосна, 305 даана береза көчөттөрү сатып алынып шаардын кварталдарына, мекеме уюмдарына жана мектептердин аянтына эгилди. 3420 даана ар түрдүү гүл көчөттөрү жана 40кг газон уругу шаардын борбордук аянттарына эгилди. Көчөт, гүл көчөт жана газон уругун сатып алууга жалпысынан 358800 сом акча каражаты жумшалган. Алардын көгөрүп өсүшү үчүн тийиштүү шарттарды көрүү жагы кварталдык комитеттердин төрагаларына тапшырылган. Өзгөн шаарынын Мырза-Аке айыл өкмөтү менен чектеш жериндеги Өзгөн жазуусун оңдоп түзөө жана ал жерге 2 желек орнотууга 120000 сом каражат бөлүнүп, азыркы күндө иш толугу менен аткарылган. Өзгөн шаардык Маданият үйүнө 289800 сомго музыкалык аппараттар сатып алынган жана аларга пайдаланууга өткөрүп берилген. Шаар куруу жана архитектура башкармалыгы менен ар түрдүү багытта жасалган иш кагаздары үчүн 503725 сомдук келишим түзүлүп, иш аткарылып акча каражаты толугу менен каржыланган. Шаардык билим берүү бөлүмүнө электр товарларын, курулуш материалдарын сатып алууга жана котелдерду оңдоого 472928 сом каражат бөлүнүп, иш толугу менен аткарылган. А.Темур мектебинин ашканасын оңдоп-түзөөгө 395844 сом каржыланып, иш аткарылып бүткөн. “Бахмал-2” участкасында ачылып жаткан балдар бакчасын оңдоп түзөө үчүн 450000 сом каражат бөлүнүп, азыркы күндө иш аткарылып бүткөн. Ошол эле “Бахмал-2” участкасында ачылып жаткан балдар бакчасынын мебелдерин сатып алууга 242000 сом жана инвентарларын сатып алууга 294600 сом акча каражаты которулуп берилген. Шаардагы Алишер Навои атындагы №6 орто мектебинин чек арасында жайгашкан балдар бакчасын куруу үчүн жергиликтүү бюджеттен 21 599 392 сом акча каражаты бөлүнүп, иш толугу менен аяктаган жана акча каражаты которулуп берилген, ал бакчанын ашканасына керектелүүчү килем, жалюзи сатып алууга 642685 сом каражат бөлүнгөн. С.Шарипов атындагы мектептин кошумча бөлмөлөрүн куруу үчүн жергиликтүү бюджеттен 16 404 479 сом акча каражаты бөлүнгөн жана иш аяктап, акча каражаты которулуп берилген. Өзгөн шаарынын ирригациялык тармагын оңдоп-түздөө үчүн апора сатып алууга 689400 сом каралып, иш толугу менен аткарылган. 500000 сом которулуп берилген. Кошумча 103410 сомго келишим түзүлүп иш толугу менен аткарылган. Жалпысынан калган 292810 сом карыз 2019-жылда төлөнөт. Бирдиктүү терезе курууга тендер жарыяланып, 707204 сомго утушка ээ болгон иш аткаруучу ишти баштады. “Жаныбек-Казы”. “Төрт-Көчө”, “Улукбек” кварталдарында кошумча 92 даана түнкү жарыткычтарды орнотуу иштери азыркы күндө аткарылууда. “Таштак”, “Жаңы-хаят” кварталдарында 2 көпүрө курулуп бүткөн жана “Жаңы-Өзгөн” кварталында 2 көпүрө курулууда. Шаарга аялдама куруу боюнча тендер жарыяланып утуучу табылып, азыркы күндө 2 аялдама курулууда жана 3 аялдаманын тендери жарыяланды. Бюджеттин 6 айдын ичинде ашыкча аткарылышынын эсебинен “Ай-Шоола” балдар бакчасынын алдындагы аянтка брусчатка орнотулду. “Төрт-Көчө” кварталындагы балдар ойноочу жайды ремонт кылууга 33000 сом каражат бөлүнүп, иш аткарылып бүткөн. 2018-жылдын 15-декабрына чейин Өзгөн шаардык кеңешине шаардагы мекеме-уюмдардан 117 кат менен, шаардын жашоочуларынан 500 ашык оозеки кайрылуулар болду, кат ээлерине жана оозеки кайрылгандарга өз убагында жооптор берилди. 2018-жылда Өзгөн шаардык кеңешинен кеңештин токтомдорунун аткарылышы, депутаттык суроо-талап, туруктуу комиссияда, сессияларда кароо үчүн тиешелүү материалдарды сурап, шаардагы мекеме-уюмдарга 123 кат менен кайрылдык. Өзгөн шаардык кеңешинин токтомдорунун аткарылышы аппарат кызматкерлери тарабынан көзөмөлдөнүп турулду, токтомдордун аткарылышын көзөмөлдөө туруктуу комиссияларга милдеттендирилген, бирок токтомдордун аткарылышы алар тарабынан көзөмөлдөнбөй жатат (токтомдордун аткарылышы боюнча маалымат тиркелет).

2018-жылда шаардык кеңеш тарабынан төмөндөгү иш-чаралар өткөрүлдү: Нооруз Эл аралык майрамына карата мэриянын мызматкери шаардык кеңештин Ардак грамотасы менен сыйланды, 25-май акыркы коңгуроо күнүндө шаар мектептеринин алдыңкы мугалимдери жана окуучулары ардак грамоталар менен сыйланды, Кыргыз Республикасынын Медицина кызматкерлеринин кесиптик майрамына карата элдин ден-соолугун чындоого, Өзгөн шаарынын социалдык-экономикалык жактан өнүгүүсүнө кошкон салымы үчүн Өзгөн үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун кызматчылары шаардык кеңештин Ардак грамотасы менен сыйланды, Өзгөн шаарынын мугалимдеринин 2017-2018-окуу жылында жетишкен ийгиликтери үчүн жана август кеңешмесине карата Өзгөн шаарынын мектептерин мугалимдери шаардык кеңештин Ардак грамотасы менен сыйланды, 2017-жылдын жыйынтыгы менен Өзгөн шаардык кеңешинин туруктуу комиссиялары жана депутаттары шаардык кеңештин Ардак грамотасы менен сыйланды, Билим берүү кызматкерлеринин күнүнө карата Өзгөн шаарындагы орто мектептеринин мугалимдери жана Өзгөн медициналык коллежинин окутуучулары Ардак грамоталар менен сыйланды, 17-ноябрь студенттердин эл аралык күнүнө карата Ош технология университетинин Академик Б. Мурзубраимов атындагы Өзгөн технология жана билим берүү коллежинин студенттери шаардык кеңештин Ардак грамоталары менен сыйланды Кыргыз Республикасынын Билим берүү тармагында жаш муундарга татыктуу таалим-тарбия берүүдө жетишкен ийгиликтери үчүн 2018-жылдын жыйынтыгы менен Өзгөн шаардык билим берүү бөлүмүнүн кызматкерлери шаардык кеңештин Ардак грамоталары менен сыйланды, шаардык кеңештин депутаттары Кара-Көл шаарында 2018-жылдын 14-16-сентябрында Кыргыз Республикасынын шаардык кеңештеринин депутаттарынын арасында өткөрүлгөн кичи-футбол боюнча турнирге катышып келди, шаардык кеңештин төрагасы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасы жана Өкмөт мүчөлөрү менен жолугушууга 2018-жылдын 19-22-декабрында Бишкек шаарына барып катышып келди, 2018-жылдын 5-декабрында Ош шаарында “ДИА” коомдук фонду тарабынан “Гендердик көндүм, религия жана маданият: зомбулукка аңо жок” темасындагы конференциясына (алты) депутат катышып келди, 2018-жылдын 10-декабрында Эл аралык Республикалык Институту тарабынан “Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруудагы жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ролу” аттуу темадагы окуу семинар уюштурулду.

Төрага

А.Джалилов
